Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Жазуу түрүндөгү Медина мамлекетинин биринчи конституциясын түзгөн Медина документи аркылуу Пайгамбарыбыз (сав) ар кандай улут, дин жана уруулардан турган бир шаар калкына Арабистан жарым аралында мурда эч көрүлбөгөн бир демократиялык жана тынчтыкчыл түзүлүштү алып келген.

Ал конституция боюнча, Мединадагы бүт элдер тынчтыкта, чогуу жашашып, өздөрүнүн динине жана ишенимине жараша өмүр сүрүшөт, ошондой эле, өз уюмдары менен мыйзамдарын да иштетишип, аларды иштете турган күчтө да болушат. Ошол эле учурда, Мединадагы бүт элдер менен тынчтыкта жана биримдикте жашашат. Медина документи мындан болжол менен 1400 жыл мурда, 622-жылы, ишенимдери ар кандай болгон элдердин талаптарына жооп берүү үчүн, Аз. Мухаммеддин (сав) жол башчылыгы менен жазылган жана кагазга түшүрүлгөн бир укуктук келишим катары турмушка ашырылган. Натыйжада 120 жыл бою бири-бирине душман болуп келген дини жана расасы ар кандай болгон элдер ушул келишимде орун алышкан. Аз. Мухаммед (сав) бул келишим аркылуу ар мүмкүнчүлүктө бири-бирине кол салган, бир-бирин душман көргөн жана ынтымакташа албаган элдердин арасындагы уруштардын токтошу мүмкүн экенин, баарынын эч кыйынчылыксыз, чогуу жашай алаарын көрсөткөн.

Медина келишими боюнча, бүт адамдар эч кысымчылыксыз каалаган динди, ишенимди, саясий же философиялык тандоо жасоодо эркин болгон. Көз-карашы туура келген адамдар менен бир бирикме түзө алат. Өз укугун турмушка ашырууда эркин. Бирок кылмыш кылган адамды эч ким коргобойт. Келишимге кирген топтор бир-бирине жардам берип, бир-бирине колдоо көрсөтүшөт жана Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин (сав) коргоосу астында болушат. Тараптар арасындагы пикир келишпестиктерди Аллахтын Пайгамбарына алып барышат. Мушриктер дагы эң адилеттүү инсан катары дайыма Пайгамбарыбыздын (сав) өкүм чыгарышын тандашкан. Пайгамбар Мырзабыз (сав) даярдаткан бул келишим баскыч баскыч менен 622-жылдан 632-жылга чейин турмушка ашырылган. Бул документ менен тууганчылыкка таянган уруу-уруу болгон түзүлүштөрдөн ары өтүлүп, географиялык, маданий жана этникалык тамыры толугу менен башка башка болгон адамдар чогулуп, биримдик түзүшкөн. Медина документинде дин жана ишенимге абдан кеңири эркиндик берилген. Мындай эркиндикти көрсөткөн пункттардын бири төмөнкүдөй:

«Бани Авф иудейлери ыймандуулар менен бирге бир үммөт, иудейлердин дини өздөрүнө, мусулмандардын дини да өздөрүнө.» (Muhammed Hamidulllah, İslam Müesseselerine Giriş, Düşünce Yayınları,İstanbul, 1981, s.128)

Медина документи 47 пункттан турат. 1-23-пункттар мусулмандар, 24-47-пункттар болсо Мединада отурукташкан иудей (еврей) уруулары жөнүндө болгон. Саны жагынан аз болсо да, христиандар жөнүндө да айтылышы ар кандай диндегилердин катышуусу жагынан маанилүү болгон.

Профессор Леонард Свидлердин (Leonard Swidler) «Көп пикирдүүлүк перспективасында Медина документин кайра карап чыгуу» аттуу отчетунда бул келишим жөнүндө төмөнкүдөй маанилүү пикирлер айтылган: «Биздин оюбузча, Документ Аз. Пайгамбардын шаарды бириктирүү жана элге ачык жарыя кылынган укуктун негизинде чогултуу аракеттерин көрсөтүшү жагынан маанилүү бир документ. Бул укук боюнча ар бир адам бирдей укуктарга, дин тандоо эркиндигине жана мусулмандар менен бирге согушка катышып-катышпоо эркиндигине ээ болгон. Бирок кандай жагдайда болсо да шаардын душмандары менен келишим түзүүлөрүнө тыюу салынган, бул дагы Медина топторунун бир-бирине жакындыгын куруу аракетин көрсөтөт. Бул саясий жана диний текст теңдик жана эркиндик баалуулуктарынын тегерегинде жаңы бир коомду түзүү максатын көздөгөн. Документте да басым жасалгандай, укуктун бүт адамдардан жогору турушу диалог жана чогуу жашоо шартын түзүү максатына жетүү үчүн ташталган негизги кадам эле. Документтеги пункттар жалпысынан Мединадагы ар бир адамдын шаарды коргоодогу бирдей жоопкерчилигин да белгилеген. Мындан тышкары, адеп-ахлактык мүнөзүн көрсөткөн пункттардагы параллелдүү сөздөрдүн көп экенин да көрүүгө болот. Аягында, шаардагы ар кайсы топтордун аттарынын пункттарда бир-бирден аталганын ойлогонубузда, Документтин жана натыйжада Аз. Пайгамбардын шаардын бүт топторун легалдуу коомдор катары кабыл алганын жана аларды эске алганын көрө алабыз.»6 Бул конституцияда иудейлер жөнүндө өтө көп пункт болгону менен, бул конституциянын ал жерде жашаган путпараст топторду да камтыганын эске сала кетүү керек. Меккедеги мушриктердин Аз. Мухаммед (сав) менен мусулмандарга болгон душмандыгын апачык көрсөткөнүнө, аларды мекендеринен чыгарганына карабастан, Аз. Пайгамбардын (сав) Мединадагы путпарасттарга өтө боорукер, тынчтыкчыл жана ынтымактуу мамиле кылганы көрүнүп турат. Медина документинин тексти мусулмандардын мушриктердин акыларын жана укуктарын коргогонун көрсөтөт, жана, ошондой эле, алардан Мединаны коргоодо мусулмандар менен бирге болушун талап кылган. Мушриктерге жасалган мындай мамиле эч таң калыштуу эмес; себеби Куран боюнча, мусулмандар келишим түзгөн мушриктерди өз жанын аябастан коргоого милдеттүү (бул темага алдыда тереңирээк токтолобуз).

Жыйынтыктасак, бул документтин биримдиктин жана ынтымактын, боорукердиктин жана сүйүүнүн, достуктун жана тынчтыктын данектерин өз ичинде камтыган өтө маанилүү бир тарыхый документ катары кабыл алынганы чындык, жана тар мааниде караганда мусулмандар менен иудейлер арасында, жалпылай караганда болсо бүт мусулман эместер менен диалог түзүүдө өрнөк болуп саналат. Пайгамбарыбыздын (сав) ошол кездеги мындай сүйүү жана ынтымак түшүнүгү Курандын негизинде болгон, бирок бүгүн мындай түшүнүктөгү мусулман элди жолуктуруу кыйын. Бул – тарыхтын эң демократиялык конституциясынын Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жазылып турмушка ашырылганын жана азыркы элдердин Курандан да, Пайгамбарыбыздын (сав) жолунан да алыстаганын көрсөткөн ачык жана маанилүү бир далил.

Ошондуктан китептин алдыдагы бөлүмдөрүн ушул маалыматтардын негизинде баалоо керек. Мушриктерди да коргогула деп буйруган, Ахли Китаптын (иудей жана христиандардын) болсо мусулмандар үчүн өзгөчө бир орду бар экенин белгилеген Курани Каримдин насааттары жана Курандын негизинде тынчтык менен демократияны көздөгөн Аз. Мухаммеддин (сав) кылган иш-аракеттери азыркы ойдон чыгарылган нерселерге ишенген мусулмандардыкынан такыр башкача. Азыркы туура эмес ишенимдеги мусулмандар Курандан согушка далил табууга аракет кылып жатканы менен, Куран дайыма тынчтыкка чакырат. Ошондуктан бул жөнүндөгү согуш аяттары чечмеленип жатканда, бул маанилүү чындыкты сөзсүз эсте тутуу керек.