Караңгы коркунуч: фанатизм: Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
Көп каргыш айтып, күйөөлөрүңөргө карата шүгүрсүздүк (жакшылыкты билбестик) кыласыңар. Акылы ордундагы бир эркектин акылын силердей адаштыра алган акылы жана дини кем башка бир жандык көргөн жокмун. (Müslim, İman, 34/132; İbni Mace, Fiten 19/4003)
Аллах: «...Мен аны кемчиликсиз жана акылдуу кылып жараткан элем. Эми акылы төмөн кылып койом; ал жийиркенип жана каалабай боюнда көтөрө турган баласын кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет» деди. (et-Taberi Tefsir I 235 v.d.; Vffl143-44; Tarih 1/1 146-148; es-Salebi Arais&.21; İbnu’1-Esir el-KâmilI 34; tbn Kuteybe Te’vîlü Muhteüfi’l-Hadiss. 139)
Курандын эч бир аятында аялдар акылы жагынан эркектерден төмөн деп айтылган эмес. Тескерисинче, көп аяттарда «ыймандуу аялдар жана ыймандуу эркектер» деп кайрылуу аркылуу Аллах Кабатында экөөнүн жоопкерчилигинин бирдей экени, б.а. акылы менен абийиринин окшош экени айтылган. Ал тургай, Саба ханышасы мисалындагы сыяктуу, аял тескерисинче маанилүү жагдайлар жөнүндө чечим чыгарган бир мамлекет башчысы да болушу мүмкүн. Мындан тышкары, бир адамды анын дене түзүлүшү эмес, Аллахтан болгон коркуусу, Аллахка болгон сүйүүсү, ыйманынын тереңдиги жана абийири акылман кылат. Аллах, аял же эркек болсун, ар бир адамдын абийирине (жүрөгүнө) туураны сөзсүз илхам кылат. Ошондуктан адамдын акылман жана динчил болушу анын аял же эркек болушунан эмес, абийирине вахий кылынганды угушунан жана «Эй ыймандуулар, Аллахтан коркуп-тартынсаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана түшүнүк (фуркан) берет...» (Энфал Сүрөсү, 29) аятында айтылгандай, Аллахтан коркушунан көз-каранды. Акылмандык үчүн Курандагы жалгыз критерий ушул. Ошондуктан бир адам эркек болгону үчүн эле өйдө болуп, же болбосо, аял болгону үчүн эле ыйманы же акылы жагынан кем болуп калбайт. Бирок, биз көп жолу эске салгандай, фанаттардын дини Курандан толугу менен башка, жана жалган жалааларга толо. Мындай жалган хадистер аркылуу Аллахка карата жалган жалааларды айтышы фанаттардын канчалык чектен чыкканын да көрсөтөт. Курандын эч бир жеринде «Эми акылы төмөн кылып койом; ал жийиркенип жана каалабай боюнда көтөрө турган баласын кыйынчылык менен дүйнөгө алып келет» деп, албетте, айтылган эмес. Андай болсо, Аллахтын «сөзү» деп айтылган бул сүйлөм каерде орун алган? Аллахтан келген деген бул «вахий» Куранда жок болсо, анда каерде? Фанаттык диндин эң чоң фитналарынын бири Аллахтын атынан калп айтышы болгону үчүн гана ушундай үрөй учурарлык жалааларды жабышууда.
Аялдын кош бойлуулугу Куранда ыйык деп саналган жана ошондуктан Куранда эне да ыйык деп саналат. Улуу Раббибиздин бул жөнүндөгү аяты төмөнкүдөй:
Биз адамга эне жана атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Энеси аны абдан кыйынчылык менен (курсагында) көтөрүп жүргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде (болот). «Мага да, эне жана атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.» (Локман Сүрөсү, 14) Биз адамга ата-энеңе жакшы мамиле кыл деп насаат кылдык. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрдү жана аны кыйынчылык менен төрөдү. Анын (кош бойлуу кезде) көтөрүп жүрүлүшү менен сүттөн чыгышы отуз ай. Анан күчтүү (жетилген) убакка жетип кырк жыл (жаш)ка жеткенде: «Раббим, мага, эне жана атама берген немат-жакшылыктарга шүгүр кылышымды жана Сен ыраазы боло турган чын ыкластуу бир ишти кылышымды мага илхам кыл; мен үчүн салих (ыкластуу) урпактар бер. Чындап мен тообо кылып Сага бурулдум жана чындап мен Мусулмандарданмын» деди. (Ахкаф Сүрөсү, 15)
Аз. Мариям (ас) Аллахтын каалоосу менен кош бойлуу болуп, кош бойлуулугу бою бүт кыйынчылыктарга сабыр кылган, жана ал сабыры жана Аллахка болгон туруктуулугу себептүү бүт ааламдардын аялдарынан жогору тутулган:
Периштелер: «Мариям, күмөнсүз, Аллах сени тандады, сени тазалады жана ааламдардын аялдарынан жогору кылды.» деген эле.
Мариям уулу Масих болгону бир элчи (пайгамбар). Андан мурда да элчилер жашап өтүшкөн. Анын энеси туптуура (аял)...
Фанаттар аялдар жөнүндөгү «акылы төмөн», «жийиркенип жана каалабай боюнда көтөрө турган» деген сыяктуу негизсиз жалаалары аркылуу өздөрүнүн үрөй учурарлык түшүнүгүн көрсөтүү менен бирге, Аз. Мариямга (ас), сахабаларга жана жогору сыпаттары менен макталган бүт башка ыймандуу аялдарга да акарат кылышууда.
Кош бойлуулуктун кыйынчылык менен өтүшү жана баланын кыйынчылыктар ичинде төрөлүшү бул дүйнө жашоосунун кыйынчылыктарынын бири, жана сабырдуулукту, күчтү жана эркти талап кылат. Мындай чоң кыйынчылыкка сабыр кылган бир эненин Аллах Кабатында өтө барктуу болоорун көрсөтүүдө. Ошондуктан Аллахка тобокел кылып (таянып), Аллахка болгон сүйүүсүнөн улам бүт кыйынчылыктарга сабыр кылган эне кадыр-барктуу болот. Энени кадырлап-сыйлоо Курандагы адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири. Көрүнүп тургандай, Куранда аялдын эркекке караганда артыкчылыктары да бар, ошондуктан «акылы жана ыйманы кем» деген салыштыруу фанаттардын дининдеги бир жалган жалаа. Аллах эркек менен аялга бирдей жоопкерчилик жүктөгөн. Көп аяттарда «ыймандуу эркек жана ыймандуу аялдарга» чогуу кайрылуу жасалышынын бир себеби ушунда. Ал аяттардын бири төмөнкүдөй:
Эч күмөнсүз, мусулман эркектер жана мусулман аялдар, ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар, чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген эркектер жана чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, урмат менен (Аллахтан) корккон эркектер жана урмат менен (Аллахтан) корккон аялдар, садака берген эркектер жана садака берген аялдар, орозо кармаган эркектер жана орозо кармаган аялдар, намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар, Аллахты көп зикир кылган (эстеген) эркектер жана (Аллахты көп) зикир кылган аялдар; (мына) ушулар үчүн Аллах бир кечирим жана улуу бир сыйлык даярдаган. (Ахзаб Сүрөсү, 35)
Аяттан да көрүнүп тургандай, Аллахтан коркуу, Аллахты зикир кылуу (эстөө), Аллахка туруктуу болуу, сабырдуу болуу, садака берүү сыяктуу мусулмандардын негизги сыпаттарынын эч бирөөсүндө аял-эркек деп бөлүү жасалган эмес. Куранда аялдарда ыймандууларга тиешелүү сыпаттардын кандайдыр бирөөсү азыраак болот деген сыяктуу бир кыйытуу да жок. Бир адам, аял болсун, эркек болсун, болгон күчү менен Аллахтан коркууга, Аллахты өтө катуу сүйүүгө жана Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүнө жетүүгө милдеттүү.