Караңгы коркунуч: фанатизм: Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык

Мусулман, албетте, өзүн каранып жашайт, таза болот, сулуу болот. Себеби сулуулук, өзүн карануу, искусстводон ырахат алуу Аллах жактырган сыпаттардан жана жогорудагы аятта айтылгандай, өзгөчө ыймандууларга берилген бир сый-жакшылык. Куранда мусулман аялдардын макияж жасашына жана өзүн каранышына тыюу салган бир өкүм жок. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар көчөгө дайыма супсулуу болуп, жасанып чыгышкан. Ошол кезде да аялдар макияж жасашкан, ал тургай, Пайгамбарыбыз (сав) баш болуп ал доордун эркектери да көздөрүнө сурма коюшкан. Бир куттуу хадисте мындай деп айтылат: Айша (ра) риваят кылат: Расулуллах орозо кармаган абалында сурма сүрттү. (İbni Mace, Sıyam, 17) Ал доордо мусулман аялдар эндик (румяна), сурма, ооз бойок колдонушуп, колдорун жана тырмактарын кына менен бойошкон. Пайгамбарыбыз (сав) башкаларды чачтарын бойогонго үндөп, ал тургай, өзү да бойогон. Көп хадис китептеринен орун алган бир риваят боюнча, Үммү Хабибанын атасы Абу Суфйан өлгөндө үч күн аза күткөн соң, беттерине «халюк» (шафран жана башка заттардын аралашмасынан алынган, кызгылт-сары өңдүү зат) сүрткөнү айтылган. (Belazuri, 1987:184-185) («халюк» кызгыл-сары өңүнөн улам эндик (румяна) кызматын аткарат.)
Бул жөнүндөгү башка кээ бир хадистер болсо төмөнкүдөй:
Таберанинин бир риваятында: «Чачтардын түсүн өзгөртүп чоочундардын (эажим) кылганынын тескерисин кылгыла» деп буйрулган. (2111)
Аз. Абу Хурайра (радыйаллаху анх) айтат: «Расулуллах (алейхиссалату вассалам) мындай деди: «Еврейлер менен христиандар (чачтарын) бойошпойт. Силер алардын тескерисин кылгыла.» [Buhârî, Libâs 67, Enbiya 50; Müslim, Libâs 80, (2103); Ebû Dâvud, Tereccül 18, (4203); Nesâî, Zînet 14, (8, 137); Tirmizî, Libâs 20, (1752).] Бухари жана Муслимде Аз. Анастан келген бир риваятта мындай деп айтылат: «Аз. Абу Бакир жана Аз. Умар (ра) (чачтарын) кына жана «кетем» менен бойошкон.»
Сухайбуъи-Хайр радыйаллаху анх айтат: «Расулуллах алейхиссалату вассалам мындай деди: «(Агарган чач жана сакалдарыңарды бойоодо) колдоно турган эң мыкты бойок, албетте, мобул кара болот. (Себеби кара бойок себептүү) аялдарыңар силерди көбүрөөк барктайт, душмандарыңар да силерден көбүрөөк тартынып калат.» (Ebu Davud, Libas 18, (4064), Tereccül 19, (4210); Nesai, Zinet 17, (8,140). Buhari, Libas 66, Menakıb 23; Müslim, Fedail 100-105, (2341); Ebu Davud, Tereccül 18, (4209); Nesai, Zinet 17, (8,140, 141))
Пайгамбарыбыздын (сав) эң көп сары чачты жактырганы да хадистерде айтылган:
Ибну Аббас (радыйаллаху анхүма) айтат: «(Чачтарын) кына менен бойогон бир киши келди. Аз. Пайгамбар (алейхиссалату вассалам): «Бул кандай кооз!» деп мактады. (Бир аздан соң) кына жана «кетем» менен бойогон бирөө келди. «Бул жанагыдан да кооз!» деди. Анан (чачтарын) сарыга бойогон дагы бирөө келди эле: «Бул тигилерден да кооз!» деди. [Ebü Dâvud, Tereccül 19, (4211); İbnu Mâce, Libâs 34, (3627).] Ахмед ибну Ханбалдын бир риваятында ансардан улгайып, сакалдарын ак баскан бир карыялар тобуна жолукканда: «Эй ансарлар (чачтарыңарды) кызылга бойогула, сарыга бойогула!» деп кеңеш берген.

(Сахаба жана табииндердин) көпчүлүгү сарыга бойоону туура көрүшкөн. Аз. Али, Ибну Умар, Абу Хурайра ж.б. да алардын арасында. Кээ бирлери кына жана «кетем» менен, кээ бирлери шафран менен, кээ бирлери кара бойок менен бойошкон. Караны тандагандардын арасында Аз. Усман, Аз. Хасан, Аз. Хусайин (б.а. Аз. Алинин эки баласы), Укбе Ибну Амир, Ибну Сирин, Абу Бурда жана башкалар айтылат.»
Аз. Ибну Умардан (радыйаллаху анх) бир риваят боюнча, сакалын «суфра» деген сары бойок менен бойоп, мындай дечү: «Мен Расулуллахты (алейхиссалату вассалам) көрдүм, сакалын ушуну менен бойогон эле, эң жакшы көргөн бойогу да ушул эле. Муну менен кээде кийимин да бойочу.» [Ebû Dâvud, Libâs 18, (4064), Tereccül 19, (4210); Nesâî, Zînet 17, (8, 140)] Абу Катаде (ра)дан «Ал Пайгамбарга (сав): «Далыма чейин жеткен (коюу) чачым бар, тарасам болобу?» деди, «Ооба, аны жакшы кара!» Абу Катаде Пайгамбардын (сав) бул «Ооба, аны жакшы кара» деген сөзүнөн улам көбүнчө чачтарын күнүнө эки жолу майлачу. (Büyük Hadis Külliyatı, Cem’ul Feaid er-Rudani, 2. Baskı, İst, 2009)
Абу Зардан (ра): Аллах Расулу (сав) мындай деди: Ак чачтарды бойочу эң жакшы нерсе – кына менен «кетем».
Пайгамбарыбыздын (сав) доорунда аялдардын лактын ордуна колдору менен тырмактарын кына менен бойогону жана Пайгамбарыбыздын (сав) да аялдарды буга үндөгөнү көп риваяттарда айтылат:
Колунда Расулуллахка кат алып келген бир аял парданын артынан ишарат кылды (колун созду), Расулуллах колун кармап (катты албастан кайра тартып алып): «Бул эркектин колубу, же аялдын колубу билбейм?» деди. Аял: «Аялдын колу» деди. Расулуллах (сав): «Эгер сен аял болгонуңда тырмактарыңдын (өңүн) кына менен өзгөртмөксүң» деди. (Ebu Davud, 1992)
Айша (р.а)дан риваят кылынганы боюнча: Хинд Бинти Утбе: «Эй Расулуллах, менин биатымды (моюн сунуумду) кабыл кыл» деди. Расулуллах (сав); «Колдоруңдун (өңүн) өзгөрткөнгө чейин сенин биатыңды кабыл кылбайм...» деди. (Ebu Davud, 4165)