Караңгы коркунуч: фанатизм: Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
Аңчылык, кой жана чабан иттерден башка иттерди өлтүргүлө. (4949-Buhârî-Müslim-Muvatta-Tirmizî-Nesâî) «Бүт кара иттерди өлтүргүлө. Себеби алар шайтан» (Hanbeli 4/85, 5/54)
Эшек шайтан көргөнү үчүн аңгырайт деп айтылат. (Müslim)
Чычкандын негизи еврей экени, ошондуктан төөнүн сүтүн ичпеши дагы бир хадис. (Müslim Zühd) Карганын бузуку (фасык) экени да хадис. (Buhari 59/16; Hanbeli, Müsned 2/52)
Көгүчкөн шайтан. (5331-Ebu Davud-İbnu Mace)
Кескелдирик фасык (күнөөкөр). (Müslim 2239/145, İbni Mace 3230, Ebu Davud 5262)
Кескелдирикти бир урушта өлтүргөн адам үчүн жетимиш сооп бар. (Ebu Davud 5264, Müslim 2240/147) «Зынаа (ойноштук) кылган» маймылдардын ташбараң кылып өлтүрүлүшү... (Buhari 63/27) – (зынаа кылган бир маймылдын кармалып ташбараң кылып өлтүрүлгөнү жана сахабалардан бирөөнүн маймылды реджм кылуу окуясына катышканы дагы бир жалган хадис.)
«Шайтан көргөн эшек, еврей чычкан, бузуку карга, шайтан көгүчкөн, зынаа кылган маймыл, өлтүрүү керек болгон байкуш кара иттер жана кескелдириктер»...
Булар фанаттык түшүнүктүн Курандан канчалык алыс жана коркунучтуу бир жашоого чакырганын таамай көрсөтөт. Бул кызыктай түшүнүк аңчылык жана чабан иттеринен башка иттердин баарын өлтүргүлө деп буйруган бир динге тиешелүү. Бул дин дүйнөнүн эң сүйкүмдүү жандыктарынын бири болгон, Аллах ар түркүн кылып жана укмуш коргоо сезими менен жараткан үй иттеринин, кооздук иттеринин, сакчы иттердин баарын өлтүрүүгө буйруйт. Ал эми Куранда болсо «Жети асман, жер жана алардын арасындагылар Аны тасбих кылат; Аны мактоо менен тасбих кылбаган эч нерсе жок, бирок силер алардын тасбихтерин түшүнө албайсыңар. Күмөнсүз, Ал жумшак, кечиримдүү.» (Исра Сүрөсү, 44) аятында айтылгандай, биз түшүнө албаган бир жол менен Аллахты тасбих кылган, Аллах сүйкүмдүү кылып бейиш үчүн атайын жараткан бул жандыктар кантип бузуку же шайтан болушу мүмкүн? Бир чычкан кантип еврей болушу мүмкүн жана еврей болуу кантип бир кылмыш болушу мүмкүн?
Бир маймыл кантип зынаа (ойноштук) кылышы мүмкүн? Бир маймылды ойноштук менен айыптагыдай, анын эмне адеп-ахлактык баалуулуктары, үй-бүлөсү, аларды түшүнө турган бир аң-сезими жана андан келип чыккан бир жоопкерчилиги барбы? Бул өтө караңгы бир түшүнүк. Анткен менен, фанаттар ушундай бир калпка сахабаларды да кошуу аркылуу өздөрүнчө жалаа жабууга аракет кылышууда.
Албетте, булардын баары ойдон чыгарылган, жалган хадистер жана мындай заалым өкүмдөрдүн Куранда болушу мүмкүн эмес. Куранда Аллах мактап баян кылган Кехф жана Раким элинин жанында иттеринин бар экени айтылат:
Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан... (Кехф Сүрөсү, 18) (Кийин келген урпактар) Айтышат: «Үчөө эле, алардын төртүнчүсү иттери.» Жана: «Бешөө болчу, алардын алтынчысы иттери» дешет. (Бул) Белгисизге (кайыпка) таш атуу. «Жетөө, алардын сегизинчиси иттери» дешет. Айткын: «Раббим алардын санын жакшыраак билет, аларды аз гана (адамдан) башка эч ким биле албайт.»... (Кехф Сүрөсү, 22)
Аяттардан да апачык көрүнүп тургандай, мусулмандардын жанында коргоочу жана дос катары ит болушу мүмкүн. Иттерден башка Куранда айтылган башка жаныбарлар да бар.
- Куранга таянсак, жаныбарларды жакшы көрүп, боорукердик кылуу керек:
Ал (Сулайман) болсо мындай деген эле:
«Чындап мен мал-мүлк (же ат) сүйүүсүн Раббимди зикир кылуу үчүн тандадым.» Аягында ал аттар (чуркап, чаң) пардасынын артына жашынышты. «Аларды мага кайра алып келгиле» (деди). Анан (алардын) буттары менен моюндарын сылап баштады.
Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска:
«Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди. (Сулайман) Бул сөзүнөн улам жылмайып күлдү жана: «Раббим, мага, апа жана атама берген нематыңа (жакшылыгыңа) шүгүр кылууну жана (Сен) ыраазы боло турган, чын ыкластуу бир иш-аракет кылуумду илхам кыл жана мени мээримиң менен салих кулдарыңдын арасына кош» деди.
- Куранда жаныбарлар Аллахтын бир чыгармасы, ойлонуу керек болгон ыйман акыйкаты катары мисал берилет:
Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын?
Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт.
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да.
- Куранда жаныбарлардын акылдуу экенине көңүл бурулат:
Анан Аллах ага жерди казып бир тууганынын денесин кантип көмөөрүн көрсөткөн бир карга жөнөттү. «Шорум курусун» деди. «Ушул каргадай болуп бир тууганымдын денесин көмүүгө да жараган жокмунбу?» Эми ал бушайман болгон эле.
- Аллах Куранда жаныбарлардын вахий менен иш-аракет кылаарын кабар берет:
Раббиң бал аарысына вахий кылды:
тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар.
- Куранда жаныбарларда жаратуу далилдери бар экени кабар берилет:
Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз.
- Жаныбарлардын бир кооздук катары ар түркүн кылып жаратылганы кабар берилет:
Адамдардан, жаныбарлардан жана майда мүйүздүү жандыктардан (кой-эчки сыяктуу) да ар кандай түстөгүлөрү бар. Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Күмөнсүз, Аллах – улук жана кудуреттүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 28) Колдорубуздун жасагандарынан алар үчүн канчалаган жаныбарларды жаратканыбызды көрбөй жатышабы? Ушундайча аларга кожоюн болушууда. (Йасин Сүрөсү, 71)
- Жаныбарлардын Аллахка сажда кылаары жана Аны тасбих кылаары кабар берилет:
Чындыгында, асмандардагы жана жердегилер, күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана адамдардан көпчүлүгүнүн Аллахка сажда кылып жатканын көргөн жоксуңбу. Көпчүлүгү азапка татыктуу болушту. Аллах кимди басмырласа, эми аны эч ким көтөрбөйт. Күмөнсүз, Аллах каалаганын кылат.
Асмандардагы жана жердегилердин жана тизилип учкан куштардын чындыгында Аллахты тасбих кылып жатканын көргөн жоксуңбу. Ар бири өзүнүн дубасын жана тасбихин, албетте, билет. Аллах алардын кылып жаткандарын билүүчү.
Көрүнүп тургандай, Куранда Аллах ар кандай жаныбарларды Аны тасбих кылган, акылдуу, кереметтүү бир жаратуу мисалдары катары мисал келтирип, пайгамбарлардын боорукер мамилесин кабар берген. Фанаттардын жаныбарларды жек көргөн туура эмес дин түшүнүгү Курандын эч бир жеринде жок.
Курандын турмушка ашыруучусу болгон Пайгамбарыбыздын (сав) жашоосунан да жаныбарларды баалап, аларды жакшы көрүүнүн мисалдарын көрөбүз. Пайгамбарыбыз (сав) фанаттык түшүнүктүн дооматтарына эч жол бербей тургандай жаныбарларды жакшы көрүп, боорукердик көрсөткөн. Мына Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларга болгон күчтүү боорукердигин көрсөткөн иштери: