Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Уурулукту токтотпогондорду өлтүргүлө. (1631-Ebû Dâvud-Nesâî (Абу Давуд-Насаи))

Уурулукту токтотпогондорду өлтүрүү – Куранда такыр болбогон жана, албетте, дагы бир жалган хадистен келип чыккан бир өкүм. Жана чоң бир кылмыш.

Куранда уурулук кылган адамдар жөнүндөгү өкүм төмөнкүдөй:

Ууру эркектин жана ууру аялдын (уурдап) тапканы үчүн Аллахтан «кайталанышынын алдын алуучу анык бир жаза» катары колдорун кескиле. Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман.

Маида Сүрөсү, 38

Бул аятта «кесүү» этиши үчүн колдонулган сөздүн арапчасы «иктауу». Бул сөз «катаа», б.а. кесүү этишинин көптүк түрү. Куранда «катаа» этишинин кандай кесүүнү сүрөттөгөнүн бул этиш колдонулган төмөндөгү аяттан түшүнө алабыз:

(Аял) Алардын кылгандарын укканда, аларга (бир чакыруучу) жөнөтүп, отуруп сүйөнө турган орундар даярдады жана ар биринин колуна (алдыларындагы мөмөлөрдү аарчуу үчүн) бычак берди. (Йусуфка болсо:) «Чык, аларга (көрүн)» деди. Ошентип алар аны (укмуш сулуулугун) көргөндө (адамзаттан жогорку бир заттай) өтө жогору көрүп, (таң калгандан) колдорун кесип алышты жана:

«Аллахты аруулайбыз, бул бир адам баласы эмес. Бул жогору бир периште» дешти.

Йусуф Сүрөсү, 31

Бул жерде колдоруна мөмөлөрдү аарчуу үчүн бычак берилген аялдардын таң калгандан колдорун кесип, үзүп салбаганы анык. Бул жерде колдон тайып кеткен бычактын терини кесип кеткени жөнүндө сөз болуп жатканы көрүнүп турат. Ошондуктан бул сөздүн маанисин эске алганыбызда, «кесүү» сөзүнүн «кесип, жулуп салуу» деген мааниде эмес, коркутуу максатында же ал адамдын уурулук кылганы белгилүү болсун үчүн жана кайра кайталанбашы үчүн териге сызык калтыруу маанисинде колдонулганын көрөбүз.

Уурулук өкүмү жөнүндө Куранды караганыбызда, бүт кылмыштардагы сыяктуу, мында да кечирүүнүн алдыңкы планга коюлганын көрөбүз. Куранда уурулук жөнүндөгү өкүм билдирилген Маида Сүрөсүнүн 38аятынан кийинки аятта бул ишти жасаган адамды кечирүү жөнүндө айтылган. Албетте, мында уурулук кылган адамдын тообо кылып, өзүн оңдошу шарт коюлат. Аятта бул апачык белгиленген:

Бирок, ким күнөө кылгандан кийин тообо кылып, кылган иштерин оңдосо, шек-күмөнсүз Аллах анын тообосун кабыл кылат. Аллах кечиримдүү, боорукер.

Маида Сүрөсү, 39

Бул жерде айта кетчү дагы бир жагдай; уурулук кылуу үчүн себеп болушу керек. Уурулук жөнүндөгү Курандагы бул өкүм ишке ашырыла турган элдер, албетте, Куран шарияты менен жашаган Ислам калктары болот. Куран шарияты менен жашаган бир мусулман элде болсо бир тарапта байлар, экинчи тарапта кедейлер болбойт. Себеби Куранды негиз туткан бир элде садака системасы эң мыкты турмушка ашырылат. Б.а. материалдык мүмкүнчүлүгү барлар мүмкүнчүлүгү жокторду дайыма коргошот жана мал-мүлкүнөн дайыма кедейлерге берүүгө милдеттүү. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүдөй:

Жүзүңөрдү чыгышка жана батышка бурушуңар жакшылык эмес. Жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга (эркиндиги үчүн) берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруганда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор – чынчылдар, жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор.

Бакара Сүрөсү, 177

Сенден эмнени садака кылууну сурашат. Айткын:

“Жакшылык катары ата-энеге, жакындарга, жетимдерге, жакырларга жана жолдо калгандарга садака кылгыла. Жакшылык катары кылгандарыңардын баарын, Аллах, албетте, билет.»

Бакара Сүрөсү, 215

Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип (мындай дешет):

«Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.»

Инсан Сүрөсү, 7-11

Тууганга акысын бер, жакырга жана жолдо калганга да. Ысырап кылып чачпа. (Исра Сүрөсү, 26) Эми мындай суроо берели: уурулук эмне үчүн жасалат?

Биринчи себеп – муктаждык. Бир адам оор абалда калып, карызы көбөйүп, жакырчылыкта кыйналганы үчүн жаңылып уурулукка барышы мүмкүн. Курандын коргоосу астындагы мындай элде оор абалда калган, карызга баткан, жакырчылыкта кыйналган бир адам болушу мүмкүн эмес. Жакырлар материалдык мүмкүнчүлүгү барлар тарабынан корголсо, оор абалдагы адамдардын карыздары жөнүндөгү өкүм болсо Куранда «...(Карызды) Садака кылып кечип жиберүү болсо силер үчүн жакшыраак; эгер билсеңер.» (Бакара Сүрөсү, 280) аяты аркылуу апачык билдирилген.

Уурулуктун ыктымалдуу экинчи себеби болсо психологиялык оорулар болушу мүмкүн. Бул ансыз да ал адамдын дарылануусун талап кылган өзгөчө жагдай жана ал адам кылмышкер эмес, оорулуу болуп саналат. Бул экөөнөн тышкары адамдарды уурулукка түртө турган иш жүзүндө бир себеп жок. Ошондуктан бул себептердин жоюлушу натыйжасында Ислам элдеринде уурулук сыяктуу бир кылмышка эң башынан бөгөт коюлат. Булардын баарын унуткан фанаттар Исламды өлүм жана зомбулук дининдей көрсөтүүгө аракет кылгандыктан, бул жерде да Куранга бүтүндөй карама-каршы бир өкүм чыгарышкан. Уурулук күнөө; бирок көбүнчө уурулук кылган адамдын муктаждык ичинде болгону же оорулуу болгону үчүн ушундайга бардыбы деген суроолор аларды кызыктырбайт. Чындыгында болсо, муктаж адам да, оорулуу да мусулмандардын жоопкерчилигине жүктөлгөн. Фанаттар бул жоопкерчиликти көрбөй, жогорудагы фанаттык өкүмдүн негизинде зөөкүрдүк менен кылмышка да барышууда. Бул жалган өкүмдү ойлоп чыгаргандар өздөрүнчө Куранды жактырбай, өздөрүнүн бузуку түшүнүшүгүнө туура көрбөй, Курандын адилеттүүлүк системасынын ордуна өздөрүнүн адилеттүүлүк системасын курууну каалашууда. Куранды караганда болсо мындай зөөкүрдүктү эмес, дайыма сүйүү менен кечиримдүүлүктү көрөбүз.