Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык
Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү

«Урейне жана Укейле урууларынан бир топ Мединага келип мусулман болушту. Мединанын абасынан сыркоолоп калганда, Пайгамбар аларга төөнүн сийдигин ичкиле деп кеңеш берди.» (Buhari Tıp5/1, Hanbel 3/107, 163)

«Силерден бирөөнүн ичип жатканынын (же тамагынын) ичине чымын түшүп кетсе, анда ал чымынды толук матырып, анан алсын (ыргытсын). Себеби чымындын эки канатынын бирөөсүндө оору, экинчисинде болсо шыпаа бар...» (Diyanet Yayınları, Cilt 9, s.70 ve d. Hadis no. 1365)) Ибну Аббас радыйАллаху анхума айтат: «Расулуллах алейхиссалату вассалам мындай деди: «Бирөөңөр тамак жегенде, жаламайынча же жалатмайынча колун (кол аарчыга) аарчыбасын.»» (Buhari, Et'ime 52; Müslim, Eşribe 129, (2031); Ebu Davud, Et'ime 52, (3847)).

Расулуллахтан (сав) майга түшүп кеткен чычкан жөнүндө сурашты. Алейхиссалату вассалам: «Аны жана айланасындагы бөлүктү алып салып, майыңарды жей бергиле!» деди. [Buhari, Vudu 67, Zebaih 34; Muvatta, İsti'zan 20, (2, 971, 972); Ebu Davud, Et'ime 48, (3841, 3843)] Бул жерде бир канчасы гана мисал келтирилген мындай жалган хадистер фанаттык түшүнүктүн адамдарды канчалык жийиркеничтүү жашоого чакыраарын көрсөткөн маанилүү далилдерден. Мындай ойдон чыгарылган хадистер аркылуу фанаттар Пайгамбарыбызга (сав) да жалган жалаа жапканга чейин барышат. Мындай жалган, бирок фанаттар тарабынан колдонулган хадистер, ошол эле учурда, алардын тазалык, адамдык түшүнүктөрүн да даана көрсөтүүдө.

Мындай жийиркеничтүү нерселерге Аллах эч качан уруксат берген эмес. Куран боюнча, мусулмандар таза болууга, үйлөрүн таза кармоого, таза кийинүүгө жана таза тамактарды жегенге милдеттүү. Куран боюнча, мусулмандар таза, ал эми мушриктер болсо ыпылас. Куран менен жашабаган, Аллах түшүргөндөн башка бир дин чыгарып алган жана ошондуктан ширк ичинде жүргөн фанаттар да, албетте, мушрик болуп эсептелет. Аллах мындай деп кабар берген:

Эй ыймандуулар, мушриктер бир ыпыластык гана...

Тообо Сүрөсү, 28

...Аллах акылы жетпегендерге жийиркеничтүү бир ыпыластык берет. (Йунус Сүрөсү, 100) Көрүнүп тургандай, Аллах аяттарда «акылы жетпеген» бир коом жөнүндө сөз кылууда. «Акылын колдоно албаган коом» Курандагы акыйкаттарга карабастан, жалган өкүмдөргө ишенген фанаттарды эң жакшы сыпаттайт. Колдорунда Куран турса да, башка бир дин чыгарган, жана эч далилсиз, жалган экенин билип туруп, акылдарын колдонбой ал жалгандарга моюн сунган коомдорго Аллах «жийиркеничтүү бир ыпыластык» берет. Бул чындап эле ушундай болуп, фанат коомдор акылсыз болгону үчүн жогорудагы жалган хадистерде айтылган жийиркеничтүү нерселерге ишенип, ыпылас өмүр сүрүшүүдө.

Албетте, араларында сабатсыздыктан, билбестиктен улам, каалабаса да, ушундай өмүр сүргөн адамдар да болот, жана алар көпчүлүктү түзүшөт. Аларды мындай акылсыз фанат коомдон бөлүп кароо керек. Алар туура жолду көрүшү үчүн бул китептеги терең маалыматтар, б.а. Курандан далилдер келтирилген бир таалим керек. Куранда Аллах мусулмандардан өтө тыкан жана кемчиликсиз бир тазалыкты талап кылат. Куранда мусулмандарды тазалыкка чакырган аяттардын бир канчасы төмөнкүдөй:

Кийимиңди тазала. Ыпыластыктан алыс бол.

Мүдессир Сүрөсү, 4-5

Эй адамдар, жер жүзүндөгү нерселерди адал жана таза абалда жегиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Чынында ал силер үчүн апачык бир душман.

Бакара Сүрөсү, 168

...Биринчи күнүнөн баштап такыбалык үстүнө курулган мечит сенин анда (намазга жана башка иштерге) турушуңа ылайыктуураак. Анда дене жана руханий жактан тазаланууну чын жүрөктөн каалаган адамдар бар. Аллах тазалангандарды сүйөт.

Тообо Сүрөсү, 108

Эй ыймандуулар, силерге ырыскы кылып бергендерибиздин тазаларынан жегиле жана бир гана Ага кулчулук кылсаңар, (бир гана) Аллахка шүгүр кылгыла.

Бакара Сүрөсү, 172

Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди жасагандарды астынан суулар агып турган, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар... (Ниса Сүрөсү, 57) Сенден аларга эмненин адал кылынганын сурашат. Айткын: «Бүт таза нерселер силерге адал кылынды...» (Маида Сүрөсү, 4)

Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды...

Маида Сүрөсү, 5

Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган?» Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз.

Аьраф Сүрөсү, 32

Ал адамдар сабатсыз (үмми) кабар алып келүүчү (неби) болгон элчиге (расул) баш ийишет (ээрчишет). Ал ушундай элчи:

аны өздөрүнүн Тоорот, Инжилдеринде (келээри) жазылуу экенин табышат. Ал аларды жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылат...

Аьраф Сүрөсү, 157

Биз Ибрахимге Үйдүн (Каабанын) ордун белгилеп даярдаганда (мындай деп буйруганбыз:)

«Мага эч нерсени шерик (ширк) кошпо, таваф жасагандар, кыямга тургандар, руку жана саждага баргандар үчүн Үйүмдү таптаза карма.»

Хаж Сүрөсү, 26

Мусулмандарга тазалык буйрук кылынган аяттар Куранда өтө көп. Бул жерде бир канчасын гана мисал келтирдик. Аьраф Сүрөсүнүн 32-аятында болсо өзгөчө көңүл бурулган бир жагдай бар: мусулмандарга зыйнаткооздуктарды арам кылгандар (тыюу салгандар) болгон сыяктуу, таза ырыскыларды да арам кылгандардын бар экени. Чындап эле тазалыкты мусулмандарга тыюу салгандардын да кайра эле фанаттык түшүнүктөгү адамдар экенин көрүүгө болот.

Куран боюнча, бир мусулман эң таза, эң өзүн каранган, эң таза жана эң заманбап кийинген, таза тамактарды жеген, жашаган жерин таза кармаган инсан болушу керек. Б.а. бүт тарабы таза болушу керек. Пайгамбарыбыз (сав) өтө таза болгон. Ушунчалык таза Пайгамбарыбызга (сав) жогорудагыдай жалган хадистер аркылуу жалаа жабууга аракет кылуу Аллах Кабатында, албетте, чоң бир кылмыш болот. Бирок фанаттар бул чындыкты билмексен болушат.

Жогорудагы хадистердин жалган экенин көрсөтүү үчүн Пайгамбарыбыздын (сав) чыныгы иш-аракеттерин карайлы. Пайгамбарыбыздын (сав) тазалыгы жана тазалыкка өтө маани бергени жөнүндөгү кээ бир сахих хадистер төмөнкүдөй. (Бул хадистер Куранга туура келгени үчүн сахих катары кабыл алынууда): «Мусулмандык таза, кирсиз. Силер да таза болгула, тазалангыла. Себеби бейишке тазалар кирет.» (G.Ahmed Ziyaüddin, Ramuz El Hadis, 1. Cilt, / Deylemi)

Ыймандуу ыпылас болбойт. (Buhari, Gusul/276)

Бүт нерсени жакшылап тазалагыла! Тазалык ыйманга, ыйман болсо бейишке алпарат. (Taberani) Тазалык ыймандын жарымы. (Müslim)

Аз. Селман (р.а.) айтат: «Тоороттон окудум; «Тамактын берекеси тамактан соң (кол менен оозду) жуушта» деп айтылыптыр. Аны Расулуллахка (сав) айттым эле: «Тамактын берекеси тамактан мурда жана кийин жуушта!» деди.» (Ebu Davud, Et'ime 12, (3761); Tirmizi, Et'ime 39, 1847) Сарымсак жеген жыты кетмейинче мечитибизге жакындабасын, адамга жакпаган нерселер периштелерге да жакпайт. (Taberani)

Кийимдериңерди жуугула, ашыкча түктөрүңөрдү тазалагыла, тиштериңерди тазалагыла, таза, тыкан кийингиле! Таза болгула! (İbni Asakir)

Сарымсак же пияз жеген киши бизден жана мечиттерибизден алыс болсун, үйүндө отурсун.» (Buharî, Edeb, 76)

Намаздын ачкычы тазалык. (Tirmizi)

Жакшы кийингиле; Аллахтын силерге берген жакшылыктары көрүнсүн! (Taberânî)

(Бахр-үр-раык) мындай дейт: Сулуу жүз түрү сууктукту кетирүү, сындуу болуу жана шүгүр кылуу үчүн жакшылыкты көрсөтүү дегенди билдирет. Аллах Таала сулуу болууну мактайт. Сулуу болуу үчүн таза, жарашыктуу кийинүү керек. (Oruç bahsi)

Аллах бир кулуна байлык бергенде, ал байлыктын ал кулдун үстүндө көрүлүшүн жакшы көрөт. [Taberânî] Абу Суфйан радыйАллаху анх айтат: «Мага Абу Аййуб аль-Ансари, Жабир Ибну Абдиллах, Анас Ибну Малик кабар беришти; Тообо сүрөсүнүн 108-аяты түшкөндө, анын мааниси мындай: «Ал жерде дене жана руханий ыпыластыктардан тазаланууну жакшы көргөндөр бар. Аллах көп тазалангандарды жакшы көрөт», Расулуллах: «Эй ансар жамааты! Аллах силерди тазалыкта мактады, (бул мактоого себеп болгон) тазалыгыңар кандай?» деп сурады. Алар болсо: «Биз намаз үчүн даарат алабыз, жунубдукта жуунабыз» дешти. Алейхиссалату вассалам: «Мына ушул үчүн макталдыңар! Мунуңарды уланткыла!» деди.» (Kütüb-i Sitte, 6066)

Аз. Энес (радыйаллаху анх) айтат: «Мага аял жана жагымдуу жыт сүйдүрүлдү, көзүмдүн нуру намазда кылынды.» (Nesâî, İşretu'n-Nisâ 1, (7, 61))