Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Музыка да, бий да Исламда адал кылынган бейиш жакшылыктарынан. Музыканы, ырларды, музыкалык аспаптарды, кооз кийимдерди, зыйнаттарды, бийди жана кооз нерселердин баарын Аллах жараткан. Аллах булардын баарын адамдарга сүйдүрүп, адам рухун бул кооздуктардан ырахат ала турган кылып жараткан. Тооротто Аз. Давуд (ас)дын лира, арфа, дап, шылдырак коштоосунда забур ырдап Аллахтын алдында бийлегени баяндалат. Ал тургай, Аз. Давуд (ас)дын бул бийине көз арткан адамдардын да болгону айтылат. Азыр да мусулман элдерде адалды арам кылууга аракет кылгандар болгон сыяктуу, ошол кезде да иудейлер арасында музыка менен бийге өздөрүнчө тыюу салганга аракет кылгандардын болгонун Тоороттон көрүүгө болот. Ал кишилер Аз. Давуддай (ас) бир пайгамбардын иш-аракеттерине да өздөрүнчө сын айтышкан. ...Ал ортодо Давуд менен бүт Израил эли да Теңирдин алдында лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп болгон күчү менен бул окуяны куттуктап жатышты... (Тоорот, 2-Шамуел, 6:5)

Буладан токулган эфод кийген Давуд Теңирдин алдында жан-дили менен бийлеп жатты. Давуд менен бүт Израил эли Теңирдин келишим сандыгын кубана кыйкырып, сурнай тартып көтөрүп келе жатышты. Теңирдин келишим сандыгы Давуддун шаарына киргенде, Шабулдун кызы Михал терезеден карап турган эле. Ал Теңирдин алдында БИЙЛЕП ЖАТКАН Давуд падышаны көрүп, аны кемсинтти. (Тоорот, 2-Шамуэл, 6:14-16)

• Шабулдун кызы Михал Аз. Давуддун жубайларынан болгон Давуд өз үй-бүлөсүнө бата берүү үчүн кайтып келгенде, Шабулдун кызы Михал алдынан чыгып: «Жел өпкө адамдай болуп, өз күңдөрүнүн, кулдарынын көз алдында жылаңачтанган Израил падышасынын бүгүн кадыры укмуш артты го!» – деди. Ошондо Давуд Михалга мындай деди: «Теңирим мени сенин атаңдан, анын бүт тукумунан артык көрүп, Теңирдин эли Израилге мени жол башчы кылып бекиткендиги үчүн Теңирдин алдында шаттанамын да бийлеймин. Мен мындан да төмөн болуп, өзүмдү санда жок киши кылам, бирок сен айткан күң аялдардын алдында даңкка бөлөнөм». (Тоорот, 2-Шамуэл, 6:20-22)

Алар Кудайдын келишим сандыгын жапжаңы арабага салып, Абынадаптын үйүнөн алып чыгышты. Уза менен Акия арабаны айдап бара жатышты. Давуд менен бүт Израил эли Кудай алдында болгон күчү менен ыр ырдап, лира тартып, арфа чертип, дап кагып, жез табак кагып, сурнай тартып куттуктап жатышты. (Тоорот, 1-жылнаама, 13:7-8)

Ошентип, бүт Израилдиктер Теңирдин келишим сандыгын мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосу менен, салтанат менен алып киришти. Теңирдин келишим сандыгы Давуддун шаарына киргенде, терезеден карап турган Шабулдун кызы Михал кубанычы койнуна батпай бийлеп келе жаткан Давуд падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти. (Тоорот, 1жылнаама, 15:28-29)

Көрүнүп тургандай, ошол доордо Аз. Давуддун (ас) өзүнүн жубайы да Аз. Давуддун (ас) адамдар арасында кубанып бийлешине каршы чыгып, аны өзүнчө кемсинткен. Ал эми Аллах болсо алардын минтип кубанып бийлегенин Тооротто мактоо менен баяндаган. Албетте, Аз. Давуд (ас) да Аллахтын музыка жана бий жөнүндөгү өкүмдөрүнүн негизинде эң туурасын кылган. Бирок сырттан карагандар, Аз. Давуддун (ас) пайгамбарлыгына ишене албагандар жана өздөрүнчө бир фанаттык динди чыгарууга аракет кылгандар аны сындашкан. Пайгамбарларга карата айтылган мындай сын-пикирлер учурда чыныгы Куран мусулмандарына да айтылууда. Курандагы диндин ордуна фанатизмди тандоо ансыз да тарых бою эң чоң балээлердин бири болгон. Аял, музыка жана бий мунун эң даана мисалдарынан.

Аз. Давуд (ас) сыяктуу, биздин Пайгамбарыбыз (сав) да Аллахтын бир сый-жакшылыгы болгон музыка жана бийди өтө жакшы көргөн. Пайгамбарыбыздын (сав) хадистеринде бийлеген сахабалардан сөз кылынат, ал тургай, Пайгамбарыбыздын (сав) бийлеп көңүл ачкандарды колдогон сөздөрү да бар. Куранга туура келгени үчүн төмөндө бир канчасы мисал келтирилген бул хадистердин сахих болуу ыктымалдыгы жогору: Амир б. Саъддан алынган: «Бир той себептүү Караза б. Каъб жана Абу Масуд аль-Ансаринин жанына бардым. Кичинекей бир кыз ырдап жаткан эле. Мен: «Силер Расулуллахтын (с.а.с.) достору жана Бедир асхабынан болуп туруп, силердин жаныңарда буларды (кантип) кылышууда?» дедим. Алар: «Кааласаң биз менен каласың, кааласаң кете бересиң. Бизге тойдо көңүл ачууга уруксат берилди.» дешти. (İbn Hacer, Metâlib, II, 54; Cüdey’, Ehâdîs-ü Zemmî’l-Gınâ, s., 50) Селеме б. Эквадан риваят кылынган: «Пайгамбар (сав) менен бирге Хайбарга жолго чыккан элек. Түнкүсүн баратканбыз. Кербенден бир киши Амир б. Эквага –Амир акындыгы менен белгилүү бир киши эле. «Бизге билгендериңден бир нерселерди ырдап бер, угалы.» деди. Амир төөсүнөн түшүп мындай деп ырдап баштады: «Эй Аллахым! Сен болбогондо биз хидаят таба алмак эмеспиз. / Садака берип, намаз кыла алмак эмеспиз. / Бүт нерсебиз сага курман болсун, бизди кечир.

/ Душманга жолуксак, буттарыбызды бекем кыл. / Ичибизге бейпилдик жана ишеним бер. / Биз чакырылганда барабыз. / Чакырылганда жардамга жетебиз.» Пайгамбар (сав) «Ким бул башчы?»

деди. «Амир б. Эква» дешти. Пайгамбар (сав) «Аллах аны коргосун.» деди. (Beyhakî, Şuab, 5112) Айша (ра) риваят кылат: Расулуллах САВ бир тойдо ансар аялдарына жолукту. Алар ырдап жатышкан эле... (İbni Mace, Nikah: 21, Buhari, Nikah: 48, Megazi:12)

...Муаввиз б. Афранын кызы эр-Рубей келин болгондо, тойго Пайгамбарыбыз (сав) да барып, анын жанына отурган эле. Ал ортодо кээ бир кыздар дап кагып Бедир күнү шейит болгондордун баянын ыр түрүндө ырдап башташкан эле... (Buhari, Nikah, 49/1, VII/25, Tirmizi, Nikah, III/399)

Ошондой эле, Аз. Айша (ра) бир аял менен ансардан бир кишини үйлөндүргөн эле. Пайгамбарыбыз (сав): Эй Айша, силердин жаныңарда дап каккан, ырдаган ырчыларыңар жокпу? Себеби ансар бийди жана көңүл ачканды жакшы көрөт.» деди. (Buhari, Nikah 64/1, VII/28)

Расулуллах (сав) Мединага бир жерге жолукканда дап кагып, ырдап жаткан жаш кыздардын мындай дегенин угат: «Биз Бани Нажжар кыздарыбыз, Мухаммед кандай сонун (сүйкүмдүү) кошуна». Анда Расулуллах (сав) «Аллах билет, албетте, мен да силерди жакшы көрөм» дейт. (İbni Mace, Nikah, 21/1899, I/612)