Караңгы коркунуч: фанатизм: Аял жана мурастагы укугу
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
Мурас укугунда аялга эркектин жарымынчалык үлүш берилишин да көбүнчө көп адамдар туура эмес чечмелешет. Курандын рухун, Исламдын негиздерин жана Раббибиздин аялдарга болгон боорукердигин, айоосун түшүнө албаган кээ бир кишилер мурастын бөлүштүрүлүшү жөнүндөгү аятты бүт Курандын негизинде карабай, өзүн жалгыз алып, өздөрүнүн түшүнүгүнө далил көрсөтүүгө аракет кылышат. Чындыгында болсо, мурас укугу да Куранда аялдын канчалык корголгондугунун бир көрсөткүчү.
Куранда аялдын мурастагы үлүшү жөнүндөгү аяттар төмөнкүчө:
Эне жана атанын жана туугандардын калтыргандарынан эркектер үчүн бир үлүш бар; эне жана атанын жана туугандын калтыргандарынан аялдар үчүн да бир үлүш бар. Анын азынан жана көбүнөн парз кылынган бир үлүш бар.
Балдарыңар жөнүндө Аллах эркекке эки аялдын үлүшүндөй кеңеш кылат. Эгер алар экиден көп аял болсо (өлгөндөн мураска) калгандын үчтөн экиси алардыкы болот. Аял (же кыз) бирөө болсо, анда жарымы аныкы болот. (Өлгөндүн) Бир баласы болсо, андан калгандын эне жана атанын ар бири үчүн алтыдан бир, баласы жок болуп, эне жана атасы ага мураскор болсо, анда энеси үчүн үчтөн бири берилет. Анын бир туугандары бар болсо, анда энеси үчүн алтыдан бири. (Бирок бул өкүмдөр өлгөндүн) Айткан осуяты же (бар болсо) карызы кемитилген соң. Аталарыңар, балдарыңар, силер алардын кайсынысынын пайдасы жагынан силерге жакыныраак экенин билбейсиңер. (Булар) Аллахтан бир парз. Эч күмөнсүз, Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса Сүрөсү, 11)
Исламда мурас биринчи аяттан көрүнүп тургандай, аялдын да, эркектин да акысы. Экинчи аятта болсо мурастын кандайча бөлүштүрүлөөрү кабар берилген жана анда мурас адамдардын муктаждык жана жоопкерчилигине карап бөлүштүрүлгөн.
Куранды жалпылай караганда, эне, жубай, кыз бала же кыз бир туугандын өзүн-өзү багууга милдеттүү эмес экенин; эркек бала, күйөө, ата же эркек бир туугандын жоопкерчилигине берилгенин көрөбүз. Бул ар бир аялга өмүр бою тиешелүү бир өкүм. Б.а. эркек бала, күйөө, ата же эркек бир тууган коргоосу астындагы аялды өмүрүнүн аягына чейин багууга милдеттүү.
Мисалы, үйлөнүп жатканда эркек аялга мехир (калың) берет. Мехир Куран боюнча аялдын үй-бүлөсүнө эмес, түздөн-түз аялга берилет. Үйлөнгөн соң болсо аялды жана балдарды багуу толугу менен эркектин мойнунда болот. Алдыда карала тургандай, ажырашканда да, багып, материалдык колдоону улантуу керек болот. Ошондуктан аялга жүктөлбөгөн чыгымдардын баары дайыма эркектин мойнунда.
Аялды материалдык жактан багуунун эркекке жүктөлгөнү аялды чектөө деген мааниге келбейт. Бул аял буга муктаж деген мааниге да келбейт. Мындай чара аялга берилген кадыр-барктын символу жана аял өмүр бою кыйналбашы үчүн алынган бир чара. Аял каалагандай жашаганга, иштеп же иштебегенге, акча таап же таппаганга, ишкер болгонго, ишкана же, ал тургай, мамлекет башкарганга эркин. Материалдык мааниде дайыма бир эркектин коргоосу астында болушу аялдын социалдык жашоосун чектөө, эркин жашашына бөгөт болуу же аны үйгө камоо деген мааниге келбейт. Бир эркектин коргоосу астында болушу ал эркек ал аялды башкарат деген мааниге да келбейт. Курандын эч бир жеринде эркек аялды башкарат деп айтылган эмес. Куранда өтө кылдат корголгон аял өмүр бою кыйналбашы үчүн эркекке материалдык жоопкерчилик жүктөлгөн.
Бирок Куран боюнча, аялдын эч кимдин алдында мындай жоопкерчилиги жок. Аял башкаларды багууга жана, ал тургай, өзүн багууга да милдеттүү эмес. Каалабаса иштебейт, бул аялдын мойнундагы бир милдет эмес. Мындан тышкары, аялдын өзүнүн мал-мүлкүн каалагандай колдонуу укугу бар. Аял бай болсо да, үйбүлөсүнүн чыгымдарына көмөк көрсөтүүгө мажбур эмес. Балдарын багууга да милдеттүү эмес. Аял эркектен байыраак болсо да, баары бир материалдык жоопкерчилик эркектин мойнунда болот.
Аял мурастан алган үлүшүн кааласа иштете алат, кааласа өзүнө корото алат, кааласа сактап койо алат. Ал эми эркек болсо мурас укугу боюнча алган үлүшүн аялды бакканга коротууга милдеттүү. Аялынын, балдарынын, эгер бар болсо кыз бир тууганынын да жакшы, кыйналбай жашашы анын жоопкерчилигинде болот. Кайра эске салалы: бул аял буга муктаж болгону үчүн эмес, аял өмүр бою кыйналбашы үчүн.
Куранда ачык айтылган чындыктардын негизинде караганыбызда апачык бир акыйкатты көрөбүз: эгер мурас укугунда аял менен эркекке бирдей үлүш берилгенде, үлүштөрү бирдей болгонуна карабастан, эркек үй-бүлөнү багып, аялдын болсо мындай жоопкерчилиги болбогону үчүн тең салмактуулук эркектин зыянына бузулмак. Аятта айтылган маанилүү бир жагдай – бул «(Бирок бул өкүмдөр өлгөндүн) Айткан осуяты же (бар болсо) карызы кемитилген соң.» деп айтылгандай осуяттын биринчи кезекке коюлаары. Эгер өлгөн киши мурас калтырса, биринчи кезекте осуятты караш керек. Ал мураста өлгөн киши бүт мал-мүлкүн аялга калтырып, үй-бүлөнүн эркектерине эч нерсе бербеген болушу да мүмкүн. Анда аяттын өкүмү боюнча осуят негиз алынат жана бүт мурас аялга калат.
Аллахтын эркектин мойнуна аялдын материалдык жоопкерчилигин жүктөшүнүн терең маанилери бар. Эгер Аллах каалаганда, эркекке мындай жоопкерчилик жүктөлмөк эмес жана аялдын эч материалдык кепилдиги болмок эмес жана, ал тургай, балдарын өзү багууга милдеттүү болушу мүмкүн эле. Бирок бул бир аял үчүн чоң бир жүк, психологиялык басым жана оор бир жоопкерчилик болмок. Материалдык мааниде мындай оор жүк Куранда эч качан аялга жүктөлгөн эмес.