Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Бүт далилдери менен көрүнүп тургандай, Куранда жоолукка далил катары көрсөтүүгө аракет кылынган Нур Сүрөсүнүн 31-аятында жоолук деген сөз такыр кездешпейт. Бирок бул жаңылыштык бир катар хадистердин Ислам адабиятына киргизилиши аркылуу жайылтылып, бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Фанаттар ойлоп чыгарган жасалма хадистер укмуш логикасыздыктарга толо. Эми булардан бир канча мисал келтирели: Аз. Айша (р.а): «Аллах биринчи мухажир аялдарды рахматына бөлөсүн, Улуу Аллах: «Ыймандуу аялдар жоолуктарын жакаларынын үстүнө салышсын» деген аятын түшүргөндө, алар этектеринен (юбкаларынан) кесип алып, аны менен баштарын жабышкан.» дейт. (Бухари, Тафсир, Тафсир-у Сүретиън-Нур, 13 (V, 13) Эбу Давуд, Либас, 33 (IV, 3577; Бейхаки, VII, 88)

Азрети Айша энебиз айтат: Биринчи мухажир аялдарды Аллах рахматына бөлөсүн! Башты жабуу аяты түшкөндө, ошол замат жибек этектерин (юбка) айрып, баштарын жабышты. [Бухари, Несаи] Сафиййе бинти Шейбе мындайча айтып берет: Биз Айша менен бирге элек. Курайш аялдарынан жана алардын жогорулугунан сөз кылып жатканбыз. Аз. Айша: «Албетте, Курайш аялдарынын бир катар артыкчылыктары бар. Бирок мен, Аллахка ант болсун, Аллахтын китебин көбүрөөк тастыктаган жана бул китепке күчтүүрөөк ишенген ансар аялдарынан жогорураагын көргөн жокмун. Нур Сүрөсүндөгү аялдар жоолуктарын жакаларынын үстүнө жабышсын аяты түшкөндө, алардын эркектери бул аяттарды окуп үйгө кайтышты. Ал эркектер жубайларына, кыздарына, кыз бир туугандарына жана туугандарына аларды окушту. Ал аялдардын баары этек (юбка)

кездемелеринен Аллахтын китебин тастыктап жана ага ыйман кылып жоолук даярдашты. Эртеси эрте менен Аз. Пайгамбардын артында баштарын жапкан абалда эрте мененки намазга турушту. Алардын баштарынын үстүндө каргалар тургандай эле.» (Бухари: Тафсиру Сура 24/12 – Эбу Давуд: Либас 29 – Ахмед б. Ханбел: VI 188) (Ибни Кесир, Хадистер менен Курани Карим тафсири, том: 11, 5880-бет)

Көрүнүп тургандай, бул хадистердин баарында Нур Сүрөсүнүн 31-аяты түшкөн соң мусулман аялдар ошол замат этектеринен (юбка) кесип алып, баштарын жабышкан деп айтылат. Эң чоң логикасыздык мына ушул жерде башталат. Эми бул хадистердеги логикасыздыктарды жана кантип Куранга карама-каршы келээрин бир-бирден карайлы: Аятта «...жамынчыларын жакаларынын үстүнө коюшсун...» деп жогоруда терең каралгандай, аялдардын көкүрөктөрүн жабышы айтылган. Бирок бул хадистерде бул аят түшүрүлгөн соң мусулман аялдардын ошол замат кийимдеринен кесип алып, көкүрөктөрүн эмес, баштарын жапканы айтылат. Анткен менен, аятта башты жабуу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бул хадистердин эч биринде мусулман аялдардын аяттын чыныгы өкүмүн кантип орундатканы, б.а. көкүрөктөрүн жапканы жөнүндө эч сөз болбойт.

Бул жерде айтылышы боюнча, аялдар өз этектеринен кесип алышып, аны менен аяттын өкүмү болгон көкүрөктөрүн жабуунун ордуна, жоолук кылып баштарына жабышкан. Жогоруда айтылган «жоолуктарын түшүрүшсүн» деген жаңылыш тафсирди туура көрсөтүү үчүн хадиске кошулган бул сүйлөм боюнча, башты да, көкүрөктү да жаба алгыдай болушу үчүн этектен кесилген бөлүк ушунчалык чоң болушу керек. Бул жерде, албетте, биринчи эле ойго кесилген этектин абалы келет. Баш менен көкүрөктөрдү жаба турганчалык чоң бөлүктүн этектен (юбкадан) кесилип алынышы этекти бир мини-этекке (мини-юбкага) айландырат жана натыйжада аялдын буттары ачылып калат. Бул жерде айтылышы боюнча, ал аялдын көкүрөгү менен буттары ачык калган, бирок башын жапкан болот. Бирок бул бөлүмдүн башынан бери далилдери менен айтылып келе жаткандай, Нур Сүрөсүнүн 31-аяты аялдардын бир гана көкүрөк тарабын жабышы үчүн түшүрүлгөн бир аят.

«Жоолуктарын түшүрүшсүн» дегенди жактаган бир катар тафсирчилердин өз ойлорун туура көрсөтүү үчүн «башта ага чейин бар болгон бир жоолук» деп чечмелешээрин айткан элек. Алар аятта «жоолук» деген сөз бар экенин далилдөө үчүн ушундай ойду айтышат жана аятта сөз болуп жаткан аялдардын ага чейин эле башында жоолук (жамынчы) бар болгон дешет. Бирок хадистерде болсо бул аят түшкөндө аялдардын өз этектерин (юбкаларын) кесип, башына жоолук кылганы айтылууда. Бул тафсирчилердин эң чоң таянычы болгон бул хадистер кантип алардын сөздөрүнө ушунча карама-каршы келүүдө?

Карама-каршы келет, себеби Куранда жок жасалма өкүмдөрдү чыгарууга аракет кылгандардын диндери ушунчалык логикасыздыкка толо болот. Ар кандай ойдон чыгарылган өкүм Куранга карама-каршы келгени үчүн ичинде укмуш карама-каршылыктар болот. Нур Сүрөсүнүн 31-аяты өтө түшүнүктүү жана апачык бир аят болгонуна карабастан, «жоолукту» бул аяттан чыгара алуу үчүн алдамчы чечмелөөлөрдүн жасалышы өтө маанилүү жагдай. Бул хадистердин негизинде жасалган чечмелөөлөр менен алардын жыйынтыктары болсо үрөй учурат:

Шафи жана Ханбали мазхабдарында аялдын бүт денеси дайыма жабык жүрүшү керек (жүзү менен колдору да кошо). Ханафи жана Малики мазхабдарында колдор менен бет, ал да фитна жок шарттарда гана ачык болушу мүмкүн (Сабуни, Тафсирул Айатил Ахкам 2/154,155). Ас Судди: «Аял көздөрүнүн бирин жана жүзүнүн ачык калган көз тарабын жабат. Бир көз гана ачык калат.» Абу Хаййан: «Андалусияда салт ушундай эле. Аялдын бир көзүнөн башка эч жери көрүнчү эмес» (Абу Хаййан, Аль Бахрул Мухит). Шафи имамдары аялдын алынган тырмактарына кароого да тыюу салышкан (Ибни Хажер Аль Хайтами, Исламда адал жана арамдар 2). Кеңири тараган көз-караштардын бири боюнча, Ислам аялга парз кылган жамынуу аялдын жүзүн да камтыйт (Фыкхус Сийре). Башка бир булакта аялдын эркекти кантип карашы керек экени мындайча айтылган: «Аялдын чоочун бир эркектин көкүрөгүнө, далысына, бутуна аны каалап кетүү коркунучу болбосо да карашы туура болбойт. Жүз болсо фитна жагынан буттан, чачтан жана буттардан алдыда турат. Бул тараптарга кароонун күнөө (арам) экенин баары айтышат, демек жүзүн кароого да эң башта тыюу салынышы керек» (Сабуни, Реваи 2/156). Мына ушундай үрөй учурарлык деңгээлге жеткен фанаттык түшүнүк аялды чүмкөп эле тим болбоодо. Кээ бирлери үчүн бул дагы жетишсиз, алардын ою боюнча бүт тарабын чүмкөгөн аял өзүн да үйгө камашы керек. Куранда аялга эркиндик берген, аялдын кимдердин жанында эркин боло алаарын, кимдердин жанында уяттуу жерлерин жабышы керек экенин баяндаган апачык бир аяттан мындай фанаттык, үрөй учурарлык чечмелөөлөрдү негизи чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок бул багыттагы хадистер аларга бул жолду ачып, аятка өз ойлорун кошо турганчалык алга кетишип, аялды башынан бутуна чейин жамынган, алынган тырмактары да күнөө болгон бир элеске айландырышкан. Фанаттык түшүнүктүн масштабын көрүү үчүн берилген бул мисал көп нерсени түшүндүрөт.

Бул жерде муну да эске салалы: хадис жыйнагында Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар менен эркектердин бир идиштен даарат алганы да айтылат (караңыз: Бухари, Вуду 43; Абу Давуд, Тахарет 39; Ибни Маджа, Тахарет 36; Насаи, Тахарет 56). Дааратта буттар, чыканакка чейин колдор, бет жана баш жуулат, демек бул хадистен аялдар менен эркектердин чогуу жана баштары ачык жүргөнү көрүнүп турат. Бирок фанаттардын бир өзгөчөлүгү, иштерине жарабаган хадистерди карашпайт.

Биз Куранды негиз тутабыз жана Курандагы баяндар апачык, аялдар менен эркектердин бир жерде баштары ачык жүрүшү Куранга туура келет.