Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык
Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери

Муслим мындай риваят кылган: «Абу Хурайранын жанында Аз. Пайгамбардын (сав) айтканын риваят кылган; «Мурда Аз. Мухаммед (сав) айтты, ахли китаптар Тооротту иврит тилинде окушчу, жана мусулмандар үчүн арап тилине которушчу.»» (Mişkatu’l Masabih, 1. Kitap, 6. Bölüm, s. 42)

«Аль-Хафыз эль-Зехеби жазат, еврейликтен Исламга кирген Абдуллах Ибн Салам Аз. Пайгамбарга (сав) келип, ага «(Кечээ түнү) Куранды жана Тооротту окудум» деди. Ал мындай деп жооп берди, «Муну бир түнү оку жана экинчисин болсо башка бир түнү оку».» (al-Thalabi, Al-İman al-Thalabi Tathkarar al-Huffadh, 1 Cilt, s. 27)

«Аз. Мухаммеддин (сав) жакын чөйрөсүнөн Абдуллах Ибни Амр көп Тоорот окучу экен. Бир түнү түшүндө бир колунда бал, экинчисинде болсо май кармап турганын, кээде бал кармаган колунан, кээде май кармаган колунан жеп жатканын көрөт. Абдуллах Ибни Амр түшүн Аз. Мухаммедге (сав) айтып берет. Аз. Мухаммед (сав) Абдуллахтын түшүн эки Китеп, б.а. кээде Тоорот, кээде Куран окушу менен жоруйт.» (Buhârî, Sahîh-i Buhârî, 6. cilt, 987. hadis, s. 439)

Абу Саид аль-Худриден: Пайгамбарыбызга (сав): «Эй Аллахтын Пайгамбары! Израил урпактарынан маалымат алып колдонсок болобу?» дедик. Мындай деди. «Ооба Израил урпактарынан да алсаңар болот, анын зыяны жок. Алардан бир нерсе алып башкаларга айтсаңар, билип койгула, алардын жанында андан да кызыктуу маалыматтар бар.» (Hanbel, Müsned, 111/12, hadis no:11034) Куран боюнча иудейлердин ыйык жерлерде жашоого акысы бар Көбүнчө бир катар мусулман элдер Куран аяттарын билбегендиктен жана Ислам жөнүндө өтө сабатсыз болгондуктан, иудейлерди Ыйык жерлерден сүрүп чыгабыз же ал жердеги Израил мамлекетин картадан өчүрөбүз деген сыяктуу опузаларды айтышат. Бирок ал кишилер бул иш-аракети менен Куранга каршы чыгып жатканын билишпейт.

Куран боюнча, Ыйык жерлерде жашоо – иудейлердин акысы. Бул жөнүндөгү Куран аяттары төмөнкүдөй: Муса коомуна (мындай) деген эле:

«Эй коомум, Аллахтын силерге болгон жакшылыгын эстегиле; араңардан пайгамбарлар чыгарды, силерден башчылар кылды жана ааламдардан эч кимге бербегенин силерге берди.» «Эй коомум, Аллах силер үчүн жазган (киргиле деп буйруган) ыйык жерге киргиле жана артка бурулуп кайтпагыла; антпесе жоготууга учурап кайтасыңар.»

Маида Сүрөсү, 20-21

Жана андан кийин Израил урпактарына:

«Ал жерде (мекенде) жашагыла, акырет убадасы келгенде баарыңарды жыйнап-чогултабыз» дедик.

Исра Сүрөсү, 104

Куран аяттарынан апачык көрүнүп тургандай, иудейлер Тоорот боюнча да, Куран боюнча да Ыйык жерлерде жашашы керек. Иудейлердин Ыйык жерлерде жашашы бир кооздук жана чыныгы мусулмандарды кубантуучу нерсе. Аллахтын 3000 жылдык убадасынын ишке ашканын көрүү, Аз. Ибрахимдин (ас), Аз. Мусанын (ас) кабар бергендеринин турмушка ашканына күбө болуу өтө маанилүү бир куш кабар. Аллах «иудейлер ал жерлерде болушат» деп миңдеген жыл алдын ала кабар берген жана биз бул кереметтин ушул күндө ишке ашканын көрүүдөбүз. Бул мусулмандарды толкундантып, кубандыра турган бир окуя.

Бул жерде өтө маанилүү бир жагдайды белгилөө керек. Аллах Куранда да, Тооротто да чыныгы ыймандууларга бир шарт койгон: «тынчтык». Ыйык жерлерде иудейлер болот, мусулмандар менен христиандар да болушат жана ал аймакта баары чогуу тынчтыкты жана сүйүүнү орнотушат. Бир туугандай жашашат. Ал аймактын жери бүт баарына ашыгы менен жетет. Эч ким эч жерден сүрүлбөйт, үйүн мекенин таштабайт, мындай көрүнүштөр болбойт. Аллах баарыбызга дайыма тынчтык каалайт.

Тынчтык орношу үчүн жер талашуулар бүтүп, душмандыктар жоюлуп, фанатизмдин туура эмес түшүнүгү жок кылынышы керек. Бул үчүн акыйкат диндерге, дин адеп-ахлагына, динчилдерге жана Куранга муктаждык бар. Жер талаштан же идеологиялык себептерден келип чыккан уруштар ар дайым күчөп, өтө кооптуу абалга жетет. Муну жоюу үчүн Курандагы чыныгы дин түшүнүгүн көрсөтүп, таалим берүү керек. Мындай таалим бүт туура эмес түшүнүктөрдү жок кылып, бүт душмандыктарды кетирет. Аң-сезими өзгөргөн бир адам душмандык же согуш үчүн эч кандай себеп таба албайт. Мунун бир гана жолу бар: таалим берип, окутуу.