Караңгы коркунуч: фанатизм: Куранда китеп берилгендердин баркталышы
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык

Мусулмандар ахли китапка үйлөнө алышат, алардын тамактары мусулмандарга, мусулмандардын тамагы аларга адал:
Бүгүн силерге таза нерселер адал кылынды. Китеп берилгендердин (иудей жана христиандардын) тамагы силерге адал, силердин тамагыңар да аларга адал. Ыймандуулардан эркин жана намысын сактаган аялдар менен силерден мурда китеп берилгендерден (иудей жана христиандардан) эркин жана намысын сактаган аялдар да, намыстуу, ойноштук кылбаган жана башкалар менен тымызын достошпогондору –аларга акыларын (мехирлерин) төлөгөнүңөрдө- силерге (адал кылынды). Ким ыйманды тааныбай, каапырдыкка (ыймансыздыкка) адашса, албетте, анын кылгандары текке кетет. Ал акыретте азапка туш болуучулардан болот. (Маида Сүрөсү, 5)
Бул аят маанилүү мисалдар менен ахли китаптын мусулмандардын алдындагы кадыр-баркын көрсөткөн бир аят. Бул аяттын өкүмү боюнча, бир мусулман эркекке ахли китаптан аялдарга үйлөнүү уруксаты берилген. Бул маанилүү бир уруксат, себеби Курандын «Жаман аялдар жаман эркектерге; жаман эркектер жаман аялдарга; жакшы жана таза эркектер жакшы жана таза аялдарга (жарашат)...» (Нур Сүрөсү, 26) буйругуна ылайык мусулмандар таза жана жакшы адамдар менен үй-бүлө курууга милдеттүү. Бул өкүм аркылуу иудей жана христиандардын таза, жакшы адамдар экенине маанилүү бир ишарат берилүүдө.
Ошондой эле, бул аятта маанилүү бир жагдай белгиленген. Бир мусулман иудей же христиан аялды жубайы кылып, ага «жубайым, түгөйүм, сүйүүктүүм» деп кайрылып, аны менен үй-бүлө куруп, бүт өмүрүн аны менен бирге өткөрөт, ал тургай, акыретте түбөлүк жашоосун аны менен бирге өткөрүүгө ниет кылган болот. Ал инсан өмүр бою бүт кыйынчылыктарын, кубанычтарын бөлүшкөн жалгыз адамына айланат. Ооруганда экөө бири-бирин карап, экөө бири-бирине ишенет.
Фанаттардын түшүнүгү боюнча, бир адам «сүйүүктүүм» деген, өмүрүн бирге өткөргөн, өз жанын аманат кылган, өз балдарынын энеси болгон бир адамды христиан же иудей болгону үчүн бир күнү душман көрүп, аны каргышка калган деп жарыялайбы? Бүт өмүрүн аны менен өткөргөн соң бир күнү «мобул дарак мага кабар берди, аялым иудей, анын артына жашынып алыптыр» деп аны өлтүрүүнү чечеби? Бир адам психикалык жактан оорулуу болсо гана мындайга барышы мүмкүн. Куран менен жашаган, акылы ордунда бир мусулман үчүн иудей жана христианды жакшы көрүүнүн критерийи бул аятта айтылган.
Аятта, мындан тышкары, мусулмандарга ахли китаптын тамагынан жегенге да уруксат берилген. Бул маанилүү бир критерий, себеби, белгилүү болгондой, мусулмандар жей турган тамагында белгилүү тыюуларды карашы керек; чочконун эти менен Аллахтын атына союлбаган бир жаныбардын эти мусулмандарга арам. Иудей жана христиандардын тамактарынын мусулмандарга адал кылынышы бул кишилердин ишенимдүү экенине кепилдик берет. Ушул эле критерий иудей жана христиандарга да тиешелүү, жана аяттын өкүмү боюнча мусулмандардын тамактары аларга адал кылынган.
Бул жердеги достук мамилеге да көңүл буруу керек. Ахли китап менен мусулмандар бир дасторконго отуруп, бири-бирине конок болуп, бири-бирин коноктой алышат. Бул жерде бир достук мамилеси сүрөттөлгөн. Бири-бирин жек көрүп, өлтүрүү эмес; сүйүү, достук, бир туугандык мамиледе болуу керек экени сүрөттөлгөн. Бул аяттагы өкүмдөрдү бир фанат эч качан кабыл албайт. Куранда берилген бул уруксатка фанаттардын дүйнөсүндө тыюу салынган жана фанаттар муну үрөй учурарлык нерседей көрүшөт. Бир фанатка ахли китаптан бир адамга үйлөнүүгө же анын үйүндө конок болууга болобу деген суроо узатылса, ачуулануу менен «болбойт» деп жооп берет. Апачык көрүнүп тургандай, фанаттардын өкүмдөрү Курандан алынган эмес, себеби алар өкүмдөрдү Курандын койоорун кабыл алышпайт.
Ахли китаптын ордун көрсөткөн мындан башка аяттар да бар. Аллах Куранда бир катар ахли китапты мактаган. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүчө:
Мусанын коомунан акыйкат жолго баштаган жана аны менен адилеттик кылган бир коом бар.
Алардын баары бирдей эмес. Ахли китаптан бир коом бар; түнкүсүн тик туруп Аллахтын аяттарын окуп саждага жыгылышат. Алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат жана жакшылык иштерде жарышышат. Мына ошолор чын ыкластуулар (салихтер). Алар эмне жакшылык кылган болсо, албетте, анын сыйлыгын алат. Аллах муттакилерди (Аллахтан корккондорду) билет.
Күмөнсүз, ахли китаптан (китеп берилгендерден) Аллахка, силерге түшүрүлгөнгө жана өздөрүнө түшүрүлгөнгө –Аллахка терең урмат көрсөтүп- ишенгендер бар. Алар Аллахтын аяттарын аз бир наркка алмашышпайт. Мына ушулардын Раббилери Кабатында сыйлыктары бар. Күмөнсүз Аллах эсепти өтө бат жасоочу.
Мындан (Курандан) мурда Биз китеп бергендер буга ишенишет. Аларга окулганда:
«Биз ага ишендик, чындап ал Раббибизден келген бир акыйкат, эч күмөнсүз, биз мындан мурда да мусулмандар элек» дешет.
Бирок алардан (иудейлерден) илимде тереңдегендер менен ыймандуулар сага түшүрүлгөнгө жана сенден мурда түшүрүлгөнгө ишенишет. Намазды туптуура кылгандар, зекетти бергендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенгендер; мына ошолор, Биз аларга чоң бир сыйлык беребиз.
Күмөнсүз, ыйман кылгандар (менен) иудейлер (еврейлер), христиандар жана сабиилер(ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, салих (чын ыкластуу) иш-аракеттерди кылса, алардын Аллах Кабатында сыйлыгы бар. Алар коркушпайт жана алар кайгырышпайт дагы.
Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер (иудейлер), сабиилер жана христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы.
...Алардан ыймандууларга сүйүү жагынан эң жакын катары:
«христиандарбыз» дегендерди көрөсүң. Бул аларда (бир катар) поп жана кечилдердин болушу жана алардын чындыгында текебердик кылбашы себептүү. Элчиге түшүрүлгөндү укканда, Акыйкатты таанып, көздөрүнөн жаш төгүлгөнүн көрөсүң. «Раббибиз ишендик, бизди күбөлөр менен бирге жаз. Раббибиздин бизди чын ыкластуулардын катарына кошушун үмүт кылып жатканда эмне үчүн Аллахка жана бизге Хакктан келгенге ишенбейт экенбиз?» дешет. Ошентип Аллах айткандарына сый катары ичинде түбөлүк жашай турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди берди. Бул жакшылык кылуучулардын акысы.
Ант болсун, Аллах Израил урпактарынан сөз (убада) алган эле. Алардан он эки ишенимдүүкөзөмөлчү жиберген элек. Жана Аллах аларга:
«Чынында Мен силер менен биргемин. Эгер намазды кылып, зекетти берип, элчилериме ишенип, аларды жактап-колдосоңор жана Аллахка сонун бир карыз берсеңер, албетте, силердин жамандыктарыңарды жаап, силерди чындап астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. Мындан кийин силерден ким каапырдык кылса, чынында түптүз жолдон адашкан болот.»
Аяттардан апачык көрүнүп тургандай, чын ыкластуу жана чын ниеттүү иудей жана христиандар Куранда жакшы сөздөр менен макталып, Аллахтын бир сыйы менен сүйүнчүлөнгөн. Аллах бул инсандарды бейишине киргизээрин кабар берген. Бул Аллахтын аларга болгон сүйүүсүн көрсөтөт. Аллах сүйгөн, бейишинде сыйлаган, ыраазы болгон бир адамга бир мусулман кантип душман боло алат? Куран боюнча, боло албайт. Куран боюнча, мындай душмандык күнөө, кылмыш болот. Ошондуктан, фанаттар Куран аяттарына карабай, жалган хадистерди жол башчы кылып, ахли китапка карата душмандыкты жайуу менен Ислам боюнча кылмыш кылышууда.