Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Расул-и Экремден (с.а.а) мындай деп риваят кылынган: «Аял зыян көрүүгө ыңгайлуу бир зат; шайтан анын жолун адаштырып жиберет. (Ошол үчүн же сыртка чыкпашы керек, же болбосо чыкканда өтө этият болушу зарыл.)» (Mizan-ül Hikme, C.2, S.259)

Аял – элдин тиреги, сулуулугу, жасалгасы. Аялдын болушу, эл арасында сөзүнүн өтүшү, көзөмөлчүлүк кылышы, чечим механизмине катышышы, пикиринин суралышы бир коомго көп жакшылыктарды алып келет. Ошондуктан аял Аллах тарабынан атайын майда-чүйдөлөрдү байкай алган, татаал маселелерди жакшы чече алган, бүт чараларды алдын ала ойлонгон, көрөгөч, акылман кылып жаратылган. Ошондуктан Ислам дининде аял өтө баркталат. Муну адамдар толук түшүнгөндө Ислам динин бүт дүйнө чындап түшүнгөн болот. Мына ушул себептен ички жана тышкы күчтөр канчалаган кылымдан бери өзгөчө аял темасы аркылуу Ислам динин бузууга аракет кылышкан. Бул үчүн ойдон чыгарылган, жалган хадистерди да, элдердин, Куранга такыр туура келбеген, үрп-адат, салттарыбыз деп атаган эрежелерин да калкан кылышкан. Исламда аял экинчи катардагы, басмырланган, сыйланбаган, баркталбаган, жагымсыз, күнөөгө түртүүчү, мээси оңой алдана турган кооптуу бир жандыктай көрүлөт деген түшүнүктү жайууга аракет кылышкан.

Мисалы, жогорудагы жалган хадисте аял уятсыз иштерге оңой бара турган, өзүн башкара албаган, эрки алсыз, ыйманына ишенбеш керек болгон, шайтанга оңой азгырыла турган бир жандыктай көрсөтүлүүдө. Ошол үчүн аял мүмкүн болушунча көчөгө чыгарылбай, коргоо астында болушу керек; эгер чыкса уятсыз иштерге баруу ыктымалдыгы жогору, ошондуктан ар бир кыймыл-аракетин текшерип туруу зарыл деп айтылууда. Бул калптардын Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан айтылбаганы анык. Аялдар менен кеңешип, согуштарда өз коопсуздугун камсыз кылууда аялдарга кызмат берген, чогулуштарда аялдарга кеңири орун бөлгөн, убактысынын көп бөлүгүн аялдар менен маектешип өткөргөн, аларды өтө урматтап, жакшы көргөн Пайгамбарыбыздын (сав) атынан калптарды ойлоп тапкандар – бул аялдарды душман көргөн фанаттар.

Пайгамбарыбыз (сав) доорунда, жогоруда айтылгандай, аялдар согуштарга катышып, коомдун бүт тармактарына аралашып, соода менен алектенип, динди түшүндүргөн алдыңкы мужахиддер арасында болушкан. Куран аяттарында да аял үйдөн чыгарылбай турганчалык кооптуу жана акылы төмөн бир зат деп кыйытма мааниде да айтылган эмес. Тескерисинче, Куранда Аллах фанаттык түшүнүктүн аял жөнүндөгү көз-карашынын психопаттыгын жана бул түшүнүктүн Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да шайтандык иш-аракеттерин жүргүзгөнүн кабар берген:

Бирок, алардын бири Ал Рахман (Аллах) жөнүндө берген мисал менен (кыздуу болоору жөнүндө) сүйүнчүлөнгөндө, жүзү түнөрүп катуу каарданат.

Зухруф Сүрөсү, 17

(Кыямат күнү) Жана тирүүлөй топуракка көмүлгөн байкуш кыздан суралганда:

«Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүлдү?»

Таквир Сүрөсү, 8-9

Алардын бирөөсүнө кыз (наристе) сүйүнчүлөнгөндө, ичинен катуу ачууланып-жүзү капкара болуп түнөрөт. Айтылган сүйүнчүнүн жамандыгынан улам коомунан жашынат; аны басмырланып сактап калабы, же топуракка көмөбү? Карачы, берген өкүмдөрү кандай жаман?

Нахл Сүрөсү, 58, 59

Бул аяттар фанаттардын аялга болгон үрөй учурарлык көз-карашын эң сонун сүрөттөп, Аллахтын мындай түшүнүккө канчалык чоң каргыш айтаарын бизге көрсөтүүдө. Кыздуу болгону үчүн ачууланып түнөргөн, аялды ушунчалык жек көргөн, андан да ары кетип аны тирүүлөй топуракка көмүп салган түшүнүк тарыхта болгон жана алардын баары жогорудагы Таквир Сүрөсүнүн 8- жана 9-аяттарында айтылгандай, акыретте кылганынан сурак беришет. Аялга болгон мындай душмандык Аллах Кабатында чоң каарданууга себеп болот.

Көрүнүп тургандай, аялды душман көрүп, абдан жек көргөн фанаттык түшүнүк кылымдардан бери аялдарга болгон шайтандык мамилесин эч өзгөрткөн жок. Курандын алардын мындай келесоо түшүнүгүн эч колдобошун билгени үчүн, жалган хадистер аркылуу бурмалоого аракет кылышкан. Өзгөчө аялдар жөнүндө ушунчалык кооптуу жалган хадистердин болушунун негизги себеби ушунда.

Бул жөнүндөгү башка жалган хадисте болсо фанаттар аялдарды өлбөй турганчалык ачка коюп жана аларга жакшы кийимдерди кийгизбей тарбиялоону көздөшөт. Бул түшүнүк боюнча эгер аялды ачка коюп, ага жаман жана эски кийимдерди беришсе, аял сыртка көп чыккысы келбей калат. Бул жалган хадисте мындай деп айтылат:

Аялдарды зыян бербей турганчалык ачка, чектен чыкпай турганчалык кийимсиз калтыргыла. Себеби аялдар жакшылап тоюп, жакшы кийинсе, алар үчүн сыртка чыгып кыдыруудан жагымдуураак эч нерсе жок. Ал эми алар бир аз ачка, бир аз кийимсиз калса, алар үчүн үйдө отуруудан жакшыраак нерсе болбойт. (İbnül Cevzi, Mevzuat, II/282283; Suyuti, Leali, II/154 İbn Arrak, Tenzihü’ş Şeria, II/212213) Аялдарыңарга үйлөрүнүн эшигинде отурбашы үчүн жаңы кийим кылдырбагыла, себеби кийимдери кооз жана жаңы болсо, көңүлдөрү сыртка чыгууну каалайт. (İmamı Gazali-Kimyayı Saadet sayfa:178 İbn Ebi Şeybe, Musannaf, IV/II, 420)

Араңардан бирөө жашы өтүп, оозундагы тиштери түшүп, көрүнүшү жагынан да жагымсыз болуп калышы мүмкүн, жана аялы болсо жаш жана сулуу болушу мүмкүн. Ал жаш жана сулуу аял базарга чыккан соң же чакырылган той же коноктон үйүнө кайткан соң сыртта көргөн жарашыктуу эркектер менен тиштери түшкөн күйөөсүн салыштырып күйөөсүнүн жүзүн да карагысы келбей калат. Балким күйөөсүнүн аны өбүшүн жана жыныстык байланышта болушун да каалабайт. Жаш аялдын эркектер көп болгон базар, той-топур жана эл чогулган жерлерге барышынын аялга болгон таасири жок дегенде ушундай болот. (İmam Şarani, Uhudül Kübra)

Бул жалган хадистердеги сүрөттөө барган жеринде өзүн башкара албаган, Аллах коркуусу жана ыйманы менен эмес, инстинкттери менен жүргөн жана ошондуктан ар кандай чаралар аркылуу камакта тутуу керек болгон бир макулукка, бир айбан сыяктуу жандыкка ишарат кылууда. Мындай түшүнүккө фанаттын аял жөнүндөгү көз-карашы себеп болууда.

Бизди болсо фанаттын эмес, Курандын көз-карашы кызыктырат. Куранда сүрөттөлгөн мусулман аял Аллахтан коркот. Ошондуктан кандай шартта кантип кийинүү керек экенин, намысын кантип коргошу керек экенин, базар, той-топур жана эл чогулган жерлерде кандай жүрүү керек экенин өтө жакшы билет. Муну билиши үчүн Куран ага жетиштүү болот. Муну билиши үчүн бир эркектин ага эмне кылаарын айтып беришине, аны кийгизип, тамак жедиришине муктаж эмес. Муну эркек чечпейт, муну Аллах чечкен. Курандын эч бир жеринде бир эркекке бул жөнүндө бир уруксат, бир укук берилген эмес. Курандын эч бир жеринде эркектин «менин ушундай укугум бар» дей ала турган бир артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү жок. Аллах Куранда ыймандуу эркектер менен бирге ыймандуу аялдарга да кайрылган, демек аял ага Раббибизден келген кайрылууну Куранда бир жакшына көрүп, түшүнөт жана аны эч кемчиликсиз орундатууга аракет кылат.

Курандагы адеп-ахлакта болуу үчүн бир аялга Аллахтан коркуу жетиштүү болот. Эркек аялды кайтарып жүрүшү керек дегендер бул жалган хадистердин туткунунда калган фанаттар гана.

Мындан тышкары, Аллах Куранда мусулмандарды аял болсун, эркек болсун, ысырап кылбастан, адал болгон бүт нерседен жеп ичкиле, мечиттерге эң жакшы кийимдериңер менен келгиле, жасалгаларыңарды тагынгыла, таза жана өзүңөрдү каранып жүргүлө деп билдирген.

Эй Адам урпактары, ар мечиттин жанында зыйнаттарыңарды (жасалгаларды) тагынгыла. Жегиле, ичкиле жана ысырап кылбагыла. Себеби Ал ысырап кылгандарды сүйбөйт. (Аьраф Сүрөсү, 31) Аялдар көчөгө чыкпаш керек деген бир дагы аят жок, жана тескерисинче, Аллах ыймандуу аялдарга жүктөгөн коомдук жоопкерчиликтерден улам аялдардын коомдук жашоодо активдүү болоору да аяттардан апачык көрүнүп турат. Ошондуктан бул жалган хадистерде айтылгандар да Куран аяттарына толук карама-каршы келет.