Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

«Пайгамбарды сөккөн адам тообого чакырылбай ошол замат өлтүрүлөт.» (İbni Teymiye)

Ибни Мунзир мындай деди: Илимдүүлөрдүн баары Расулуллах саллАллаху алейхи ва салламды сөккөн адамды өлтүрүү жөнүндө бир пикирге келишкен. (2. hadis kaynak: Enverşâh, el-Keşmîrî, “İkfâru’l-Mulhidîn”, sf. 64. “Tenbihu’l Ğafilîn ila Hükmi Şatimillahi ve’d-Dîn” adlı eserden naklen. Bkz. sf. 14) Абдуллахтын риваятында мындай дейт: Тообого чакырылбай өлтүрүлөт. Халид б. Валид Наби саллАллаху алейхи ва салламды сөккөн бир адамды өлтүрдү жана тообого чакырган жок. (İbni Teymiye) Бир адамдын Аллах, Пайгамбарлар, руханий баалуулуктар жөнүндө ылайыксыз сөздөрдү сүйлөшү, албетте, кабыл алынбай турган нерсе. Бирок, албетте, бүт адамдар бирдей эмес. Кээ бири ыймансыз болот, кээ бири ар кандай себептерден улам дин жөнүндө стереотиптүү болот, кээ бирлер жек көрүү менен чоңойгон, кээ бирлери караңгы, кээ бири болсо Куран жөнүндө эч нерсе билбейт... Ошондуктан ар кандай себептерден улам адамдарда дин жөнүндө стереотип болушу мүмкүн, өзгөчө бүгүнкү күндө бүт нерсени жек көрүп, кыжырдуу жашаган көп адамдар бар.

Биз сыноо үчүн келген бул дүйнөдө ар кандай көз-караштагы, ар кандай пикирдеги адамдар болот жана сынообуз ошол көз-караштар, пикирлер жана ал адамдар менен бирге уланат. Мусулман киши алдындагы адам канчалык стереотиптүү, ачуулуу болсо да, ага Курандагы жакшы адеп-ахлакты сылык түрдө айтып берип, чечимди ага калтырууга милдеттүү. Кээде мындай сылык мүнөз ал адамга таасир берип, ал кетирген катасын түшүнүп өзүн өзгөртүшү мүмкүн. Бул чындык да Куран аятында кабар берилген:

Жакшылык менен жамандык тең эмес. Сен эң сонун бир жол менен (жамандыкты) алыстат; ошондо, сени менен араңарда душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын (көрөсүң).

Фуссилет Сүрөсү, 34

Аятта мусулмандарга жаман мамилеге жакшылык менен жооп берүү буйрулган. Жана мунун натыйжасы төмөнкүчө кабар берилет: «...сени менен араңарда душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын (көрөсүң).»

Ошого карабастан, ал адам эгер дагы эле жаман мамиле кылып, жаман сөздөрдү сүйлөй берсе, анда да Куранда эмне кылуу керек экени айтылган:

Алар Рахман (болгон Аллах)тын пенделери, жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт жана наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «Салам» дешет.

Фуркан Сүрөсү, 63

Ал силерге Китепте: «(бирөөлөрдүн) Аллахтын аяттарын танып жатканын жана аларды шылдыңдап жатканын укканыңарда, алар башка бир сөзгө өткөнгө чейин алар менен отурбагыла, болбосо силер да алар сыяктуу болуп каласыңар» деп түшүргөн...

Ниса Сүрөсү, 140

Көрүнүп тургандай, Куранда мындай наадан (сабатсыз) адамдарга жолукканда алар менен отурбай, ал жерден кетип калууга жана аларга «Салам» деп гана жооп берүүгө, б.а. аларга тынчтыкты эскертүүгө өкүм берилген. Аяттарда көңүл бурулган эки жагдай бар. Бул адамдар сөзгө келбей турган караңгы жана балким көп жолу эскертилип, бирок туураны кабыл албаган адамдар. Себеби туурага, жакшылыкка чакырууга милдеттүү болгон бир мусулман бул жолу ал адамдарга эч нерсе дебей, алардын жанынан басып кетүүдө.

Аятта көңүл бурулган экинчи жагдай болсо «алар башка бир сөзгө өткөнгө чейин» алар менен отурбоо. Ошондуктан бул адамдар балким бир мусулмандын дайыма жакын чөйрөсүндө жүргөн, дайыма көрүшүп, сүйлөшүп турган адамдар болушу мүмкүн. Башка сөзгө өткөндө алар менен мамилеси уланууда. Демек, мусулман жогорудагы жалган хадисте айтылган зөөкүр жолго барбайт. Кээ бир адамдар ылайыксыз сөз сүйлөгөндө алардын жанынан алыстоо керек, бирок насаат алса мүмкүн болушунча аларга туураны айтып берүү зарыл.

Бул жөнүндөгү жалган хадистердин Куранга карама-каршы келээринин дагы бир маанилүү далили болсо – бул «тообого бөгөт коюшу». Аллах Куранда адамдарды дайыма тообого чакырганына; тообо адамдын өзү менен Аллахтын ортосунда экенине; Аллах «кечиримдүү» экенин аяттарында көп жолу белгилегенине; Куранда тообо кылгандар дайыма макталганына карабай, кантип бир адамдын тообо кылышына бөгөт коюуга болот? Адамдын Аллахтын кечиримин суроо мүмкүнчүлүгүн кантип алып койгонго болот? Раббибиздин «...тооболорду кабыл кылуучу, боорукер.» (Бакара Сүрөсү, 37) аятын көрмөксөн болуп, бир адамдын кылганына бушайман болуу жана Аллахтын кечиримин суроо укугун кантип алганга болот?

Албетте, эч кимдин эч качан мындайга акысы жок.

Раббибиз бир аятында мындай деп билдирет:

Бирок тообо келтиргендер, өздөрүн жана башкаларды оңдогондор, жана түшүрүлгөндү жеткиргендер болсо; эми алардын тооболорун кабыл кылам. Мен – тооболорду кабыл кылуучумун, коргоочумун (боорукермин).

Бакара Сүрөсү, 160

Аллахтын «тооболорду кабыл кылуучумун, коргоочумун (боорукермин)» деген өкүмүн өздөрүнчө четке кагып, туура эмес иш-аракеттерин жалган хадистерге таяндырууга аракет кылгандар Куранга апачык каршы келишүүдө.