Караңгы коркунуч: фанатизм: Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
Аял сегиз сыпаттуу: 1- Кийимди жакшы көргөнү үчүн маймыл. 2- Жакыр болууга ыраазы болбогону үчүн ит. 3- Күйөөсүнө жана башка адамдарга бой көтөргөнү үчүн жылан. 4- Түнү-күнү ушакчылык кылганы үчүн чаян. 5- Үйдөн буюм сатканы үчүн чычкан. 6- Эркектерге тузак курганы үчүн түлкү. 7- Күйөөсүнө моюн сунганы үчүн кой. (İmamı Gazali, İhya-u Ulumuddin)
Бул жерде мындай бир суроо узатуу керек: бул жалган хадиске ишенген бир эркектин бир аял жөнүндөгү көз-карашы кандай болот? Аялын кантип сүйүп, аны кантип урматтай алат? Ал адам дүйнөдө эң жакыны боло турган аялына жек көрүүдөн башка эмне сезиши мүмкүн? Өз аялын бир айбандай көрсө, кантип аны жакшы көрө алат? Ага карата Куранда эң басым жасалган сүйүү сезимин кантип сезе алат? Албетте, сезе албайт. Ал эми, Куранда болсо Аллах жубайлар арасындагы өзгөчө бир сүйүү жана мээрим жөнүндө кабар берген:
Жана Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде ой жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилер бар.
Муну дагы бир аз тереңирээк карайлы:
Жалпы эле аялдар жөнүндө ушундай көз-карашта болгон бир адамдын өз апасына, эже-карындашына, өз кызына көз-карашы да, албетте, ушул сыяктуу болот. Аларга болгон жакшы көрүү жана сыйлоо сезими кемчиликтүү болуп, кааласа каалабаса аларга болгон көз-карашы аларды басмырлоого таянат. Бул жалган хадис адамдарды сүйүүгө эмес, жек көрүүгө түртөт. Бул жалган хадистерде сүрөттөлгөн аялды сыйлоо дээрлик эч мүмкүн эмес. Сүйүү жөнүндө ансыз да эч нерсе айтылган эмес. Аллах Куранда негизги шарт катары белгилеген бул кереметтүү сезим, Аллахтын ааламды жаратуу максаты болгон сүйүү дээрлик толук унутулуп калган. Мынчалык душманы көп жана эң негизги душмандарынын бири аялдар болгон бул кандай дин? Мындай бир дин, албетте, Курандагы акыйкат дин эмес.
Ошондой эле, муну да белгилөө керек: Куранда «хүсн-ү зан», б.а. жакшы күмөн менен кароо негиз тутулган. Далилсиз, күбөсүз күмөн саноо күнөө болот. Ошондуктан бир адамды аял болгону үчүн эле «ал чыккынчы, кийимди өтө жакшы көрөт, уурулукка жакын, тымызын пландар курат, текебер» деп ойлоо жана ушундай чечим чыгаруу Куран боюнча «суи зан», б.а. жаман күмөн болуп саналат. Ошондуктан калп жана күнөө болот. Бир адамды алдамчы дей алуу үчүн чындап анын алдамчылык кылганына күбө болушубуз керек. Бир адамды ууру деш үчүн ал адамдын бирөөнүн мүлкүн уурдаганын далилдешибиз керек. Далилдери, күбөлөрү жок туруп, бир адамды аял болгону үчүн эле минтип айыптоо Куран боюнча жалган жалаа болуп эсептелет. Жалаа жапкан адам заалым болот. Бирок фанаттар Курандын өкүмдөрүнөн кабарсыз, такыр башка бир жалган дин менен жашагандыктан, жалган хадистердеги мындай туура эмес түшүнүктөрдү көрө алышпайт.
Эмки бөлүмдө аялдарды чектөө жана басмырлоо үчүн өз ойлорунда Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандардын сөздөрүнө жооп берилет.
Пайгамбарыбыздын (сав) аялдары жөнүндө түшүрүлгөн аяттар Бир маанилүү жагдайды сөзсүз белгилөө керек. Куранда Пайгамбарыбыздын (сав) аялдары жөнүндө түшүрүлгөн аяттар бар. Пайгамбарыбыз (сав) жашаган доордо фитнанын алдын алуу жана ыктымалдуу түшүнбөстүктөргө бөгөт коюу үчүн Аллах Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарын башка аялдардан өзүнчө туткан. Куранда мындай деп айтылат:
Эй Пайгамбардын аялдары, силер катардагы аялдардын бири (сыяктуу) эмессиңер; эгер тартынсаңар, анда сөздү жагымдуу кылып сүйлөбөгүлө, жүрөгүндө (руханий) оорусу бар адамга жаман ой келип калат. Сөздү демейки абалда сүйлөгүлө. Үйлөрүңөрдө кадыр-барктуу отургула (үйүңөрдө болгула), мурдакы караңгы (аялдар) кооздуктарын көрсөткөн сыяктуу, силер да кооздуктарыңарды көрсөтпөгүлө; намазды туптуура кылгыла, зекетти бергиле, Аллахка жана элчисине моюн сунгула. Эй Ахли Байт, чындыгында Аллах силерден кирди (күнөө жана жамандыкты) кетирүүнү жана силерди таптаза кылууну каалайт.
Бул аяттарда Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарына жашоо калыбы, сүйлөө, кийинүү сыяктуу жагдайларда өзүнчө милдеттер жүктөлгөн. Куран аяттарын чечмелегендер кээде бул аяттарды бүт мусулман аялдар жөнүндө айтылган аяттар деп чечмелешет. Чындыгында болсо, бул аяттар бүт мусулман аялдар жөнүндө эмес, Пайгамбарыбыздын (сав) аялдары башка аялдардан өзүнчө тутулган.