Караңгы коркунуч: фанатизм: Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
Ойноштук (никесиз байланыш) кылгандарды өлтүргүлө. [1623-Tirmizî (Тирмизи)] (1601)
Үй-бүлөлүү болуп туруп, ойноштук кылгандарды ташбараң кылып (реджм кылып) өлтүргүлө. (1111- Buhârî] [1606-Buhari-Müslim-Tirmizi-Ebu Davud-Nesai-İbn Mace (Бухари-Муслим-Тирмизи-Абу Давуд-Насаи-Ибн Маджа)) Бул жалган хадистер Тоороттогу ойноштук кылганды ташбараң кылып өлтүрүү өкүмүн мусулмандыкка киргизүү жана реджм (ташбараң кылуу) сыяктуу бир жапайылыкты кадимки нерседей көрсөтүүгө аракет кылуу максатында ойлоп чыгарылган. Бул жалганды хадистерге кошуу үчүн бир катар жалган «аалымдар» башка жалган хадистерди ойлоп табуудан да тартынышкан эмес. Төмөндө бир канчасы мисал келтирилген бул хадистер ташбараң кылуу жазасын кадыресе нерседей көрсөтүү үчүн Пайгамбарыбызга (сав), халифаларга жана сахабаларга карата айтылган жалган жалааларга толо:
«Ойноштук кылган үй-бүлөлүүлөрдү ташбараң кылып өлтүрүүгө буйруган аят Аз. Айшанын төшөгүнүн астындагы баракта жазылуу болгон. Пайгамбар көз жумган соң Аз. Айша аны жайга коюу иштери менен алектенип жүргөндө, үйдүн ачык эшигинен ичкери кирген бир эчки ал баракты жеп койгон. Ошентип ташбараң кылып өлтүрүү жазасы Курандан чыгып калган. Бирок өкүмү уланууда.» (İbn-i Mace (Ибни Маджа) 36/194; Hanbel (Ханбал) 3/61,5/131)
«Эчки жеп койгону үчүн Курандан чыгып калган ташбараң кылуу аятын Өмер (Умар) Куранга кайра киргизгиси келген; бирок адамдардын ушагынан корккону үчүн буга эрки жеткен эмес» (Buhari (Бухари) 53/5; 54/9; 83/3; 93/21; Muslim, Hudud (Муслим, Худуд) 8/1431; Ebu Davut (Абу Давуд) 41/1; Itkan 2/34). «Улуу Аллах Мухаммедди (с.а.с) акыйкат менен жөнөтүп, Ага Китепти түшүргөн. Реджм аяты да Ага түшүрүлгөн аяттардан эле. Биз ал аятты окуп, жаттап, түшүндүк. Расулуллах (с.а.с) реджмди жасады, андан соң биз да жасадык». Убакыт өткөн соң кээ бирлер чыгып «Биз Аллахтын китебинен реджмди көрө алган жокпуз» деп, Аллах түшүргөн бир парзды таштап коюп, жолдон адашышат деп корком. Эч күмөнсүз, реджм Аллахтын китебинде үй-бүлөлүү болуу, күбө, бойго бүтүү же моюнга алуу шарты менен, ойноштук кылган адамга берилчү бир акыйкат жаза.» (Müslim, Hudûd, 15)
Халифа Өмердин (Умардын) реджмди минбардан жарыялашы, арасында көптөгөн сахабалар турган жамааттын эч биринин ага каршы чыкпашы реджмдин бар экенин көрсөтөт. (Sahih-i Müslim Tercüme ve Şerhi (Сахихи Муслимдин котормосу жана чечмелениши), Ahmed Davudoğlu, Istanbul 1978, VIII, 350). es-Serahsî (ö. 490/1097) Исламга, Куранга, Пайгамбарыбызга (сав) жана сахабаларга айтылган сансыз жалааларга толо болгон жогорудагы жалган хадистерди бир-бирден карайлы:
Эң биринчиден, Аллах аяттары аркылуу Курандын Өзүнүн коргоосу астындагы бир китеп экенин апачык айткан:
Эч күмөнсүз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз.
Албетте, бул – бир Курани Карим. Сакталып-корголгон бир Китепте (жазылуу).
Күмөнсүз, аны (Куранды) (жүрөгүңдө) топтоо жана аны (сага) окутуу Биздин колубузда(гы иш).
Кыямат Сүрөсү, 17
Аллах Куранды коргой турганын, аяттарды бириктирип Өзү сактай турганын аяттарында апачык белгилеген. Акыркы түшүрүлгөн вахий болгон Курандын Аллахтын коргоосу астында экенин кайра эле Курандын өзүнөн биле алабыз. Себеби Куран акыркы Китеп болгону үчүн кыяматка чейин адамдардын хидаят табышына (туура жолго түшүшүнө) себепчи болот. Ошондуктан акыркы вахий Аллах тарабынан коргоого алынган. Муну Улуу Раббибиз Пайгамбарыбызга (сав) «Сага окутабыз, сен болсо унутпайсың.» (Аъла Сүрөсү, 6) аяты аркылуу вахий кылган. Бул аят да кабар бергендей, Аллах Пайгамбарыбызга (сав) окутулган эч бир аятты унуттурган эмес. Ошондуктан Куранда унутулган же кем болуп калган бир аят болушу мүмкүн эмес. Ойноштук (зынаа) жөнүндөгү аятты эчки жеген деген «риваятта» болсо Аллах аятында «сакталган жана корголгон» бир китеп деп сүрөттөгөн Курандан бир аят чыгып калган, башкача айтканда, Аллах аятты коргой алган эмес деп айтылууда (Аллах мындай кемчиликтен алыс). Бул жогорудагы Куран аяттарын четке кагуу, Аллахтын сөздөрүнөн күмөн саноо жана динден чыгуу деген мааниге келет.
Болгондо да, жалган хадистер аркылуу халифа Аз. Өмерге (Аз. Умарга) апачык жалаа жабылууда. Ал жалган жалаа аркылуу, Аз. Өмер жөнүндө «Куранда жок бир өкүмдү билип, Куранда болбогонуна карабастан Медина минбарында аны бир аят катары жарыялап, ага эч бир сахаба каршы чыккан эмес, Аз. Өмер болсо ушактан «корккону» үчүн аны Куранга кошо алган эмес» деп айтылууда.
Албетте, Пайгамбарыбыздын (сав) халифасынын Куранда жок бир өкүмдү «негизи бул Куранда бар эле» деп айтышы мүмкүн эмес. Бул Аз. Өмердин Курандын корголгон китеп экенин четке кагышы деген мааниге келет; бул болсо Аллахтын өкүмүнө каршы чыгуу болуп саналат (Аз. Өмер мындайдан алыс). Бул, албетте, жалган хадистер аркылуу Аз. Өмерге карата айтылган өтө жаман жана чоң бир жалаа.
Ошондой эле, Курандагы бир аятты корголбой калган деп минбарда айтылышына эч бир сахаба каршы чыккан эмес деп сахабаларга да чоң жалаа жабылууда. Мындай нерсеге сахабалардын баарынын Курандан далил көрсөтүп, өтө каршы чыгаары анык.
Аз. Өмерге бул жалган хадистер аркылуу «Куранда бар деп ойлогон бир өкүмдү ушактан корккону үчүн айта алган эмес» деген дагы бир жалаа жабылган. Бул жогорудагы хадисти ойлоп чыгарган жалганчы аалымдардын Аллахка, Пайгамбарыбызга (сав), халифаларга жана сахабаларга болгон көз-карашынын канчалык бузуку экенин апачык көрсөтүүдө. Аз. Өмер Пайгамбарыбызды (сав) өрнөк алган, өмүр бою Аллах үчүн жашаган, ал үчүн канчалаган кыйынчылыктарга туруштук берген, Аллахка, Пайгамбарга (сав) жана Куранга ишенүү жана аларды коргоодо өлүмгө тике караган, чын ниеттүү бир мусулман болгон. Өмүр бою эч кимдин сын сөзүнөн, өлүмдөн, согуштардан, коркутуулардан эч тартынбаган, Аллахтан башка эч кимден коркпогон бул куттуу инсанды «ушактан корккону үчүн Курандан чыгарылган бир аятты айтуудан тартынган» деген сөз – Ислам менен эч байланышы жок, «оорулуу» бир мээ ойлоп тапкан бир жалган жалаа.
Мындан тышкары, ойноштук жөнүндөгү өкүм Куранда болушунча терең берилген жана реджм (ташбараң кылуу) деп аталган зомбулук Куранда такыр жок. Эгер реджм ал «аалымдар» ойлоп чыгаргандай Куранда бар болсо, ойноштук жөнүндө кантип эки башка өкүм айтылышы мүмкүн? Албетте, мындай нерсе мүмкүн эмес. Бул дагы алардын жалганчылыгынын бир далили. Эми болсо ойноштук жөнүндө Куранда Раббибиз берген жалгыз жарактуу өкүмдү аяттар аркылуу баяндайлы: