Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

· Пайгамбарыбыздын (сав) ахли китаптын той зыяпаттарына катышканы, оорулууларын зыярат кылганы жана аларга тамак бергени жөнүндө риваяттар бар.

· Нажран христиандары ага зыяратка келгенде Аз. Мухаммед (сав) алар отурушу үчүн чапанын жерге жайып, аларды ушинтип сыйлаган.

· Пайгамбарыбыздын (сав) жубайларынын бири Египеттен келген христиандардан Мария бинти Шамун (ра) болгон.

· Пайгамбарыбыздын (сав) жубайларынан Аз. Сафиййа энебиз болсо Хуйейй б. Ахтаб аттуу Мединадагы иудейлерден Мадыруулдары уруу башчысынын кызы болгон.

· Аз. Мухаммед (сав) Эвс жана Хазреж уруулары менен түзүлгөн Медина келишимине иудейлердин да катышышына уруксат берген жана натыйжада иудейлердин да мусулмандардын арасында өзүнчө бир диний топ катары жашай алышына шарт түзгөн.

· Медина келишиминин «Бани Авф иудейлери ыймандуулар менен бирге бир элди түзүштү. Иудейлердин дини өзүнө, мусулмандардын дини өзүнө» деген өкүмү аркылуу мусулмандардын иудейлердин адат-салт жана ишенимине болгон сый мамилесинин пайдубалы Пайгамбарыбыз (сав) доорунда коюлган. Жана бул келишимдин 26-33-пункттарында ахли китапка тиешелүү жарандардын мусулмандар менен тең укуктуу экени, 16-пунктта болсо аларга эч кимдин адилетсиздик кыла албашы белгиленген.

· Пайгамбарыбыз 630-жылы мусулман болгонун кабар берүү үчүн Мединага келген Хымйер өкүмдарынын элчисине мындай деп буйрук берген: «Бир иудей же бир христиан мусулман болсо, ыймандуулардан болот (алар менен укуктук жактан тең болот). Ким иудей дининде же христиандыкта калууну кааласа, ага эч ким кийлигише албайт.» (İbn Hişâm, es-Sîre, II, 586) · Нажран христиандары Мединага алтымыш кишилик бир өкүлдөр тобун жиберишти. Мединага келген Нажран өкүлдөрү Мечитте Пайгамбарыбыздын (сав) алдына чыгышты, ибадат убактысы келгенде Мечитте ибадат кылууну каалашты, асхаб буга каршы чыкканы менен, Аллахтын Пайгамбары аларга Мечитти берди. Алар болсо шаркка (чыгышка) бурулуп ибадатын кылышты. (İbn Hişam, es-Sire, Beyrut ts., I,573-574; Hamîdullah, İslâm Peygamberi, I,619-620) · Пайгамбарыбыз (сав) доорунда иудей жана христиандарга берилген кепилдиктер аркылуу ахли китаптын укуктары коргоого алынган. Кийинки доорлордо кандайдыр бир пикир келишпестиктер чыкканда, ахли китап ошол кепилдиктерди көрсөтүшкөн. Мисалы, Дамасктык христиандар бир маселе чыкканда, аларга берилген кепилдиктер кагазын ал доордун халифасы Аз. Умарга көрсөтүп, андан маселени чечип берүүнү талап кылышканы тарыхый китептерде жазылып калган. · Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) христиан Ибн Харрис б. Каъб жана анын элине жаздырган келишим текстинде: «Чыгышта жана батышта жашаган бүт христиандардын дини, чиркөөлөрү, жаны, намысы жана мал-мүлкү Аллахтын, Пайгамбардын жана бүт ыймандуулардын коргоосу астында болот. Христиан динин тутунган эч ким өз каалоосусуз, Исламды кабыл алууга мажбурланбайт. Христиандардан бирөө кандайдыр бир кылмышка же адилетсиздикке туш болсо, мусулмандар ага жардам берүүгө милдеттүү» деген пункттарды жаздырган.

· Пайгамбар Мырзабыз (сав) тарабынан Адрух, Макна, Хайбар, Нажран жана Акабалык ахли китапка берилген укук кагаздары мусулмандардын ахли китаптын жан жана мал-мүлк коопсуздугун кепилдикке алганын жана аларга ишеним жана ибадат эркиндигин бергенин көрсөтөт.

· Пайгамбар Мырзабыз динге чакырып баштаган кезде алгач Меккедеги кээ бир христиандарга жолуккан. Ал тургай, алгач вахий келип баштаган кезде Аз. Хатижа менен жана Пайгамбар Мырзабыз менен биринчилерден болуп сүйлөшкөндөрдүн бири колунда Инжилдин кол жазмалары бар, христиан Варака б. Навфал болгон. (Buhârî, Bedu’l- Vahy 3)

· Халифалар доорунда кулаган чиркөөлөр мусулмандар тарабынан оңдолуп, жаңы синагог жана монастырьларды курууга уруксат берилген. Мисалы, Медина сыртындагы, патриарх Мар Амма тарабынан мурда өрттөлгөн Ыйык-Сергиев монастыры Аз. Осмон доорунда кайрадан курулган. · Сирия каратылган соң Дамасктагы Ыйык Иоанн чиркөөсүндө мусулмандар жума намазын кылышып, христиандар болсо жекшемби күндөрү өздөрүнүн диний ибадатын каалагандай орундатышкан. Эки диндин өкүлдөрү бир мечитти ынтымактуу колдонушкан.

· Сахабалар сапарга чыкканда же жолоочулук учурунда жол боюндагы монастырьларда конушкан жана ахли китап менен түзүлгөн келишимдерде бул жөнүндө пункттар кездешет.