Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Такия «коргонуу, жашынуу» деген маанилерге келген бир сөз. Куранда бул сөз төмөнкү аятта кездешет:

«Ким ыйманынан соң Аллах (жөнүндө) ыймансыздыкка адашып, -жүрөгү ыйманга толуп туруп, кысымчылыкка алынып мажбурлангандан тышкары- каапырдыкка жүрөгүн ачса, мына ошолорго Аллахтын каары келет...»

Нахл Сүрөсү, 106

Бул аятта өзгөчө бир жагдай сүрөттөлгөн: бир адам ыймандуу болгонуна карабастан, кысымчылык астында калганда, андан кутулуу үчүн убактылуу «Аллах жок» деп айтууда же ыйманын жашырууда. Куранда «такиянын» мындан башка мааниси жок.

Бирок «такияны» учурда кээ бир туура эмес Ислам түшүнүгүндөгү адамдар башкача колдонушууда жана бир катар Исламга каршы чыккандар да туура эмес түшүнүшүүдө. Туура эмес Ислам түшүнүгүндөгү кээ бир кишилер «такияны» бүт тарапта колдонулчу бир эки жүздүүлүк ыкмасы катары көрүп, өмүрүнө эч бир коркунуч туулбаган кезде да Исламга сыйбаган иштерге барышууда жана жалган хадистер себептүү «душман» жарыялаган кишилерге роль ойноп, достой мамиле кылышууда.

Бир катар Исламга каршы чыккандар же радикалдардан улам Исламга күмөн менен карагандар болсо муну жалпылаштырып, эч бир мусулмандын тынчтык жана сүйүү жөнүндөгү сөздөрүнө ишенбеш керек, аягында чоң бир согуш үчүн баары роль ойношот дешет. Алар мусулмандар Курандагы «такияны» ушундай түшүнөт жана негизи согушту сабырсыздык менен күткөн мусулмандар роль ойноп, тынчтык жана сүйүүнү жактагандай көрүнүшөт дешет. Ошондуктан бул кишилердин ою боюнча, сүйүү жана тынчтыктан сөз кылган ар бир мусулман негизи калп айтып жаткан болот.

Бул жерде, албетте, эки тараптын тең эң чоң маселеси – эки тарап тең Курандан кабарсыз. Эң биринчиден, Куранда айтылган «такия» сөзүндө маанилүү бир шарт бар: «жүрөгү ыйманга толуп туруп, кысымчылыкка алынып мажбурлангандан тышкары»... Аятта айтылган «такия» боюнча, мусулман киши кысымчылык же коркутуу астында, б.а. оор абалда калганда, кысымчылыктан кутулуу үчүн ыйманын жашыра алат; душмандыгын эмес. Улуу Аллах Куранда фараондун үй-бүлөсүнөн ыйманын жашырган бир кишини кабар берген:

«Фараон үй-бүлөсүнөн ыйманын жашырган бир адам мындай деди:

силер бир кишини «Раббим Аллах» дегени үчүн өлтүрөсүңөрбү...»

Момун Сүрөсү, 28

Ыйманын жашырган бул киши өтө кооптуу чөйрөдө жашаган. Фараон деген өз доорунун эң заалым өкүмдарынын жанында жашап, өлүм коркунучу болгону себептүү ыйманын жашырган, б.а. «такия» кылган. Бул Курандагы «такия» шартына толук туура келет. Ал киши олуттуу коркунуч астында болгону үчүн ыйманын жашырып жашаган. «Такиянын» Куранда бир гана ушундай мааниси бар.

Учурдагы бир катар туура эмес Ислам түшүнүгүндөгүлөрдүн «такия» деген ат менен кылып жаткандары жана алардын кылганын Исламга туура келет деп ойлогон кээ бир Ислам душмандары Курандан алыс болгону үчүн тынчтык менен сүйүүнүн да жолун тосушууда. «Такияны» Курандагыдан башка мааниде түшүнүү жана колдонуу дүйнөдөгү азыркы согуш жана кагылышууларга колдоо көрсөтүүдө. Бул аркылуу адамдардын аң-сезимине эч качан тынчтык келбейт, массалык кыргындар, согуштар уланат деген түшүнүк сиңирилүүдө.

Мындай түшүнүк Куранга да, акылга да карама-каршы келет. Элестетип көрсөңүз, бир мусулман Аллахтын ыраазылыгы үчүн бүт өмүрүн тынчтыкка, бир туугандыкка, адамдарды достоштурууга арнап, ал үчүн согушту каалагандардын, радикалдардын коркутуп-үркүтүүлөрүнө туш болуп, өмүрүн коркунучка салат, исламофобиянын кыйратуучу таасирине карабай христиан жана иудейлерди дос болууга ынандырат, бул достук үчүн убактысын, акчасын, мүмкүнчүлүгүн жана жаштыгын сарптайт... Аягында болсо канчалаган кыйынчылык менен ынтымакка алып келип, адамдардын арасында сүйүү биримдигин курган соң бир күнү аларды өлтүрүүнү чечет! Бул өтө туура эмес бир көз-караш. Бир адам эгер шайтандык түшүнүктө болсо жана сөзсүз адамдарды өлтүрүүнү кааласа, бул көп кыйынчылык туудурбайт. Бул түшүнүгүн ансыз да ар кандай шартта турмушка ашыра алат. Эгер муну динди жамынып жасагысы келсе, ансыз да динди колдонуп адамдарды өлтүрүп жаткан кишилер толтура. Мусулман алдамчылык менен жашабайт, буга тыюу салынган. Чыныгы мусулман дайыма Куранга карап жашашы керек. Куран аяттары боюнча мусулмандар бул дүйнөгө сүйүү алып келүүгө милдеттүү (Мариям Сүрөсү, 96), бүт дүйнөдө тынчтыкты орнотууга милдеттүү (Бакара Сүрөсү, 208), биримдикти жана ынтымакты орнотууга милдеттүү (Анфал Сүрөсү, 73). Ыймансыздарды да коргоп, керек болсо ал үчүн өз жанын рискке салууга буюрулган (Тообо Сүрөсү, 6). Куранда өзгөчө орду болгон ахли китап менен болсо бир тууган, дос, жакын курбу болууга милдеттүү. Аларды өлтүрүү үчүн эмес, аларды мажбурлап Исламга киргизүү үчүн эмес; аларды жакшы көргөнү үчүн, Аллахтын буйругу экенин билгени үчүн, баары чогуу «Аллах жалгыз» дегени үчүн алар менен жакын мамиледе болууга милдеттүү. «Такия» сөзүн атайылап башка мааниде колдонуп, мусулмандыкты согуш дининдей көрсөтүүгө аракет кылгандардын мындай тымызын планы ишке ашпайт. Себеби тымызын план дайыма бузулат. Канчалаган согуш сценарийлерине карабастан, үч диндин өкүлдөрү бул дүйнөгө тынчтыкты орнотушат. Себеби Аллах сөзсүз акыйкатты үстөм кылат, сүйүүнү жана тынчтыкты каалайт. Адамзатты жана бүт ааламды сүйүү үчүн жараткан.

Курандан фанаттар жана Исламга каршы чыккандар иудей душмандыгына далил келтирүүгө аракет кылган Куран аяттарынын чыныгы маанилерин карап чыктык. Эми фанаттар иудейлерге (еврейлерге) болгон душмандыкты жайылтуу үчүн колдонгон жана эч нерсеге карабай ишенген жалган хадистерди карайлы: