Караңгы коркунуч: фанатизм: Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
Башына бир аялды өткөргөн бир эл эч качан оңолбойт. (İbni Hanbel Müsned 5/43,50; Tirmizi Fiten:75 Nesai Kudat:8; Buhari Fiten:18)
Аялдарды угуу бушайман кылат. (Tezkiratul Mevzuat: 128, Kitabul Mevzuat: 2, 272)
Аялдар менен кеңешип, алардын оюн уккула жана алардын айтканынын тескерисин жасагыла. (El-Makasıdul Hasene: 248, Tezkiretul mevzuat:128, Tenzihuş Şeria: 2-204, Silsiletul Ehadis: 432) Аялдар менен кеңешпегиле, аларга каршы чыккыла. Аялдарга каршы чыккыла, себеби аялдарга каршы чыгуу береке алып келет. (Kadınlara Dîni Bilgiler 44,45 Suyuti, Leali II, 147; İbn Arrak, Tenzihü’ş Şeria II, 210)
Ким аялынын айтканын кылса, Аллах аны тозокко таштайт. (İbn Arrak II, 215)
Көрүнүп тургандай, фанаттардын аялдарды өздөрүнчө төмөн көрүшүнүн маанилүү натыйжаларынын бири, алар аялдардын коомдо таасирдүү болушун такыр каалашпайт. Ошондуктан аялдардын башкаруучу болушуна каршы чыгышат. Ал тургай, аялдар менен кеңешүүнү да кабыл алышпайт. Аялдардын ойлогондорунун, кылгандарынын баары туура эмес деген кызыктай түшүнүктөрү бар. Бул аялдарды элден такыр бөлүп салуу үчүн иштеп чыгылган кара мүртөз пландын бир бөлүгү. Жогорудагы ойлоп чыгарылган хадистер алардын ушул максатына кызмат кылып, көптөгөн өлкөлөрдө ушундай туура эмес түшүнүктөр орногон фанат жана аялдарга душман элдер келип чыккан. Бирок, мындай түшүнүктөр Куранга да, Пайгамбарыбыздын (сав) иш-аракеттерине да такыр туура келбейт жана Ислам динине толук карама-каршы.
Мисалы, алар «Башына бир аялды өткөргөн бир эл эч качан оңолбойт» деген калпты жайууга аракет кылса, Аллах Куранда мамлекет башчысы болгон бир аялды мисал келтирет: Саба ханышасы...
«Аялдар менен кеңешпегиле» деген жалгандардын тескерисинче, Саба ханышасы бүт чечимдерди чыгарган жалгыз лидер болгон. Аяттарда Саба ханышасынын лидерлик сыпаты төмөнкүчө белгиленет:
Ошентип көп өтпөстөн келип, мындай деди:
«Сен биле албаган нерсени мен билдим жана сага Сабадан чындык бир кабар алып келдим.» «Чындап мен аларга өкүмдарлык кылган бир аял көрдүм, ага бүт нерседен (мол мол) берилиптир жана чоң бир тактысы бар экен.»
Элине өкүмдарлык кылган аял башчы Саба ханышасы Аз. Сулайманга (ас) ушинтип сүрөттөлгөн. Аз. Сулаймандан (ас) Саба ханышасына Исламга чакыруу каты жөнөтүлгөн соң Саба ханышасы өз коомунун алдыңкылары менен кеңешкен жана алдыңкылар ага мындай деп жооп беришкен:
«Биз күчтүүбүз жана согушка шыктуубуз. Иш жөнүндө чечимди өзүң чыгарасың, сен карап көр, эмне буйрук берсең (биз жасайбыз).
Көрүнүп тургандай, Куранда аял мамлекеттердин башына өтүп, өкүмдар болууда жана иш жөнүндө чечим чыгарып, буйругун аткартууда. Фанаттардын дининдеги аял менен Курандагы аялдын сыпаттары бири-бирине толук карама-каршы келет.
Фанаттардын бул жалган хадистер аркылуу аялдарга айткан акараттарынын чындыгында Аз. Мариямга, Куранда айтылган ыймандуу аялдарга, Пайгамбарыбыздын (сав) куттуу жубайларына, сахаба аялдарга да тийип жатканын түшүнүшпөйт. Аялды мынчалык төмөн көргөн, ушунчалык кызыктай бир түшүнүктүн бүт аялдарды басмырлоого багытталганын унутпаш керек.
Бул фанаттардын Курандан канчалык башкача өмүр сүрөөрүн Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы аялдардын абалын караганда да апачык көрөбүз:
Мисалы, Пайгамбарыбыздын (сав) жубайы Аз. Хатижа Меккенин эң бай соодагерлеринин бири болгон. Дамаскка (Шамга) соода кербендерин жөнөтчү жана бул иште кызматкерлерди иштетчү. Медина доорунда да аялдар тери иштетүү, жип ийрүү, токуу, тигүүчүлүк, дары жасоо, атырларды сатуу сыяктуу иштер менен алектенип, жашоонун бүт тармактарында активдүү болушкан. Согуштарга чыкканда аял сахабалар эркектер менен бирге согуштарга катышып, керек болгондо алдыңкы саптарда да болушкан.
Райта бинт Абдиллах Аз. Пайгамбарга (сав): «Эй РасулАллах, мен кол өнөрчү бир аялмын, күйөөмдүн (Абдуллах б. Масуд) жана баламдын эч нерсеси жок; кол өнөрчүлүк менен жасаган буюмдарымды сатам» дейт жана үй-бүлөмө короткон акчаларымдын сообу барбы деп сурайт. Аз. Пайгамбар ага: «Аларга короткон акчаларыңдан сага, албетте, сооп бар» деп жооп берет.1 Көрүнүп тургандай, Пайгамбарыбыз (сав) доорунун аялдары үй-бүлөсүн баккан, үй-бүлө жашоосунда сөзү өтүмдүү аялдар болгон; Пайгамбарыбыз (сав) да алардын мындай аракетин мактаган.
Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Эшлем уруусунан Куайбе бинт Саъддын оорулууларды жана жаракат алгандарды дарылаганы жазылып калган. Б.а. аялдар Пайгамбарыбыз (сав) доорунда докторлук кылышкан. Эфиопияга көчкөн акыл-эстүү, тажрыйбалуу бир аял Эсма бинт Умейстин да жакшы бир доктор болгону белгилүү. Үммү Селеме Эсма бинт Умейстин Аз. Пайгамбарга (сав) «Индия менен Йеменден алып келинген өсүмдүктөр жана зайтун майы менен бир дары» жасаганын айтат. Бул риваятта Эсманын ал дарыны жасаганды Эфиопиядан үйрөнгөнү да айтылат.2 Аз. Пайгамбар (сав) доорунда Мединада атырлар менен соода кылган аялдардын кээ бирлеринин аттары айтылып калган. Алардын бири Мүлейке Үммүъс-Саиб эль-Сакафиййе атыр сатуу үчүн Аз. Пайгамбарга кирет. Б.а. Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы аялдар соодагерлик да кылышкан.
Бүт башка мусулмандар менен бирге согушка катышкан аял сахабалардын абалын эң сонун баяндаган риваяттардын бири төмөнкүчө:
«Ыймандуулардын алаксып калганынан пайдаланган мушриктер катуу кирип келгендиктен, согуш майданына Пайгамбардын айланасындагы аны коргоого жооптуу болгон 10-12 кишилик топ да согушка кирүүгө мажбур болду. Бир заматта жападан жалгыз калган Пайгамбарыбыздын (сав) жанында бир гана Аз. Несибе бар эле. 40-50 секундалык бир жалгыздык эле бул. Мушриктердин бири мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кол салды эле, аны Несибе кылычы менен өлтүрдү. Андан соң экинчи бир мушрик кол салды Пайгамбарга. Эки кабат соот кийген бир мушрик эле. Канча урса да өлтүрө албады. Өзү далысынан белине чейин оор бир кылыч соккусун алды. Ал ортодо башка ыймандуулар үлгүрүп келип каапырды жок кылышты. Бул бир канча секунда ушунчалык маанилүү эле!.. Ухудда Несибе толук он бир жараат алды. Ошого карабастан, согуштун аягына чейин таштаган жок. Көрүнүп тургандай, жалган хадистердин тескерисинче, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар согуш майданындай өтө оор жерлерде да болушкан. Согушта Пайгамбарыбызды (сав) коргоо сыяктуу өтө маанилүү жерде аял сахабалар кызмат кылышкан. Пайгамбарыбыздын (сав) өтө кооптуу учурда аялдардын аны коргошун туура көрүшү ал аял сахабалардын акылына, абийирине канчалык ишенгенинин маанилүү бир белгиси. Куранда «Эй ыймандуулар, «Раина-бизди багытта, бизди кара» дебегиле. «Унзурна-Бизди байкап тур» дегиле ...» (Бакара Сүрөсү, 104) аятында бир эле ыймандуу эркектерге эмес, ыймандуу аялдарга да кайрылуу жасалган. Аятта аялдарга да «бизди багытта, бизди кара» дебегиле деп насаат кылынууда. Демек, Куранда аял багыт берилген, акылы төмөн болгону үчүн эркектер карап, багыттап туруу керек болгон бирөө катары эмес, тескерисинче өз бутунда турган, күчтүү, акылдуу, абийирине толук ишенилген, акыл-эстүү бирөө катары каралууда. Бирок канчалаган кылымдан бери аялдар жөнүндөгү ушундай жалган хадистер менен таалим-тарбия берилип келген кээ бир Ислам өлкөлөрүндө муну билбеген адамдардын саны көп. Ошондуктан «Куранда аял менен эркектин укуктары бирдей» дегенибизде буга болгон күчү менен каршы чыккандар билип же билбей Аллахтын аяттарына каршы чыгып жаткан болот.