Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Жалган хадистер кантип келип чыккан?

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Пайгамбарыбыздан (сав) алынган деген сөздөр (хадистер) жана Пайгамбарыбыздын (сав) кылган иш-аракеттери деп кабыл алынган риваяттар биринчи жолу Пайгамбарыбыз (сав) көз жумгандан бир канча кылымдан кийин гана жазылган. Белгилүү алты хадис китебинен турган Кутуб ас-Ситтаны жазгандардан Бухари хижрий (мусулман календарынын) 256-жылы, Муслим 261-жылы, Тирмизи 279-жылы, Абу Давуд 275-жылы, Насаи 303жылы, Ибн Маджа 273-жылы көз жумган. Шииттердин хадис китептери болсо башка, жана бир катар сунниттер менен шииттер бири-биринин хадис китептерин жараксыз дешет. Шииттердин хадис китептери андан да кийин жазылган. Белгилүү шиит хадисчилеринен Кулани хижрий 329-жылы, Бабувай 381-жылы, Жафар Мухаммед Туси 411-жылы, аль-Муртаза 436-жылы көз жумган.

Тарыхый булактардан жана бизге келип жеткен алгачкы хадистерден Пайгамбарыбыз (сав) жана төрт халифа доорунан эч бир жазылуу хадис жок экени белгилүү. Харави бул жөнүндө мындай дейт: «Сахаба (Пайгамбарды көргөндөр) да, табиун (Пайгамбарды көрбөгөн, бирок сахабаны көргөндөр) да хадистерди жазышчу эмес. Ооздон оозго гана айтылчу. Жөнөкөй жазылган бир канча тексттен тышкары бүт баары ушундай болгон. Бул жөнүндө айтылып калгандар жоголуп кетпеши үчүн Өмер бин Абдулазиз Абу Бакр аль-Хазмга бир кат аркылуу хадистерди изилдеп, жазууну буюрган.» Йезид бин Абдулмалик болсо Өмер бин Абдулазиз көз жумган соң Абу Бакр аль-Хазмды жана аны менен иштегендерди бул кызматтан алып койгон. Кийинки халифа Хишам аз-Зухри хадистерин биринчи болуп чогулткан киши деп кабыл алынат. Бул болсо Пайгамбарыбыздын (сав) көзү өткөндөн 2-3 кылым кийинге туура келет.

Бухариден мурда хадистерди тууралык даражасына карап бөлүү аракети да болгон эмес. «Сахих» жана «алсыз» деп хадистерди бөлүү аракети Бухари менен башталат. Хадистерди караганда болсо бул аракеттин керектүү натыйжаны бербегенин көрөбүз. Алсыз мындай турсун, толугу менен ойдон чыгарылган хадистер Ислам атынан жайылтылып, саны барган сайын өскөн.

Ал кезде буга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Себеби Пайгамбарыбыздын (сав) көзү өткөндөн хадис китептери жазылганга чейин 6-7 урпак өткөн эле жана ал хадистерди алган белгилүү хадис китептери аларды 6-7 адам бири-бирине айткан деген чынжырлар менен жеткиришкен. Ал хадистер жазылган кезде Пайгамбарыбыздан (сав) кийинки урпактан кийинкисинен кийинкиси да көз жумган эле. Б.а. хадисчилер хадисти жеткирген адамдардын чынчыл же чынчыл эмес экенин тастыктай турган кишилердин көзү тирүү эмес эле. Хадис аалымдары да муну билишкен. Муслим сахих, б.а. анык туура деп ынанган хадистердин баарын китебине киргизбегенин айтат (Муслим, 1-том). «Хадистер – диндин булагы» деген Бухари 600 миң хадис билип, 6000-7000 даанасын, б.а. 1%ын гана китебине киргизген. Калган 99%ын болсо ишенимдүү эмес деп ынанып, китебине киргизген эмес. Ошондуктан бул жерде бүт Ислам ааламы үчүн хадистер белгилүү кишилердин пикиринин негизинде аныкталган деген жыйынтык чыгат; бул болсо хадистерди «диндин булагы» деп кабыл алгандар үчүн абалдын оор экенин көрсөтөт. Себеби башкалар үчүн сахих деп саналган, бирок Муслим керек эмес деп китебине киргизбеген башка хадистер жөнүндө эч качан маалымат ала алышпайт. Бул жерде эске сала кетели; мындай иликтөөлөр учурунда Исламдын сахих, корголгон жана өзгөрбөгөн эң сонун китеби Курани Карим бир четке таштап коюлган.

Египеттик ойчул Ахмед Амин хадис ойлоп табуунун масштабын көрсөткөн төмөнкүдөй акылдуу ойду айтат: «Кызыгы, эгер хадистерди түшүндүрө турган абалда колго алсак, пирамида формасында экенин көрөбүз. Пирамиданын башы Аллахтын элчисинин (пайгамбарынын) доору болуп төмөн түшкөн сайын пирамиданын туурасы чоңойот. Пирамиданын түбүнө жеткенде Пайгамбар (сав) доорунан канчалык кенен экенин байкайбыз. Чындыгында болсо, тескерисинче болушу керек эле. Себеби Пайгамбардын (сав) жанындагылар хадистерди эң көп билгендер эле. Кийин алар көз жумган соң хадистерди билгендердин саны азайып, натыйжада жогорудагы пирамида тескери формада болмок. Бирок биз Омейяддар доорундагы хадистердин бул доордогулардан көбүрөөк экенин көрөбүз.» (Ahmed Emin, Duhaul İslam)

Натыйжада бири-биринен айырмалуу, ал тургай, кээ бирлери башкаларына карама-каршы келген жүз миңдеген хадистин болушу жана сахихтиги бир катар хадис аалымдары арасында да пикир келишпестиктерге себеп болгон. Мисалы, Икрима Бухари жана белгилүү көптөгөн хадисчинин ою боюнча, өтө ишенимдүү бир риваятчы болсо, Муслим аны жалганчы деп айыптаган. Мындай мисалдар толтура. Алардын балким эң кызыгы; Исламдын эң белгилүү хадис китебинин автору Бухари төрт мазхабдын эң чоңу болгон Ханафи мазхабынын башчысы Абу Ханифаны «гайри-сика», б.а. «ишенүүгө болбой турган киши» деп жарыялап, андан бир дагы хадис алган эмес. Эң белгилүү хадисчинин ою боюнча, эң белгилүү мазхабдын негиздөөчүсү ишенимсиз адам болгон; бирок мусулман ааламынын өтө көп бөлүгү аларды эң ишенимдүү эки хадис аалымы деп кабыл алат. Башкача айтканда, хадис жеткиргендердин ишенимдүүлүгү жөнүндөгү талаш-тартыштарда карама-каршы пикирлер хадистердеги карама-каршылыктардай эле көп.

Пайгамбар Мырзабыздан (сав) алынган жана Курандын рухун чагылдырган көп сандагы сонун хадистин арасына көптөгөн ойдон чыгарылгандардын аралашып кеткенинен тышкары, хадистердин өткөрүлүшүндө да маселелер бар. Көп адамдар хадистерди Пайгамбарыбыздын (сав) оозунан түздөн түз алынган сөздөр деп ойлошот, бирок бул туура эмес. Аларды хадис аалымдары да түз Пайгамбардан (сав) алынган сөздөр деп айтышпайт. Бухари баш болуп, көптөгөн хадисчилер хадистин маанисинин гана өткөрүлүшү жетиштүү, сөздү толук жаттоо шарт эмес деп кабыл алышкан. Бул болсо өткөрүлгөн сөздөргө, албетте, көптөгөн башка пикирлердин кошулуп кетишине, туура эмес түшүнүп калынган нерселердин туурадай жеткирилишине жана сөздү толук түшүнбөгөндөрдүн туура эмес айтып калтырышына себеп болгон.

Хадисти мааниси менен эле ала берүүгө болот деп кабыл алынган соң, кээде хадистин башын же аягын укпай калуу да маанисинин такыр бузулуп кетишине себеп болгон. Мисалы, Абу Хурайрадан «Каражолтойлук үч нерседе болот; үй, аял жана атта» деп Пайгамбарыбызга (сав) хадис ыйгарылганын уккан Аз. Айша: «Аллахка ант болсун, Аллахтын элчиси (пайгамбары) эч качан минтип айткан эмес. Ал мындай деп айткан. «Караңгы (жахилия) адамдар мындай дешчү: Каражолтойлук үч нерседе болот; үй, аял жана атта.»» деген. Төрт мазхабдын негиздөөчүлөрү – албетте, өтө барктуу мусулмандар жана баалуу Ислам аалымдары. Бирок төрт мазхабдын курулушунда да ушул хадистердин чоң роль ойногонун билүү керек. Төрт мазхабдын негиздөөчүсү тең өзү тандаган хадистерди өз мазхабдары үчүн негиз тутушкан.

Төрт имам Кутуб ас-Ситтаны, б.а. алты белгилүү хадис китеби жыйнагын жазган хадис имамдарынын критерийлеринин сыртына чыгып, өз мазхабдарын курушкан. Жогоруда да айтылгандай, алардын эң чоң мазхабы болгон Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү Абу Ханифага Бухари баш болгон көп хадис имамдары тарабынан «хадис илими күчтүү эмес жана көбүнчө өз пикирлерин алдыңкы планга чыгарган» деген сын айтылган. Хадис аалымдары менен мазхабдар сахих (ишенимдүү) деп эсептеген хадистер арасында чыккан ушунча карама-каршылыктарга карабастан, хадистерди эч танууга болбойт дегендер да пайда болгон. Ал кишилердин башчылыгы менен, мисалы Бухари жана Муслимдеги «бир эле хадисти жокко чыгарган адам каапыр болот» деген туура эмес, тантырак түшүнүк жайылган. Андан да ары кетип, кийинки бөлүмдөрдө терең каралгандай, хадистер Куран аяттарынын өкүмүн жокко чыгарат дегендер да чыккан. Фанаттардан турган караңгы, сабатсыз топтордун келип чыгышынын чыныгы себеби мына ушундай туура эмес түшүнүктөр болууда.

Ар кандай жалган (мавзу) хадистер кантип Ислам дининде бири-биринен айырмалуу өкүмдөрдү камтыган мазхабдарды пайда кылганын чогуу көрөлү.