Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Караңгы коркунуч: фанатизм: Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү

Мазмуну
  1. Туура эмес билинген Ислам
  2. Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
  3. Курандагы чыныгы шарият
  4. Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
  5. Курандагы чыныгы жихад
  6. Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
  7. Куран «корголгон» бир китеп
  8. Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
  9. Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
  10. Медина доору жана согуштар
  11. Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
  12. Куранда согуштун сүрөттөлүшү
  13. Келишим түзүлгөн мушриктер
  14. Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
  15. Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
  16. Исламда согушка себеп жок
  17. Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
  18. Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
  19. Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
  20. Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
  21. Согушту кимдер каалайт?
  22. Бөлүмдүн аягы
  23. Фанаттардын жасалма дини
  24. Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
  25. Жалган хадистер кантип келип чыккан?
  26. Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
  27. Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
  28. Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
  29. Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
  30. Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
  31. Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
  32. Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
  33. Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
  34. Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
  35. Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
  36. Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
  37. Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
  38. Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
  39. Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
  40. Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
  41. Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
  42. Мастын өлтүрүлүшү
  43. Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
  44. Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
  45. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
  46. Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
  47. Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
  48. Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
  49. Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
  50. Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
  51. Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
  52. Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
  53. Эчкинин улагы
  54. Ачка коюлган төө жана кожоюну
  55. Уктап жаткан жейрен
  56. Жүзү куйкаланган эшек
  57. Жаныбарларга жакшылык кылуу
  58. Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
  59. Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
  60. Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
  61. Курандагы аял
  62. Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
  63. Аялдар ийри деген көз-караш
  64. Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
  65. Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
  66. Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
  67. Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
  68. Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
  69. Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
  70. Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
  71. Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
  72. Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
  73. Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
  74. Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
  75. Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
  76. Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
  77. Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
  78. Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
  79. Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
  80. «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
  81. Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
  82. Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
  83. Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
  84. Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
  85. 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
  86. 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
  87. 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
  88. Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
  89. «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
  90. Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
  91. Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
  92. «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
  93. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
  94. Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
  95. Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
  96. Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
  97. Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
  98. Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
  99. Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
  100. Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
  101. 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
  102. Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
  103. Аял жана мурастагы укугу
  104. Аялдын ажырашуу укугу
  105. Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
  106. Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
  107. Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
  108. Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
  109. Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
  110. Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
  111. Эненин баркталышы
  112. Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
  113. Эркектер жогору деген жалаа
  114. «Аялдарды ургула» деген жалаа
  115. Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
  116. Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
  117. Фанаттардын искусствону жек көрүшү
  118. Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
  119. Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
  120. Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
  121. Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
  122. «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
  123. Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
  124. Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
  125. «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
  126. «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
  127. Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
  128. Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
  129. Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
  130. Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
  131. Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
  132. Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
  133. Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
  134. Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
  135. Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
  136. Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
  137. Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
  138. Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
  139. «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
  140. Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
  141. Макталган иудейлер
  142. Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
  143. Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
  144. Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
  145. Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
  146. Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
  147. Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
  148. Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
  149. «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
  150. Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
  151. Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
  152. «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
  153. Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
  154. «Жолдун тар тарабына кыскыла»
  155. «Еврей дарагы гаргад»
  156. Куранда китеп берилгендердин баркталышы
  157. Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
  158. Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
  159. Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
  160. Куранда Инжил жана Тоорот
  161. Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
  162. Жыйынтык

Куранда согуштун кандайча сүрөттөлгөнүн карап чыккан соң, эми бир катар радикалдар тарабынан пайдаланылган жана бир катар Исламга каршы чыккандар тарабынан Исламды сындоо үчүн колдонулган согуш аяттарын карайлы:

Бакара Сүрөсүнүн 191-аяты Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө жана силерди чыгарган жерден силер да аларды чыгаргыла. Фитна (бузукулук) – өлтүрүүдөн жаман. Алар силерге каршы согушканга чейин силер Харам Мечитинин жанында алар менен согушпагыла. Силер менен согушса, силер да алар менен согушкула. Каапырлардын жазасы мына ушундай.

Бакара Сүрөсү, 191

Бул аят – мусулмандар оор кысымчылык жана зомбулукка кабылып, Меккеден чыгарылып Мединага көчүүгө мажбурланган соң түшүрүлгөн бир аят. Жогоруда терең сүрөттөлгөн шарттар түзүлүп, мушриктердин оор зулумдугуна жана түздөн-түз кол салууларына каршы мусулмандар өздөрүн коргонуу буйругун алышкан. Зулумдук кылууну токтотпогон, жакшы сөздү түшүнбөгөн жана тынчтык, ынтымак чакырыктарына кулак салбаган кишилерге өздөрүнүн ыкмасы менен жооп кайтаруу керек экени айтылган.

Бирок аятта Курандагы согуш укугу жөнүндөгү эскертүү да кайра кайталанган: «Алар силерге каршы согушканга чейин силер Харам Мечитинин жанында алар менен согушпагыла. Силер менен согушса, силер да алар менен согушкула.» Көрүнүп тургандай, согушуунун бир гана шарты бар: берки тараптын кол салышы. Алар согушмайынча же кол салмайынча, мусулмандарга согушууга эч уруксат берилген эмес. Бул аятты өз ойлорунда бурмалаган радикалдардын да, Исламга каршы чыккандардын да аяттагы бул маанилүү өкүмдү көрмөксөн болушу, албетте, чоң күмөн туудурат. Аят мусулмандарга өздөрүн коргонуу эркиндигин гана берүүдө. Ошондуктан согуш жана кол салуу бул аяттын өкүмү эмес.

Аяттагы дагы бир маанилүү жагдай болсо төмөнкүчө кабар берилген: «Фитна (бузукулук) – өлтүрүүдөн жаман.» Адамдарды күүлөө, жек көрүүнү күчөтүү, ушак таратып жек көрүү, анархия жана террорду жайылтуу жана адамдарды бир-бирине касташтыруу «фитна чыгаруу» болуп саналат жана аятта айтылгандай мындай фитна чыгаруу адам өлтүрүүдөн да жаман. Мусулмандарга кол салгандар көрүнөө да, психологиялык жактан да, тымызын да ушундай фитна чыгарышат. Натыйжада чоң зыян келтиришет. Кол салууга өткөндө болсо мусулмандар, албетте, өздөрүн коргонушат.

Учурда бир катар фанаттар ар жерден уккан маалыматтарына же ойдон чыгарылган нерселерге алданып, адамдарды, элдерди, диндерди же өлкөлөрдү «фитна чыгаруучу» деп жарыялашы жана буга ушул Куран аятын далил көрсөтүүгө аракет кылышы болсо чоң бир акылсыздык. Фитна мусулмандарды бөлүп-жаруу, аларды ар кандай кыйынчылыктарга салып зыянга жана күнөөгө түртүү, андан соң массалык көтөрүлүштөргө негиз даярдоо, мусулмандарга колу менен же тили менен кол салуу сыяктуу бузукулукка жол ача турган кыймыл-аракеттерди камтыйт. Ошондуктан бир адамды «фитна» менен айыптоо үчүн ал адам ушул айтылган иштердин бир же бир канчасын жасаган болушу керек. Учурда «фитна чыгаруучу» деп мөөрлөп, өзгөчө иудейлерди (еврейлерди) же Израилди айыптаганга аракет кылгандар бул аятка толук карама-каршы келишет.

Куран боюнча, иудейлерди же Израилди толугу менен «фитна чыгаруучу» деп жарыялоо арам, б.а. мындайга тыюу салынган. Ар бир динде же өлкөдө фитна чыгарган адамдар болушу мүмкүн. Бирок араптарда, түрктөрдө же мусулмандарда фитна чыгаргандар болгону үчүн араптардын, түрктөрдүн же мусулмандардын баарын «фитна чыгаруучу» деп жарыялаганга болбогон сыяктуу, иудей жана израилдиктердин баарын да «фитна чыгаруучу» деп жарыялаганга болбойт. Куран боюнча, бир мусулман бир иудейдин үйүнөн тамак жей алат, ага конок жана дос боло алат, ал тургай, ага үйлөнө алат (бул жагдайлар китептин атайын ушул темага арналган бөлүмүндө терең каралат). Демек, бир мусулман бир иудейди эч негизсиз эле «фитна чыгаруучу» деп жарыялай албайт. Муну кылгандар, башында да айтылгандай, Куранды эч билбеген, фитна жөнүндө иудейлер жөнүндөгү сансыз ойдон чыгарылган хадистердин таасири астында чоңойгон сабатсыз (караңгы) адамдар. Бул хадистер жана Куран боюнча, ахли китаптын (христиан жана иудейлердин) абалы кийинки бөлүмдөрдө терең каралат. Ниса Сүрөсүнүн 89, 90, 91-аяттары Алар өздөрү динди тангандай, силердин да ыймансыз болушуңарды каалады. Ошентип бирдей болуп калмаксыңар. Демек, Аллах жолунда хижрат кылганга (көчкөнгө) чейин алардан дос тутпагыла. Эгер кайра жүз бурушса, анда аларды кармагыла жана каерде колго түшүрсөңөр өлтүргүлө. Аларды дос (вели) да, жардамчы да кылбагыла. (Ниса Сүрөсү, 89)

Бирок силер менен араларында келишими бар бир элге баш калкалагандар же силер менен да, өз коому менен да согушуу (каалабай мын)дан көкүрөктөрүн кыйноо басып силерге келгендер(ге тийүүгө болбойт). Аллах каалаганда, аларды силерге кол салдырып, ошентип силер менен согушушмак. Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса, анда Аллах силерге аларга каршы бир жол берген эмес.

Ниса Сүрөсү, 90

Калгандарынын да силерден жана өз коомдорунан коопсуздукта болууну каалаганын көрөсүңөр. (Бирок) Фитнага кайра чакырылган сайын, ага болушунча чумкушат. Эгер силерден алыс турбай, тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырбаса жана колдорун тартышпаса, анда аларды каерде көрсөңөр кармагыла жана аларды өлтүргүлө. Силерге аларга каршы апачык «колдоочу бир далил» бердик.

Ниса Сүрөсү, 91

Бул аяттарда мүнафыктар (эки жүздүүлөр) айтылып жатат. Мүнафык – өзүн мусулманмын деп, мусулмандар арасында жашаган жана алардан сыяктуу көрүнгөн, бирок чындыгында ичинен Аллахка жана Исламга душмандык сезип, мусулмандарга артынан кол салууга аракет кылган бир жандык. Аллах мүнафык бойдон көз жумгандардын тозоктун эң астыңкы кабатында болоорун кабар берип, аларды басмырлаган. Көрүнүп тургандай, мүнафык – эки жүздүү жана чыккынчы мамилеси себептүү, ыймансыздарга да, мушриктерге да окшобогон, өтө кооптуу жана өтө жаман бир адам модели.

Мусулмандарды жарым жолдо таштаган жана мусулмандардын да өздөрү сыяктуу ыймансыз болушун каалап, ошол багытта аракет кылган мүнафыктарды дос кылууга Ниса Сүрөсүнүн 89-аятында тыюу салынган. Алар менен согушууга уруксат берилген жагдай, б.а. «эгер кайра жүз бурушса» дегендин мааниси – бул мүнафыктардын мусулмандарга кол салышы. Муну кийинки аяттан да түшүнүүгө болот. 90-аятта «Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса» деп айтылгандай, кол салбаган бир коомго каршы согушууга жол берилген эмес. Өлтүрүү уруксаты берилген коомдун мусулмандарга согуш ачкан бир коом экени ачык. Бул жерден да мусулмандарга кол салуу болгондо өздөрүн коргонуу укугу берилгени апачык көрүнүп турат.

Ошондой эле, Ниса Сүрөсүнүн 90-аяты – Курандын адилеттүү, кечиримдүү, боорукер жана дайыма тынчтыкты сактаган стилинин дагы бир көрсөткүчү. Ошол кезге чейин мусулмандарга артынан кол салып, чыккынчылык кылганына карабастан, мүнафыктардын бир бөлүгүнө «Бирок силер менен араларында келишими бар бир элге баш калкалагандар же силер менен да, өз коому менен да согушуу (каалабай мын)дан көкүрөктөрүн кыйноо басып силерге келгендер(ге тийүүгө болбойт).» деген өкүмгө ылайык мусулмандарга тынчтыкчыл мамиле кылганы үчүн аяттын өкүмү боюнча тийүүгө болбойт. Ушул эле аятта Аллах «Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса, анда Аллах силерге аларга каршы бир жол берген эмес.» деп, аларга тийүүгө болбой турганын дагы бир жолу эске салууда. Бул болсо адилеттүүлүктүн дал өзү.

91-аятта да ушул эле шарттар айтылган. Ошол доордо согуш каалабаганын айтып, бушайман болгон мүнафыктардын бир бөлүгү кайра фитнага кирип, кайрадан мусулмандарга кол салып башташкан. Мына ошол жагдайда кайрадан Курандагы согуш өкүмү эске салынып, кол салмайынча аларга тийбей, кол салган болсо мусулмандардын өздөрүн коргоно алаары айтылууда.

Ошондой эле, бул аятта айтылган жагдайдын Ухуд согушу учурунда болгон бир окуя жана согуш талаасында чыккынчылык кылган мүнафыктар жөнүндө айтылганын да эске салуу керек.

Тообо Сүрөсүнүн 5-аяты Арам айлар (мөөнөт берилген төрт ай) бүткөн (чыккан) соң мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө, аларды кармагыла, курчагыла жана алардын бүт өтө турган жолдорун тосупкармагыла. Эгер тообо кылып, намаз кылышса жана зекетти беришсе, жолдорун ачкыла. Чындыгында, Аллах кечиримдүү, боорукер.

Тообо Сүрөсү, 5

Бул аяттагы шарттарды түшүнө алуу үчүн Тообо Сүрөсүн 1-аятынан баштап окуу керек. Ошондо кол салуу жообу жасала турган мушриктердин «бүт мушриктер» эмес, мусулмандарга зомбулук кылып, кол салган жана андан соң арам айларда согушпоо үчүн өз ара келишим түзүлгөн мушриктер экенин түшүнөбүз. Бул жерде «мусулмандар менен адилеттүү бир келишим түзүлгөнүн жана мусулмандардын арам айлар бою согушка кирбей турганын өтө жакшы билип туруп» мусулмандарды капыстан кармаганга жана тымызын кол салганга аракет кылып, арам айларда кол салууларын улантып, мусулмандарды өлтүрүүгө аракет кылган мушриктер жөнүндө айтылган.

Ошол шарттарда мусулмандарга ушул аят аркылуу зомбулук кылып, кол салгандарга каршы өздөрүн коргонуу укугу берилген. Аяттан көрүнүп тургандай, мушриктердин кол салуулары арам айларда болгонуна карабастан, мусулмандар Аллахтын өкүмүнүн негизинде арам айлар учурунда жооп бербей, ал мөөнөт бою сабыр кылып, арам айлар бүткөн соң коргонуп башташкан. Аятта, ошондой эле, коргонуу ыкмасы да сүрөттөлгөн: кармоо, курчоо жана бүт өтө турган жолдорун тосуу. Эл аралык укукка таянган согуштарда сөзсүз эң биринчи шарт курчоого алып, кармоо болуп саналат. Курчоо үчүн өтө турган жолдору тосулуп, душман тараптын алдыга жылышына бөгөт коюлат. Ошондуктан бул аятта учурдагы эл аралык укукта туура көрүлгөн ыкма сүрөттөлгөн. Ортодогу бир айырма: Курандын бул аятында мусулмандар кол салуу жасабайт, алар бир гана өздөрүнө кол салгандарды токтотконго аракет кылышат.

Ошондой эле, бул аят боюнча кол салууну токтотуп, тообо кылгандарга карата эч согуш жүргүзүлбөйт. Алар эркин койо берилишет.

Бул аяттан кийинки аятты караганда болсо, Курандын чыныгы сүйүү жана боорукердик рухун көрсөткөн сөздөрдү көрөбүз. Мына ушул аят – Исламга каршы чыккандардын бул темадагы мусулмандар жөнүндө айткан бүт сөздөрүн жокко чыгаруучу бир аят. Ал аят төмөнкүдөй:

Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.» Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү.

Тообо Сүрөсү, 6

Бул аятта мусулмандарга аларга корголонуп, жардам сураган бир мушрикке «өз жаныңарды коркунучка салып» жардам бергиле деп айтылууда. Бул аят боюнча, бир мусулман мушриктерди коргоо үчүн ӨЗҮН ТОСУУДА. Башкача айтканда, бир мусулман Аллахты танган бир кишинин жанын коргоо үчүн өз жанын рискке салып, аны коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткирүүгө милдеттүү.

Бул Курандын өкүмү. Курандын өкүмү боюнча, бир адам Аллахка ишенбейт деп «өлтүрүлбөйт», тескерисинче мусулмандар аны өз жанын аябай коргошот. Ошондуктан согуштун шарты тигил тараптын Аллахка ишенип ишенбеши же башка динден болушу менен байланыштуу эмес. Согуштун шарты – тигил тараптын кол салып, мусулмандарды кыйнашы, өлтүрүшү.

Аят ишарат кылган дагы бир акыйкат болсо мындай: кол салып, чектен чыкпаган соң, динине, тилине, улутуна, ишенимине карабастан, бүт адамдар мусулмандар тарабынан коргоого алынышы керек. Бир мусулман башка мусулманды коргогон сыяктуу, ахли китапты да, ал тургай, атеистти да, коммунистти да коргоого милдеттүү. Бул мусулман болуунун бир талабы. Бул Курандагы мусулмандын мүнөзү. Бир адам «мен мусулманмын» десе, демек башкаларды коргошу керек.

Тообо Сүрөсүнүн 13-аяты Анттарын бузган, пайгамбарды сүрүп чыгарганга чейин барган жана силер менен (согушту) биринчи болуп баштаган коомго (элге) каршы согушпайсыңарбы? Же алардан коркосуңарбы? Эгер ишенсеңер АЛЛАХтан коркуп-тартынышыңар керек.

Тообо Сүрөсү, 13

Бул аят Куранда согуштун өкүмүн көрсөткөн аяттардын дагы бирөөсү. Мусулмандар менен келишим түзгөн, б.а. келишим боюнча тынчтыкта жашаган бир мушрик коом келишимин бузуп, кол салып баштаганда; Пайгамбарыбызды (сав) жашаган жеринен башка бир жерге сүргүн кылууга аракет кылганда; жана аятта апачык айтылгандай согушту БИРИНЧИ БОЛУП БАШТАШКАНДА, мусулмандарга аларга каршы согушууга жол берилет.

Маида Сүрөсүнүн 33-аяты Аллахка жана Пайгамбарына каршы согуш ачкандардын жана жер жүзүндө бузукулукка аракет кылгандардын жазасы – өлтүрүлүү, асылуу же колдору менен буттарынын кайчылаш кесилиши же (жашаган) жеринен сүрүлүү гана. Бул алардын дүйнөдөгү басмырланышы, акыретте алар үчүн чоң азап бар.

Маида Сүрөсү, 33

Бүт согуш жөнүндөгү аяттарда өзгөчө баса белгиленген жагдайга бул аятта да көңүл бурулган. Бул жерде согушула турган элдин сыпаттары өтө терең баяндалган: Аллахка жана пайгамбарына түздөн-түз согуш ачышы жана жер жүзүндө бузукулук чыгарышы. Көрүнүп тургандай, андай адамдар мусулмандарга эле кол салып тим болбой, ошол эле учурда бүт жер жүзүндө да фитна чыгарышат. Б.а. бул аятта бүт дүйнөнүн башына балээ болгон, бүт адамдар бузуку экенин билген чектен чыккан, согушчаак бир коом айтылууда. Мусулмандарга иш жүзүндө согуш ачкан бир коомго каршы согушканда –бүт согуштардагы сыяктуу- керек учурда өлтүрүү да, аларды турган жеринен сүрүп чыгаруу да болушу мүмкүн. Башкача айтканда, Куран аяттарында мусулмандарга кадимки шарттарда арам болгон (тыюу салынган) иштерге –адам өлтүрүү жана сүргүн кылууга- ушундай согуш учурунда гана уруксат берилген.

Анфал Сүрөсүнүн 57-аяты Мындан улам согушта аларды кармасаң, ушундай талкала; алар менен артынан келе тургандар(ды коркутсун). Мындан сабак алышаар.

Анфал Сүрөсү, 57

Бул аятты дагы жогоруда терең каралган жана далилдер келтирилген логиканын негизинде кароо зарыл. Пайгамбарыбызга (сав) бир катар аяттар түшүрүлгөн Медина доорунда өтө көп согуштар болгонун унутпаш керек. Ал согуштар «Алар «Раббибиз – Аллах» дегени үчүн гана адилетсиздик менен мекендеринен сүргүн кылып чыгарылышты...» (Хаж Сүрөсү, 40) деген аятта айтылгандай, мусулмандарга жасалган адилетсиз зулумдуктун натыйжасында гана келип чыккан. Ошондой эле, мусулмандар «Эгер силерден алыс туруп (артка кайтып), силер менен согушпаса жана тынчтыкты (шарттарын) силерге калтырышса, анда Аллах силерге алардын зыянына жол бербейт.» аятына ылайык тигил тарап согушту токтоткондо, согушту токтотконго жана алардын зыянына эч нерсе жасабаганга милдеттүү.

Анфал Сүрөсүнүн 57-аятынан бир канча аят мурдасын карасак, кайра эле ошол кезде мусулмандар менен келишим түзгөн коом жөнүндө айтылганын түшүнөбүз. Коргонууга уруксат берген дээрлик бүт Куран аяттарында атайын белгиленгендей, бул коомдун да «келишимдерин бузган» жана натыйжада көп өтпөй кол салып баштаган бир коом экени айтылат.

Кайра кайра кол салган, эч бир сөздү укпаган жана дайыма түзүлгөн келишимдерге каршы чыгып, фитна чыгарган андай коомго карата сестенте турган күч көрсөтүү маанилүү. Себеби ошондо фитнаны адат кылып алган андай адамдардын фитнага күчү жетпей калат жана алардын артынан фитна чыгарууга жана кол салууга даярданган башка мушрик топтору да коркуп калышат. Бул ар түзүлгөн келишимге каршы чыгып, согуш баштаган андай адамдарга керектүү, маанилүү жана кийинки согуштарга бөгөт болуучу бир чара болуп саналат. Дүйнөнүн дээрлик бүт өлкөлөрүнүн конституциясында жана эл аралык укукта бүт жазалардын «сестентүүчү» болушуна көңүл бурулат. Максат – кылмыштын ошол эле киши же башка адамдар тарабынан жасалышына бөгөт коюу. Эл аралык укукта мындай чараларды туура көргөн жана укук мамлекеттер үчүн керектүү деп эсептегендердин Исламга келгенде муну Исламга каршы колдонууга аракет кылышы акылмандыкка, адилеттүүлүккө жатпайт.

Мухаммед Сүрөсүнүн 4-аяты Демек, ыймансыздар менен согуш учурунда беттешкениңерде моюндарына ургула; аягында аларды «жакшылап кыйратып жеңишке жеткен соң» (туткундар үчүн) байлоону бекем кылгыла. Андан соң же берешендик кылып (аларды койо бергиле) же бир акы (алып койо бергиле). Ошентип согуш жүгүн таштасын (бүтсүн). Мына ушундай; эгер Аллах каалаганда, албетте алардан өч алмак.

Бирок (согуш) силерди бир-бириңер менен сыноо үчүн. Аллах жолунда өлтүрүлгөндөрдүн болсо (Аллах) эч качан кылган иштерин текке кетирбейт.

Мухаммед Сүрөсү, 4

Башка аяттардагы сыяктуу, бул аятта да согуш шарттарына көңүл бурулган. Келишим бузулуп, мушриктер кол салууга өткөн жана ага жооп берүүдөн башка жол калган эмес. Бул аятта эл аралык согуш укугу сүрөттөлгөн. Болгондо да, эл аралык согуш укугунда иш жүзүндө жасалбаган бир иш-аракет бул жерде орун алган, жана бул аят боюнча согуш бүтөөр замат туткундар эркин койо берилет. Ал эми азыркы дүйнөдө болсо Афганистанга кийлигишүү бүткөнүнө карабастан, Гуантанамодо согуш туткундары дагы эле камакта жатышат жана БУУ, НАТО сыяктуу уюмдар муну кадыресе көрүнүш катары карашууда. Мына ушул укукту Куран туура көрбөйт. Ислам боюнча, согуш бүттү деп жарыяланышы үчүн туткундар сөзсүз эркин койо берилиши керек. Согуш жөнүндөгү аяттардын ошол кездеги абал жана шарттарга жараша сүрөттөлгөн коргонуу согуштары экени, кол салууну баштаган зомбулукчу, фитна чыгаруучу, бузуку мушриктерге жана мүнафыктарга карата жасалганы негизи айдан ачык. Бул аяттардын маанилери өзгөртүлүп, радикалдардын жек көрүүчү саясаты үчүн колдонулушунун эң негизги себеби – бул жүздөгөн жалган хадистердин Исламга кошулушу жана бир катар тафсирчилердин (чечмелөөчү кишилердин) туура эмес көз-карашы. Куранды Исламга кийин кошулган жалган хадистерден жана ойдон чыгарылган нерселерден тазаланып, таптаза жана жарык бир мээ менен окуу керек. Ошол доордун согуш шарттарынын негизинде караганда аяттардын мааниси апачык түшүнүктүү болот.