Караңгы коркунуч: фанатизм: Туура эмес билинген Ислам
Мазмуну
- Туура эмес билинген Ислам
- Исламды зөөкүрдүк дининдей көрсөткөндөр туура эмес колдонгон эки негизги түшүнүк: шарият жана жихад
- Курандагы чыныгы шарият
- Чыныгы Куран шарияты бир өлкөгө кандай пайдаларды алып келет?
- Курандагы чыныгы жихад
- Бир мусулман Курандагы бүт аяттарга, толук ишенүүгө милдеттүү
- Куран «корголгон» бир китеп
- Мекке доорундагы мусулмандар жана Медина доорундагы мусулмандар деп бөлүүдөгү жаңылыштыктар
- Мекке доорунда мусулмандардын оор сыноосу
- Медина доору жана согуштар
- Согуштар кимдерге каршы жүргүзүлгөн?
- Куранда согуштун сүрөттөлүшү
- Келишим түзүлгөн мушриктер
- Тарыхтын биринчи көптүк жана эң демократиялык конституциясы: Медина документи
- Согуш жөнүндөгү аяттар жана түшүндүрмөлөрү
- Исламда согушка себеп жок
- Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?
- Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?
- Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?
- Согуш: душмандарды жок кылуу үчүнбү?
- Согушту кимдер каалайт?
- Бөлүмдүн аягы
- Фанаттардын жасалма дини
- Фанаттардын динине багыт болгон жалган хадистер
- Жалган хадистер кантип келип чыккан?
- Мазхабдар арасындагы айырмачылыктар
- Курандын сыртынан өкүм издегендер чыныгы динге кайтышы керек
- Ислам ааламынын Куранды таштап коюшу
- Куран – дайыма колубузда болушу керек болгон жол башчыбыз
- Чоң бир маселе: хадистер аяттарды жокко чыгарат деген доомат
- Фанаттык түшүнүктүн чектерин жакшы түшүнүү
- Ичимдик ичкендердин өлтүрүлүшү
- Сакал-мурутун алгандардын өлтүрүлүшү
- Ойноштук (зынаа) кылгандардын өлтүрүлүшү
- Куранда ойноштуктун (зынаанын) өкүмү
- Уурулук кылгандардын өлтүрүлүшү
- Динден кайткандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштагандардын өлтүрүлүшү
- Намазды таштаган жаш балдардын өлтүрүлүшү
- Зекет бербегендердин өлтүрүлүшү
- Орозону таштагандын камалышы жана ач коюлушу
- Мастын өлтүрүлүшү
- Пайгамбарга карата адепсиз сөз айткандардын тообого чакырылбай өлтүрүлүшү
- Фанаттардын дининдеги каргышка калган жаныбарлар деген караңгы түшүнүк
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларга зулумдук кылган адаттарды жок кылган
- Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан жаныбарларды ашыкча иштетүүгө тыюу салынган
- Иштеген жаныбарларга эс алуу укугу
- Пайгамбарыбыз (сав) жаныбарларды кыйноого тыюу салган
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне ит менен күчүктөрүнө болгон боорукердиги
- Пайгамбарыбыздын (сав) жаныбарларды жакшы көргөнүн көрсөткөн сөзү «бүт иттердин жаны барктуу»
- Пайгамбарыбыздын (сав) мышыгы «мүезза»
- Пайгамбарыбыздын (сав) эне чымчык менен балапандарына боорукердиги
- Эчкинин улагы
- Ачка коюлган төө жана кожоюну
- Уктап жаткан жейрен
- Жүзү куйкаланган эшек
- Жаныбарларга жакшылык кылуу
- Фанатизмдин жийиркеничтүүлүгү
- Фанаттардын караңгы дин жана сапатсыз мусулман түшүнүгү
- Аялдар бул дүйнөнүн эң сонун жакшылыктарынын бири
- Курандагы аял
- Аялдын акылы менен дини кем деген көз-караш
- Аялдар ийри деген көз-караш
- Аялдарды басмырлоо үчүн ойдон чыгарылган хадистер жана сөздөр
- Аялдар дин менен жашаганга тоскоол болот деген көз-караш
- Аялдардын акылын укпаш керек деген көз-караш
- Аялдар экинчи топтогу жандыктар жана Аллах аялдарды артта калтырган деген жалаа
- Аялдардын жасанышына тыюу салган сөздөр
- Фанаттардын көз-карашында мусулман аялдардын күйөөлөрүнө болгон мамилеси
- Аялга Куранда берилген укук жана артыкчылыктар фанаттык динде жок
- Күйөөсү менен ажырашкан аялдын абалы
- Аялдын күйөөсү андан ыраазы болгонго чейин күнөөкөр саналышы
- Аялдарды сыртка чыгарбаш керек жана алар шайтанга оңой алданат деген көз-караш
- Аял намазды бузат жана аялдар каражолтой деген көз-караш
- Аялдарды жаныбарларга салыштырган фанаттык түшүнүктөн мисалдар
- Жыйынтык: Куранда аял эң көп баркталат
- Аялды чектөө ыкмасы катары Куран маанилеринин котормолоруна «жоолук» сөзүнүн кошулушу
- Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
- Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
- «Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
- Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
- Жалган хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
- Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
- Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
- 1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
- 2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
- 3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
- «Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
- Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
- Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
- «Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
- Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
- Жоолук жөнүндө колдонулган жалган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
- Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
- Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
- Куранда жоолук эмес, «жилбаб» айтылат
- Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
- Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
- Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
- 2 аял = 1 эркек жаңылыштыгы
- Аял жана белгилүү убакытка карыз алууда күбөгө өтүү
- Аял жана мурастагы укугу
- Аялдын ажырашуу укугу
- Ажырашуу жана ажырашкан соң аялдын корголушу
- Ажырашканда аялдардын көңүлүн алуу жана ыраазы кылуу
- Ажырашкан соң аялдардын материалдык кепилдикке алынышы
- Аялдарга берилген мал-мүлктөрдүн ажырашкан соң кайра алынбашы
- Ажырашкан соң аялдарды турак жай менен камсыз кылуу
- Аялдарга мажбурлап мураскор болбоо
- Эненин баркталышы
- Эркек жогору деген жалаа жана аялды уруу жөнүндө ойлоп чыгарылгандар
- Эркектер жогору деген жалаа
- «Аялдарды ургула» деген жалаа
- Аялдар жөнүндө башка жаңылыштыктар
- Пайгамбарыбыздын (сав) аялдарды мактаган сөздөрү
- Фанаттардын искусствону жек көрүшү
- Тамашалашуудан, күлүүдөн алыс болуу керек деген көз-караш
- Куран боюнча кайгыруу жана бактысыздык ыймансыздардын гана мүнөзү
- Бейиштеги кубаныч жана кайгыруунун чыныгы мааниси
- Тамашадан (азилден) качынгыла деген көз-караш
- «Музыка жана ыр күнөө» деген көз-караш
- Музыкага тыюу салууга аракет кылган фанаттардын эки жүздүүлүгү
- Аллах музыканы сүйөт, кулдарына да сүйдүргөн
- «Сүрөт жана айкел чеберчилиги күнөө (арам)» деген көз-караш
- «Алтын жана жибекке тыюу салынган» деген көз-караш
- Жакшы жытка тыюу салган жалган хадистер
- Татуировкага, беттеги түктү жулууга, тишти кооздоого тыюу салган жалган хадистер
- Парикке, кашты ичкертүүгө, татуировкага тыюу салган жалган хадистер
- Аялдын жакшы кийинип үйдөн чыгышына тыюу салган жалган хадистер
- Аялдар алтын жана кийимдер менен алагды болуп бейиштен ажыраган деген жалган хадистер
- Аялга кийим бербеш керек деген жалган хадистер
- Фанаттардын түшүнүгү бул дүйнөгө өкүмчүлүк кылганда...
- Макияж, өзүн карануу, тазалык, жакшы кийинүү, модерндик жана маданият, кыскасы, «сапат» Исламдын шарттарынан
- Аял сулуу зат, албетте өзүн каранып жүрүшү керек
- Бренд жана жакшы кийимдерди кийүү, жакшы машиналуу жана жакшы үйлүү болуу мусулмандардын акысы
- Фанаттардын дининде иудейлер менен христиандар
- Иудей (еврей) душмандыгына Курандан далил келтирүүгө аракет кылгандарга Курандан жооптор
- «Маймылдар жана доңуздар» деп айтуу жана Куранда китеп берилгендердин чыныгы өкүмү
- Маида Сүрөсүнүн 60-аятынын мааниси
- Макталган иудейлер
- Аьраф Сүрөсүнүн 166-аятынын мааниси
- Бакара Сүрөсүнүн 65-аятынын мааниси
- Каргышка калган иудейлер жаңылыштыгы
- Бакара Сүрөсүнүн 88-аятынын мааниси
- Ниса Сүрөсүнүн 155-аятынын мааниси
- Иудей менен христиандарды дос тутпоо жаңылыштыгы
- Туура эмес билинген дагы бир түшүнүк: «такия»
- «Бойго жеткен иудейлерди өлтүрүү» сөзү
- Мусулмандардын күнөөлөрү иудейлерге жүктөлөт деген көз-караш
- Тамактар иудейлер себептүү бузулат деген көз-караш
- «Арап жерлеринде эки дин калбасын» деген көз-караш
- Акарат катары «эй еврей», сооп катары «еврейге наалат»
- «Жолдун тар тарабына кыскыла»
- «Еврей дарагы гаргад»
- Куранда китеп берилгендердин баркталышы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге чакырыгы
- Мусулмандардын китеп берилгендерге адилеттүү мамилеси
- Пайгамбарыбыздын китеп берилгендер менен алакалары
- Куранда Инжил жана Тоорот
- Пайгамбарыбыздын Тоорот жана Инжил менен байланыштуу иш-аракеттери
- Жыйынтык
«Менин диниме кир! Же өл!» Бул фанатизмдин урааны. Фанатизмде демократия, сөз эркиндиги, сүйүү, урмат, боорукердик, достук, башкалар үчүн жан аябастык кылуу деген сыяктуу түшүнүктөр жок. Кээ бир адамдар фанатизм жана андан келип чыккан радикализм бир чыныгы диндин ичине кирип кетиши мүмкүн деп ойлошот. Бирок, негизи фанатизмдин өзү бир дин. Ар кандай көз-караштын ичинде фанатизм дининин өкүлдөрү бар. Исламда, иудейликте, христиандыкта жана, ошондой эле, марксизмде, фашизмде, атеизмде да фанаттар көп. Баары бир эле жалган динди жакташат: «сенин оюңа чыдай албайм! Же меникин кабыл ал, же болбосо, жок бол!» Өзгөчө акыркы убактарда бул башка пикирлерге чыдамсыз, туура эмес дин көбүнчө Ислам дини катары айтыла баштады. Бир катар чөйрөлөр фанатизм динин Ислам деп аташты. Фанатизмден болгон коркууларын Исламга багытташты. Натыйжада бир Ибрахимий дин «коркуу» сөзү менен бирге айтыла баштады. Исламофобия бүт дүйнөдө айтыла баштады. Адамдар Исламдан эмес, фанатизм дининен коркуп жатышканын түшүнүшкөн да жок. Жомокчулар ойлоп чыгарган фанаттык диндин Ислам атын жамынып чыкканын байкай алышкан жок. Себеби эч ким аларга Исламдын бул эмес экенин айтып берген жок. Ислам атын жамынып чыккан радикалдар да, ал радикалдардан корккон исламофобиктер да чыныгы Исламдын бул фанат, үрөй учурарлык, башкаларды жек көргөн дин менен эч байланышы жок экенин көрсөтө алган жок. Ислам дининин радикалдары бүт дүйнөгө, бирок, эң көп мусулмандарга зыян тийгизе башташты.
«Мелүүн (ашыра эмес, умеренный) Ислам» сөзү да ушул себептен чыгарылды. Бир жапайы, анан бир мелүүн Ислам модели бардай болуп, радикалдардын жапайылыгына каршы чыккан мусулмандар «мелүүн мусулман» деп атала башташты. Исламга каршы чыккандар мелүүн Исламдын жактоочуларын колдошту, бирок радикалдарга каршы аларды алсыз көрүштү. Бир зомбулукчу, жапайы дин тынчтыкчыл бир катар адамдар тарабынан жумшартылууга аракет кылынып жатат деп ойлошту (Исламды аруулайбыз). Ал тургай, муну Исламда реформа, мелүүн Ислам жактоочуларын болсо реформисттер дешти. Бирок мунун бир реформа эмес, чыныгы Ислам экенин эч ким көрсөтө алган жок. Исламга каршы чыккандар «реформисттерди» колдогону менен, радикалдардын зомбулуктан келип чыккан жасалма күчү жана алар Ислам дининин өкүлдөрү деген ишеним басымдуулук кылды.
Тынчтыкчыл мусулмандар Ислам динин жумшартууга, реформалоого же мелүүн абалга алып келүүгө аракет кылып жатышкан жок. Тынчтыкчыл мусулмандар катары негизги максатыбыз – бул канча жылдан бери Ислам атын жамынып дүйнөгө жайылган бир калпты илим менен жок кылуу. Канча жылдан бери Ислам атын жамынып келген радикализмди, фанатизмди, фанаттыкты жана Ислам менен эч байланышы жок бул ойдон чыгарылган динди жок кылууга аракет кылуу, Курандан далилдерди келтирип чыныгы Исламды көрсөтүү. Ушул кезге чейин фанаттар тарабынан Исламга жабылган эң чоң жалааны токтотуу.
Бул китепте чындыгында радикализмге каршы сын-пикирлери менен алдыңкы планга чыккан батыштык бир катар Исламга каршы чыккандардын сөздөрүнө жана фанаттардын кооптуу логикаларына жооптор берилет. Исламга киргизүүгө аракет кылынган жасалма фанаттык диндин ар кайсы булактарындагы сөздөрдүн жараксыздыгы Курандан келтирилген мисалдар менен түшүндүрүлмөкчү. Исламга айтылган бүт сын-пикирлер окшош багытта болгондуктан жана радикализм дини «Ислам» деп кабыл алынганы үчүн атайын ушул жол тандалды. Ошондуктан Исламга айтылган негизсиз айыптоолорду негиз алуу менен, чыныгы Ислам дини жөнүндө туура эмес билингендерди КУРАНДАН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН түшүндүрүп, бул жаңылыштыкты жоюу максат кылынды.
Фанаттардын катасы, алар динди ойдон чыгарылган көз-караштардан үйрөнүшөт. Бирок фанаттардын жасалма динин сындагандар да кээде ошолордой радикал болуп, фанаттардын ойдон чыгарылган нерселерин туура деп ойлошууда. Биз Курандан далил көрсөткөн сайын, алар фанаттардын ойдон чыгарылган булактарынан далил көрсөтүүгө аракет кылышат. Мына ушул жерде эң чоң жаңылыштык кетиришет. Эгер чыныгы Исламды таанып, фанатизм маселесинин чечүү жолун тапкылары келсе, бул жерде айтып берилген чыныгы динге кулак салуулары зарыл. Эгер мындай кылышпаса, радикализм чоң бир балээ катары дүйнөгө жайыла берет.