”Ыймандууларды Согушка Үндө” Аяты Согушка Тукуруучулук Эмес
Ислам — тынчтык тектүү сөз. Негизинде тынчтык турган Исламды согуш жана ырайымсыздык дини кылып көрсөтүүгө аракет кылгандардын Куран аяттарынан кабары жок экени ачык. Исламда согуш жалгыз гана кол салуу болгондо акыйкат болот. Албетте, кол салуу болгондо, коргонуу максатында эмне кылуу керек болсо ошол кылынат. Исламда согуштан жана кисастан башка учурда жан алуу бүт адамзатты өлтүрүү менен бирдей саналат жана эң чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Негизги темабызга өтүүдөн мурда Куранда согуштун башталыш шартын баяндаган бир нече аятты кошкум келет.
Өздөрүнө зулумдук кылынгандыгы себептүү, аларга каршы согуш ачылгандарга (ыймандууларга, согушууга) уруксат берилди. (Хаж Сүрөсү, 39)
Силер менен согушкандарга каршы Аллахтын жолунда согушкула, (бирок) ашыкча кетпегиле. Албетте, Аллах ашыкча кеткендерди сүйбөйт. (Бакара Сүрөсү, 190)
Алар силерге каршы согушмайынча силер, Масжид-и Харамдын жанында алар менен согушпагыла. Силер менен согушса, силер да алар менен согушкула… (Бакара Сүрөсү, 191)
Аяттардан да абдан так түшүнүлгөндөй, мусулмандар эч себепсиз эч качан согушка кирбейт. Сөзсүз өздөрүнө согуш ачылганда; жандары, мүлктөрү жана ар-намыстары коркунучта калганда, буларды коргоо максатында согушка киришет. Эми бул аяттарды эске алуу менен, атеист достордун дайыма көтөрүп келген ”ыймандууларды согушка үндө” аятын карап чыгалы.
Эй Пайгамбар, ыймандууларды согушка каршы даярдап-үндө… (Анфал Сүрөсү, 65)
Бир аятты локалдык түрдө алып кошкондо, абдан башка маанилерди чыгара аласыз. Мисалы, Ниса Сүрөсү 43тө ”Мас болгон абалда эмне айтып жатканыңарды билгенге чейин намазга жакындабагыла” дейт. Эгер сиз бул аяттын ”намазга жакындабагыла” деген бөлүгүн гана алсаңыз, таптакыр башка маани алдыңыздан чыгат. Анфал Сүрөсүнүн 65-аятында да ушундай абал бар.
Аяттын алдын карасаңыз; Анфал Сүрөсүнүн 56-аятында келишимдерин бузган каапырлар жөнүндө айтылат. Анфал Сүрөсүнүн 58-аятын карасаңыз, келишим түзгөн коомуңардын чыккынчылыгынан шектенсеңер, мындай учурда силер да келишимге берилгендик сактабай турганыңарды аларга билдиргиле деп айтылат. Жана аяттын аягында ”Аллах чыккынчылык кылгандарды сүйбөйт” деп айтылып, каршы тараптын чыккынчылыгы айыпталат. Анфал Сүрөсүнүн 60-аятында келишимди бузган жана чыккынчылык кылган каапырлардын чыккынчылыгына жана кол салууларына каршы чара жана кайтаруучу болуу жагынан материалдык даярдык көрүү керектиги билдирилет. ”Күчтүү жана семиз аттарды даярдагыла” деп айтылат. Анфал Сүрөсүнүн 61-аятында болсо бул даярдык мезгилинде ”алар тынчтыкка ыктаса, сен да ага ыкта ” деп айтылат. Башкача айтканда согуш эмес, тынчтык ар дайым биринчи орунда. Бирок каршы тарап согушту талап кылса, анда ал кутулгус болуп калат. Жана согуш абалы түзүлгөндө командирдин кыла турган иши — аскерлерин согушка материалдык жана руханий жактан даярдап, үндөө.
Азыркы шарттарды ойлоп көрөлү; кандайдыр бир согушка катышпаса да өлкөлөр, ыктымалдуу согуш коркунучуна чара катары аскер жана ок-дары жагынан даяр жана машыккан болушат. Жана бул ар бир өлкөдө үндөлөт. Көз карандысыздык Согушунда Мустафа Кемал Ататүрк да аскерлерин согушка материалдык жана руханий жактан даярдап, үндөгөн, аларды бул оор шартка психологиялык жактан шыктандырган.
”Армиялар, биринчи максатыбыз Жер Ортолук деңизи” деген сөз душманды мекен жеринен кууп чыгуу чечкиндүүлүгүнүн символу. Согушка үндөөнү камтыган бул сөзүнүн негизинде басып алынган жерлерди душмандан коргоо жатат. Ататүрк, ”Эгер мекенди коргоо үчүн болбосо, согуш — кылмыш.” деп, Маида Сүрөсүнүн 32-аятына берилгендигин да көрсөткөн. Жеңиштин үстүнө жеңиш алган, өлкө жерин душмандын басып алуусунан куткарууга чечкиндүү командир катары аскерлерине “Силерге чабуулду эмес, өлүүнү буйруйм” деген. Согуш абалы түзүлгөндө командир стратегиясын аныктайт, коргонуусун жасай турган тактикаларды иштеп чыгат жана аларды аткарууда аскерлерин шыктандырат/үндөйт. Мухаммед пайгамбар да, согуш болгондо, командир катары аскерлерин ушул багытта шыктандырган жана үндөгөн. Болушу керек болгон да ушул.
Жыйынтык: Куранда согуш жана өлүм жөнүндө айткан аяттардын артындагы себеп — мусулмандарга кол салуу жана аларды мекенинен чыгаруу аракети. Бул аракетке жооп катары мусулмандардын өздөрүн коргоосу акыйкат болуп калат. Жана согуш болгондо адамдар бири-бирине гүл бербейт, өлбөш үчүн өлтүрүшөт. Жана башында турган командир да согушта жеңилбеш үчүн аскерлерине дем берет.
Аллах, силер менен дин маселесинде согушпаган, силерди мекениңерден сүрүп-чыгарбагандарга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү мамиле кылууңардан силерди тыйбайт. Анткени Аллах адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт. (Мумтахана Сүрөсү, 8) деп, мусулманды мекенинен чыгарууга аракет кылбаган жана согушпагандарга адилеттүү болууну жана жакшылык кылууну буйруйт.