Мураста Эркекке Эки, Аялга Бир Үлүш Болушу Адилетсиздикпи?
Мурас темасына кирүүдөн мурда Курандан бир нече деталды эскертким келет. Исламда аял менен эркек амал жагынан толук тең. Куранда кайрылуу ”ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга айт” түрүндө. Эч ким эч кимден артык эмес. Аллах аятта ”Эркек болсун, аял болсун, ыймандуу катары ким салих бир амал кылса, албетте Биз аны жакшы жашоо менен жашатабыз жана алардын сыйлыгын, кылгандарынын эң жакшысы менен сөзсүз беребиз.” (Ан-Нахл сүрөсү, 97) дейт. Артыкчылык жалгыз гана такыбалыкка жараша. Бул да Аллахтын Алдында. ”Аллахтын Алдында силердин эң артыгыңар, (расасы же теги боюнча эмес) такыбалыгы боюнча эң алдыда турганыңар.” (Аль-Хужурат сүрөсү, 13)
Дүйнө жашоосунда аял менен эркекти башка кылган нерсе, алардын биологиялык жана сезимдик түзүлүшү. Аллах эки жынска тең ар башка өзгөчөлүктөрдү жана жөндөмдөрдү берген. Бирок бул өзгөчөлүктөр бирин экинчисинен артык кылбайт. Эркек дене күчүн талап кылган иштерде жөндөмдүү. Аялдын сезимдик акылы жана төрөөчүлүгү да эркекте жок өзгөчөлүк.
Куранга ылайык эркек да, аял да иштей алат. “Эркектерге тапкандарынан үлүш (болгондой эле), аялдарга да тапкандарынан үлүш бар.” (Ан-Ниса сүрөсү, 32) Бирок үйдүн материалдык тиричилигинин жоопкерчилиги эркекке берилген. Бул эркектин үйдө башкаруучу абалда экенин билдирбейт. Анткени Аллах ыймандуулардын бардык иштерин кеңешүү менен кылаарын билдирет. Жубайлардын ортосунда да бул абал күчүндө. Эркек үйдү багып жаткандыгы үчүн жалгыз сөз укугуна ээ эмес.
Ан-Ниса сүрөсүнүн 34-аятында Аллах, ”erricalü kavvamune alennisai” сөзү менен, ”эркектер аялдарды кароосуна алат” же ”эркектер аялдардын тиричилигине жооптуу” дейт. Сөз болгон аял; жубай, карындаш, эне, кыз бала… болушу мүмкүн.
Эркектер аялдарды кароосуна алышат. Анткени Аллах ар бирине ар башка жөндөмдөрдү жана өзгөчөлүктөрдү берген. Чынында эркектер үйдүн тиричилигине жооптуу… (Ан-Ниса сүрөсү, 34)
Эми мурас темасында атеисттер көп көтөргөн Ан-Ниса сүрөсүнүн 11-аятына келели;
“Аллах силерге балдарыңар жөнүндө насаат берип жатат. Эркек, аялдын эки эсе үлүшүн алат. “
Терең ойлонбой, ой жүгүртпөй, Курандын жалпысын өздөштүрбөй туруп аяттын жалаң ушул бөлүгүн окуганыңарда, аял экинчи планда кармалып жаткандай же эзилип жаткандай деп ойлошуңар мүмкүн. Чынында абал такыр силер ойлогондой эмес. Эми аяттын акыркы бөлүгүнө карайлы;
“… Бул бөлүштүрүү үлүштөрүнүн баары, өлгөн адамдын кылган керээзинен жана бересе төлөнгөндөн кийин келет. ” (Ан-Ниса сүрөсү, 11)
Бул жерде көздөн кача берген, балким көрмөксөн болуп коюлган кызык бир деталь бар. Байкасаңар, мурастын баарынан эркекке эки, кызга бир үлүш берилет деп айтылбайт. Бул керээзден жана бересе төлөнгөндөн кийин калган акча же мал-мүлк үчүн айтылат. Ата кааласа кызы менен уулунун ортосунда мал-мүлкүн тең бөлүштүрө алат. Же болбосо карылыгында өзүнө ким кам көрсө же кимдин муктаждыгы көбүрөөк болсо, ага көбүрөөк үлүш бере алат. Андан кийин атанын бересеси болсо, керээзден тышкары калган акчасы ж.б… менен бересеси төлөнөт. Дагы калган бир сумма бар болсо ал, эркек балага эки, кыз балага бир болуп бөлүштүрүлөт.
Бул бөлүштүрүү, атанын балдарына калтырган мурасы үчүн күчүндө. Жана керээзде адилеттик негиз болуп саналат. Аль-Бакара сүрөсүнүн 180-аятына ылайык өлүм жеткенде адамдын керээз кылышы парз кылынган. 182-аятта болсо керээз кылган адамдын адилетсиздикке ыктаган учурунда тараптардын ортосун жараштыруу айтылган.
Мындан тышкары, ким керээз кылган адамдын адилетсиздикке ыкташынан же күнөөгө кириринен коркуп, экөөнүн (тараптардын) ортосун жараштырып-оңдосо, анда ага күнөө жок. Чындыгында Аллах кечиримдүү, боорукер. (Аль-Бакара сүрөсү, 182)
Дагы бир, мурас калтырган эркектин же аялдын жубайы жана баласы жок болсо жасала турган бөлүштүрүү бар. <!-- editor -->Бул жерде, Ан-Ниса 12де белгиленген абалда, өлгөн адамдын бир туугандары эркек болсо да, аял болсо да тең бөлүштүрүү жасалат.<!-- /editor -->
Мурас калтырган эркектин же аялдын, баласы жана жубайы болбой, бир агасы же бир карындашы бар болсо, бул абалда алардын ар бирине алтыдан бири тиет. Андан көп болсо, үчтөн бирин бөлүшүшөт. Бул бөлүштүрүү керээздеги үлүштөр таратылгандан жана бересе төлөнгөндөн кийин колдонулушу керек, эч кимге зыян келбесин үчүн. Бул Аллахтан болгон керээз. (Ан-Ниса сүрөсү, 12)
Эми жазымдын биринчи бөлүгүндө берген деталдарыма келгим келет. Ан-Ниса сүрөсүнүн 34-аятында, аялдардын (Эне, жубай, кыз бала, карындаш) тиричилигине эркек жооптуу деген өкүм бар эле. Аял менен эркекке тапкандарынан үлүш бар деген аяттын талабы боюнча аял да эркек сыяктуу иштей алат деп айтылып жаткан. Бирок аялдын иштеши, үйдү багуу үчүн эмес эле. Жашоо жалпы, аял да үйдүн тиричилигине салым кошо алат, албетте. Бирок Аллах аялга бул жагынан артыкчылык берген жана ал канчалык бай болбосун үйдүн тиричилигинин жоопкерчилигин эркекке жүктөгөн. Аял тапканын каалагандай сарптоого эркин.
Мындан жетким келген жыйынтык мындай;
1- Эркек мураста, керээзден жана бересeden калган акчадан эки үлүш алат. Бирок алган үлүшү баары бир көңүл бурарлык болбойт, Аллаху алем. Анткени Исламда муктаждыктан ашкан мал-мүлктүн баары инфак кылынат. Башкача айтканда жетимге, кедейге, жолдо калганга таратылат. Мал-мүлк үйүп топтоо тыюу салынган. Мурас болуп кала турган мал-мүлк, сыягы, үй, жумуш орду, унаа, бак-шак, мал… болот.
Карындашынын, энесинин, үйлөнгөндө жубайынын тиричилигине эркек жооптуу.
2- Ислам укугуна ылайык эркек, үйлөнүп жатканда аялга махр берүүгө милдеттүү. Махр, кыздын үй-бүлөсүнө эмес, түз эле аялга берилген мал-мүлк же акча.
Аялдын эзилгенине жана артта калганына далил катары көрсөтүлгөн бул аятта, Куранды бүтүн түрдө карасаңар, аялдын канчалык колдо кармалып турганын көрөсүңөр. Ислам, аял эң урматтуу болгон, укуктары эң көп корголуп, сакталган жалгыз система.