Мушриктердин Тавба Сүрөсүнүн 5-Аятына Ылайык Өлтүрүлүшү Эмнени Билдирет?
Атеист достордун эң көп такалган, айткан жана четке кагууларына себеп кылып көрсөткөн аяттарынын бири — Тавба сүрөсүнүн 5-аяты. Бул жерде айтылган “мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө” деген сөздү алып, “Ислам (Кудай сактасын) ырайымсыздык жана согуш дини” деп көрсөтүшөт. Бирок Тавба сүрөсүнүн алгачкы аяттарында мушриктер баяндалган бөлүк — сабырдуулуктун эң жогорку деңгээлинин көрүнүшү.
Темага кирүүдөн мурда ширк жана мушрик сөздөрүнүн аныктамасын берели. Ширк бутка сыйынуу дегенди гана билдирбейт. Аллахтан жана Анын ыраазылыгынан алдыга коюлган ар бир аталыш — Аллахка кошулган ширк. Бул абалдагы кишини да мушрик дешет. Пайгамбарыбыздын мезгилинде жашаган мушриктер, Исламдын таралышынан тынчсызданып, мусулмандарга кысым жана зулумдук көрсөтүшкөн. «Чакырык» тасмасын көргөн ар бир адам бул процессти оңой эле элестете алат. Бул кысым жана зулумдук себептүү Пайгамбарыбыз жана ыйман келтиргендер Мединага хижрат кылышкан. Хижрат кылган мухажирлер жана аларга жардам берген мединалык мусулмандар (Ансар) кыска убакытта ымалалашып кетишкен. Бул жерде, Ислам тарыхындагы биринчи конституция даярдалып, Медина Мамлекети түзүлгөн. Куранды конституция катары кабыл алган мусулмандар менен башка мыйзамдарды ээрчигендердин ортосундагы мамилелер, жоопкерчилик жана милдеттер, тарыхта Медина Конституциясы деп белгилүү болгон мыйзамдар менен кепилденген. Андан кийин коңшу Мушрик уруулар жана Арабстандын ичиндеги башка Мушриктер менен көптөгөн келишимдер түзүлгөн. Бул келишимдердин бири Худайбия келишими.
Худайбия келишимине ылайык, мусулмандар менен мушриктердин ортосунда 10 жыл согуш болбойт, эки тарап тең бири-биринин мүлкүнө жана жанына тийбейт. Бирок мушриктердин бир бөлүгү бул келишимди сактабай, экинчи эле жылы мусулмандардын мүлкүнө жана жанына зыян келтиришкен. Ушундан кийин пайгамбарыбыз Меккени басып алган. Бирок бул процессте мушриктерге баары бир тийген эмес. Аллах келишимди бузган мушриктерге, харам айларда (4 ай бою) Меккени таштап кетүүгө жана/же агрессивдүүлүгү үчүн тообо кылууга мөөнөт берген. Бул мөөнөт ичинде мусулмандарга жасаган кол салуу жана зулумдук үчүн өкүнбөсө же Меккени таштабаса, мөөнөт бүткөндө аларды тапкан жериңерде өлтүрө аласыңар деп айтылган. Бирок 4-аятта, келишимди сактаган жана мусулмандарга каршы күрөшкөндөргө жардам бербегендерге тийбөө керектиги айтылат. Алар өзүнчө каралат.
(Бул,) Мушриктерден өздөрү менен келишимге кол койгондоруңарга Аллахтан жана Анын Элчисинен кесин эскертүү. (Тавба Сүрөсү 1)
Мындан ары жер бетинде (силерге берилген мөөнөт катары) төрт ай кыдыргыла. Жана билгиле, Аллахты алсыз кыла албайсыңар. Чындыгында Аллах, четке кагуучуларды кор жана пас кылуучу. (Тавба Сүрөсү 2)
…Эгер тообо кылсаңар, бул силер үчүн жакшыраак; эгер жүз үйрүсөңөр, билгиле, Аллахты албетте алсыз кыла албайсыңар. Четке кагуучуларга ачуу азап менен сүйүнчүлүү кабар бер. (Тавба Сүрөсү 3)
Бирок мушриктерден өздөрү менен келишимге кол койгондоруңардан (келишимден) эч нерсени кемитпегендер жана силерге каршы эч кимге жардам бербегендер башка; эми алардын келишимдерин мөөнөтү бүткөнгө чейин аягына чыгаргыла. Шексиз, Аллах такыбаларды сүйөт. (Тавба Сүрөсү 4)
Харам айлар (мөөнөт берилген төрт ай) сыйрылып-бүткөндө (чыкканда) мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө, аларды камагыла, курчагыла жана алардын бардык өтмөк жерлерин кесип-кармагыла. Эгер тообо кылып, намаз окушса жана зекет беришсе, жолдорун ачып бергиле. Чындыгында Аллах, кечирүүчү, мээримдүү. (Тавба Сүрөсү 5)
Харам айлар чыкканда, өздөрүнө кол салган, жакындарын жана сүйгөндөрүн өлтүргөн мушриктерди өлтүрүү акыйкат болуп калган. Бирок 6-аятта абдан маанилүү эскертүү бар. Эгер үй-бүлөңөрдү, сүйгөндөрүңөрдү өлтүргөн ал мушриктер силерден аманчылык сураса, аларга аманчылык бергиле жана аларды коопсуздукта боло турган жерге жеткиргиле деп айтылат.
Эгер мушриктерден бири, сенден ’аманчылык сураса’, ага аманчылык бер; Аллахтын сөзүн уксун үчүн, анан аны ‘коопсуздукта боло турган жерине жеткир.’ Бул, алардын албетте билбеген коом болгону себептүү. (Тавба Сүрөсү 6)
Бул аятты (Кудай сактасын) ырайымсыздык катары көргөн достордон сурайм: Кимдир бирөөлөр сиздин жубайыңызды, кызыңызды зордуктаса, уулуңузду өлтүрсө, эмне кыласыз? Энем менен атам да ичинде, кетээрден мурда аларды да өлтүргүлө дейсизби? Албетте жок. Бар күчүңүз менен өзүңүздү коргойсуз, зулумдук кылганды таасирсиз абалга келтирип, сүйгөндөрүңүздү коргойсуз.
Кайра сурайм: Бул зулумдукту жасаган кишилер сизден аманчылык сураса, аларды кечирип, анын үстүнө коопсуздукта боло турган жерге өзүңүз алып бара аласызбы? Такыр андай деп ойлобойм. Андай болсо, Исламдын сабырдуулугун жана мээримин суроого укугуңуз да жок болот.