Куранда темалар чачыранды экени тууралуу сынга жооп

Куран бир тема жөнүндө сүйлөп жатып, капысынан башка темага өтүп, кийин кайрадан алгачкы тема боюнча баяндоону улантышы кээ бир адамдар тарабынан сынга алынууда, атүгүл Куран (Кудай сактасын) тема баяндоо жагынан чачыранды/башаламан Китеп деген дооматтар айтылууда.
Чынында абал ушундайбы, же бул жерде жогорку баяндоо өзгөчөлүгү, көркөмдүк жана математикалык тартип барбы?
Биринчиден, Куран өзү эле илим Китеби, укук Китеби же жалаң адеп-ахлак Китеби эмес. Куран адамдарга эң туура жолду көрсөткөн кудайлык жол башчы. Куранда Жаратуучу менен адамдын, адам менен адамдын жана адам менен ааламдын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган принциптер орун алган. Курандын негизги максаты – тарбиялоо, оңдоо, туура жолго салуу жана маалымат берүү аркылуу адамдарга жол көрсөтүү. Башка маалыматтар негизги темаларды түшүндүрүүгө жана бекемдөөгө кызмат кылган экинчи даражадагы элементтер.
Куранда темага байланыштуу деп эсептелген бир аяттын дагы көптөгөн темалар менен түз же кыйыр байланышы түзүлүшү мүмкүн. Темалардын көптөгөн аяттарда болушу аны түгөнгүс кылат. Сандар сыяктуу эле, белгилүү тартип астында иреттелген он сан менен бир гана телефон номерин түзүүгө мүмкүн болсо, иреттөө максаты жок, функционалдык жактан даяр турган он сан менен чексиз телефон номерлерин чыгарууга болот. Куран эч бир темада адаттагы киришүү-өнүгүү-жыйынтык түрүндө баяндоо жасабайт. Бул ырааттуу баяндоо өзгөчөлүгүнөн алда канча кемчиликсиз үйрөнүү ыкмасын камтыйт өзүнүн ичинде. Ушул абалы менен Куран биз көнүп калган ырааттуу-формалуу китептерге окшобойт.
Куран тарбиялоочу Китеп. Куранда темалардын тизилиши силерди түз эле жашоонун ичине таштайт жана силерге жашоо жөнүндө айтат, долбоордун үстүндө иштегендей болосуңар. Мисалы, четке кагуучулардын ой жүгүртүү түрүн үйрөтөт бизге. Ушул психологиядагы адамдарды таанып алалы жана өзүбүз да мындай абалдардан алыс болоолу деп. Эгер Куранда белгилүү бир категория астында тема баяндоо жасалса, төмөндө мисал катары жазган аяттарыбыздагы таасирди бербейт эле;
“Жана жаратылышын унутуп, бизге мисалдуу суроо койду: “Чирип кеткенден кийин сөөктөрдү ким тирилтет?” (Ясин 36:78)
Аллахка шерик кошкондор айтышат: “Аллах кааласа, биз да шерик кошмок эмеспиз, ата-бабаларыбыз да шерик кошмок эмес, эч нерсени да арам кылмак эмеспиз…” (Аль-Анам 6:148)
…эгер каалаган болсо Аллах тойгуза турган адамдарды биз тамактандырмак белек? Силер чындыгында ачык адашууда турасыңар. (Ясин 36:47)
Көңүл бурсаңар, тиешелүү аяттарда бир эле учурда четке кагуучулардын ой жүгүртүү түрү, аларга бериле турган жооптор, окуялардын алдында кандай мамиле кылышыбыз керектиги сыяктуу ондогон ар башка темалар жашоодогудай эле жеткирилет бизге. Жана дагы дүйнө жашоосу менен акыреттин ортосунда байланыш түзүүнү да үйрөнөбүз.
Мындай баяндоо түрүнө Курандын көптөгөн аяттарында кездешебиз. Эгер аяттарга көңүлүңөрдү толук бурганыңарда, окуган сүрөңөр жашооңордо дайыма алдыңардан чыгып турганын, көптөгөн окуяларда бул сүрөлөр берген көз караш менен окуяларга карай турганыңарды көрө аласыңар.
Куран жашап жаткан тирүү жан. Жашоодо кезиге турган ар кандай абалдар жөнүндө айтат жана жашоого карата көз караш берет адамга. Дээрлик ар бир аяты дээрлик жашоонун бүтүндөй бөлүгү үчүн.
Куранда да, бир теманы түшүнүү үчүн жалаң ошол темага карашыңар жетишсиз. Курандын бүтүнүнө карашыңар керек. Бүтүнүн түшүнбөй туруп бөлүгүн түшүнө албайсыңар. Парадокс сыяктуу көрүнөт, бирок кичинекей бир бөлүгүн түшүнгөнүңөрдө; бүтүнүн түшүнгөн болосуңар. Жашоо сыяктуу эле.
Белгилүү бир системага ылайык түзүлгөн китеп эч качан, бирок эч качан Курандын адам рухуна жана акылына берген бул таасирин бере алмак эмес.
Куранды бизге Аллах үйрөтөт жана түшүндүрөт. Куранды түшүнүү жана жашоо адам табиятына эң ылайыктуусу. Улуу Раббибиз аяттарда да билдиргендей; Куранды шашпай, бөлүм-бөлүм кылып ойлоно-ойлоно окушубуз керек.
Көрүнүп тургандай, Курандын ар кандай сүрөлөрүндө кездешкен аяттар башка бир теманын бөлүктөрүн түзө алат. Жаратылышта чачыранды түрдө; бирок бир милдетти аткарып турган ар башка заттардын бир максат үчүн лабораторияда чогултулганы сыяктуу, Куран аяттары да ар кандай теманын бөлүгү катары иштетүүгө даяр материалдар. Алгачкы карашта чачыранды көрүнүш берген бул кудайлык тизилиш чексиз иштетүү жөндөмүнө ээ тизилиш жана түгөнбөгөн нээмат.