Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда Хаман ким ?

Археологиялык табылгалар ар бир деталда Курандын Кереметтүү бир жагын ачып жатат. Куранда айтылган Фараондун жардамчысы ‘ХАМАН’ жөнүндөгү акыркы маалыматтар да алардын бири.

Курандын 6 башка аятында (Аль-Касас, 28/6,8,38, Аль-Анкабут, 29/39, Аль-Мумин, 40/24,36),Фараондун эң жакын адамдарынын бири катары эскерилген Хаман сөзү Куран жагынан чындап эле тарыхый керемет.

Бул аяттардан түшүнүлгөнүнө караганда Аллах Муса пайгамбарды аяттар, кереметтер жана далилдер менен Фараонго, Хаманга жана Карунга жиберген, бирок алар Мусаны “абдан калпычы сыйкырчы” деп айыптап, анын таблигин четке кагышкан. (Аль-Анкабут 29/39; Гафир 40/23-24) Атүгүл кудайлык дооматын кылган Фараон, Муса өзүн улуу Аллахты кабыл алууга чакырганда, коомунун ак сөөктөрүнө “Силер үчүн менден башка кудай билбейм” деген, Хамандан да Мусанын кудайына жетип, Аны табуу үчүн өзүнө мунара салып берүүсүн талап кылган. (Аль-Касас, 28/38; Аль-Мумин, 40/36-37)Акыры Карун, Фараон жана Хаман күнөөлөрү себебинен жазаланган. (Аль-Анкабут 29/39)Куранда аты аталган Хаман. Муса пайгамбар кабылып күрөшкөнФараондун вазири же анын сарайындагы маанилүү инсандардын бири же Амон культунун башкы жрецы болушу керек.

Ага карама-каршы Тауратта Муса пайгамбардын өмүрүн баяндаган бөлүмдө –Фараон менен жакындыгы бар бир- Хаман эмес; Муса пайгамбардан болжол менен 1100 жыл кийин жашаган жана жүйүттөргө зулум кылган Перс/Бабыл падышасынын жардамчысы катары кездешет.(KM. ЭСТЕР/Бап: 3-10). Муну көргөн ориенталисттер “Мына, Куранда ката таптык!” деп сүйүнүшөт.Бирок бул сүйүнүчтөрү Мисир иероглиф жазуусу чечмеленип, байыркы Мисир жазууларында “Хаман” ысмы табылышы менен жарым жолдо үзүлөт.

Байыркы Мисир тилинде жазылган иероглиф жазуулары 18-(тагыраагы 19.) кылымга чейин окулган эмес. Анткени христиандыктын аймакта жайылышы менен Мисирдин байыркы ишеними да, тили да унутулган. Иероглиф жазуусу колдонулганы белгилүү акыркы дата – б.з. 394-жылына таандык жазуу. Мындан кийин бул тил унутулган, 1799-жылга (башкача айтканда 19-кылымга) чейин.Жазуунун сыры “Rosetta Stone” деп аталган жана б.з.ч. 196-жылга таандык жазуунун табылышы менен чечилген. Бул таштын өзгөчөлүгү үч түрдүү жазуу менен жазылганында эле: иероглиф, демотикалык (иероглифтин кол жазма түрү) жана грекче. Грекче тексттин да жардамы менен таштагы байыркы Мисир жазуусун Jean-Françoise Champollion аттуу француз толугу менен чечмелеген.

Иероглифтин чечмелениши менен дагы бир абдан маанилүү маалыматка жетишилген: “Хаман”ысмы чындап эле Мисир жазууларында Муса пайгамбардын (а.с.) доорунда кездешкен. Венадагы Хоф музейиндеги бир эстеликте бул ысым жөнүндө айтылган. Ошол эле жазууда Хамандын Фараонго болгон жакындыгы да баса белгиленген. (Walter Wreszinski, Aegyptische Inschriften aus dem K.K. Hof Museum in Wien, 1906, J C Hinrichs’ sche Buchhandlung)Бул маалыматтардан улам оңой эле айтууга болот, ЭСТЕРде орун алган, адегенде падыша Ахашверош тарабынан вазир катары жогорку кызматка коюлган, кийин –чыккынчы деп өкүм чыгарылып- уулдары менен бирге асылганы билдирилген (Эстер 7/10;9/7-10) Хаман менен Куранда Фараондун жакын чөйрөсүнөн болгон Хаман бир эле адам эмес.

Бул маселени бир нече пункт менен түшүндүрүүгө аракет кылабыз: 1. Ыйык Китеп/ЭСТЕРде кездешкен Хаман бир адамдын ысмы. Анткени анда: “Хаммедатандын уулу Агаги Хаман” деп берилген (ЭСТЕР, 3/1). Куранда сөз болгон Хаман болсо ысымдан көрө наам катары көрүнөт. Расмий кайрылууларда ысымдардан көрө наамдардын колдонулушу бүгүнкү күндө да белгилүү салт. Буга ылайык Куранда Фараон тарабынан мунара салууга дайындалып жатканда ага “ХАМАН!” деп кайрылышы бул сөз анын кызматына байланыштуу наам экенин көрсөтөт.

Чынында эле, бардык жазууларга таянып даярдалган “Жаңы падышалыктагы адамдар” сөздүгүндө Хаман жөнүндө “Таш карьерлеринде иштегендердин башчысы” деп айтылат. (Hermann Ranke, Die Agyptischen Personennamen, Verzeichnis der Namen, Verlag Von J J Augustin in Glückstadt, Band I, 1935, Band II, 1952)

  1. Француз илимпозу проф. д-р Морис Бюкай “Хаман” ысмын бир француз мисир таануучусуна берген жана бул ысым Куранда кездешерин айтпастан, “7-кылымдагы арабча кол жазмадан алынган цитата” экенин белгилеген. Адис 7-кылымдагы арабча кол жазмага иероглифтерге таандык маалымат өткөрүлүшү мүмкүн эмес экенин, бирок Фараон сарайынын ысымдар тизмелерин (Dictionary of Personal Names of the New Kingdom by Ranke) карап көрөрүн айткан. Кийин каралганда чындык дагы бир жолу ачыкка чыккан. Чыккан натыйжа маанилүү чындыкты билдирген. Хаман, Куранга каршы чыккандардын дооматынан айырмаланып, так Куранда кездешкендей Муса пайгамбардын убагында Мисирде жашаган жана Куранда айтылгандай Фараонго жакын жана курулуш иштери менен алектенген адам болгон. Балким курулуш министри болгон.!!!!

Бирок мына бул чындык: иероглиф жазуулары Куран вахийи түшкөн доордон бери толугу менен унутулган жана 19-кылымга чейин эч ким бул жазууну окубаган. Тиешелүү сөздүн түп нускадагы англисчеси мындай: “But, it is a fact that the hieroglyphs had been totally forgotten at the time of the Qur’anic Revelation and that one could not read them until the 19th century A.D.” (Maurice Bucaille, Moses and Pharaoh in the Bible, Qur’an and History, p. 192-193)

3.Бул илимий аныктоолор, Куранда; Фараондун жакын адамдарынын бири катары орун алган Хамандын бар экенин так далилдейт. Андай болсо, ЭСТЕРдеги Хамандын -айрымдар айткандай- жомок катары карабай анын да туура экенин кабыл алганыбызда, бул эки Хаман башка-башка адамдар экенин да кабыл алууга мажбурбуз.-Жогоруда айтылгандай, Хамандын ысмы Ыйык Китепте да кездешет. Таураттын Эстер китебинин үчүнчү бабынан тартып Ирандагы жүйүттөр көргөн зулум, Хаман аттуу вазирдин мындагы үлүшү, Эстер аттуу жүйүт кызынын падыша Ахашвероштун сарайына кирип, өкүмдарга таасир этиши, акырында Хаманды, анын он уулун жана дагы көп ирандыктарды өлтүртүп, жүйүттөрдү куткарышы узун-сонун баяндалат.

Түшүнүлгөнү Мындай, азыр элибиз зулум адамдарды “фараон, нимрод” сыяктуу аттар менен атаганы сыяктуу эле, жүйүттөр да Мисирдеги Хамандын атын эч унута алышпаган, аны эсинде “зулум вазир” катары сактап калышкан жана Ирандагы окуялар учурунда да, эсиндеги бул атты кабылган зулум вазирге такап, аны Хаман деп эскеришкен, Эстер китебине да ошондой жазып коюшкан.

Таурат кийин рабвиндер тарабынан колдон өткөрүлүп кайра жазылып жатканда мисирлик Хаман Ирандагы зулум вазир менен чаташтырылып, мындай абалга алып келиши да мүмкүн. Дагы бир мүмкүнчүлүк – эки вазирдин тең аты Хаман болушу. Көп мисалдардагыдай, бир эле атты алып жүргөн эки башка тарыхый инсандын Хаман үчүн да ойлонулушу эмне үчүн мүмкүн болбосун. (кеңири маалымат үчүн кар. Akhepedia Forum)

4.Куранда кездешкен Хаман аттуу Муса пайгамбардын алдындагы Фараондун вазиринин ысмы да бул көз карашты ырастайт. Анткени; Вена университетиндеги эшик жазуусу таш иштерине жана жумушчуларына жооптуу вазир болгон HEMAN hetap деп которулат. Hemen hetap ачык эле AMENHOTEP ысмы. Жазылыш түрү муну көрсөтүп турат. Бул учурда Мисир тарыхында таш иштерине жооптуу вазир болгон AMENHOTEP менен кабылышабыз. Amenhotep huy! Бул вазир болсо фараон 3. Amonhotep менен 4. Amonhotepке биргелешкен вазир болгон адам.

Кыскасы айтууга болот, байыркы Мисир жазууларында Хамандын ысмынын табылышы Куранга каршы жалааларды жокко чыгарып гана тим болбостон, анын Аллахтын алдынан экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Анткени Куранда түшкөн доордо жетүүгө жана чечмелөөгө мүмкүн болбогон тарыхый маалымат кереметтүү түрдө бизге жеткирилген. .