Аял эркектин кабыргасынан жаратылганбы?
Аялдын, эркектин “Кабырга сөөгүнөн” жаратылышы жөнүндөгү уламыш, КУРАНГА ЖАТ ишеним. Мифологиялык негизи бар бул ката, жалган хадистер жана уламыштар менен диний чындык сыяктуу көрсөтүлүүгө аракет кылынууда. Ал эми Куранда эки жыныстын тең бир гана nefs’тен жаратылганы абдан ачык жана так баяндайт.
Куранга жат булактардын таасири менен жазылган котормолор да оңдолушу керек. Аял эркектин кабырга сөөгүнөн жаратылган эмес. Экөө тең бир эле nefs’тен. Аятта мындайча айтылат:
Эй адамдар, силерди бир гана nefs’тен жараткан, андан жубайын жараткан жана экөөнөн көп эркек менен аялды тараткан-жайган Раббиңерден коркуп-сактангыла… (Ан-Ниса сүрөсү, 1)
- yâ eyyuhâ: эй
- en nâsu: адамдар
- ittekû: такыба болгула
- rabbe-kum(u): Раббиңерге карата
- ellezî: ал
- halaka-kum: силерди жаратты
- min: … дан, …дөн
- nefsin: бир nefs
- vâhidetin: бир гана
- ve halaka: жаратты
- min-hâ: андан
- zevce-hâ: анын жубайын, аялын
- ve besse: жайды, таратты
- min-humâ: алардан
- ricâlen: эркектер
- kesîran: көп, көп сандагы
- ve nisâen: аялдар
Бул жерде карай турган эки сөз бар.
Бирөө – minhâ: андан
Экинчиси- minhumâ: алардан
Көрсөтүлгөн бул (андан жана алардан) сөздөрү, алгачкы жаратылыштагы NEFS’ке басым жасоодо.
Анда алгачкы жаратылыштагы бул Nefs эмне?
Аллах Куранда адамды суудан, топурактан жана чоподон жаратканын билдирет. Алгачкы жаратылыштагы NEFS, суу менен топурактагы минералдар биригенде алган абал. Бул, NEFS’ти түзөт.
Мисалы чоподон 90 килолук адам жасайбыз деп ойлонолу. 70 Килого жакын суу куюп, анан адамдын денесиндеги минералдарды топурактан алып, ошол эле идишке кошолу. Идиште турган суудан жана топурактагы минералдардан турган аралашма (Nefs) ылайга айланат.
Эми бул NEFS’ти түздүк жана Адемди түзүп жатабыз жана (minhâ: андан ) да, башкача айтканда, ошол эле NEFS’тенде анын жубайын түзүп жатабыз. Анда андан кийин эмне кылабыз? ( minhumâ: алардан) башкача айтканда, ошол эле NEFS аралашмаларынан көптөгөн эркек менен аялды тараттык. Башкача айтканда, биринчи эркек менен аял бир эле аралашмадан жаратылган. Жана башка эркектер менен аялдар да бир эле аралашмадан жаратылган.
min : … дан, …дөн
nefsin : бир nefs
vâhidetin : бир гана
Аятта кездешкен сөз ”Nefsi Vahide: Биринчи жан, биринчи тирүү жан, биринчи субстанция” дегенди билдирет. Бул жерде жыныс жөнүндө сөз болгон жок. Бирок салттуу кабылдоодо Nefsi Vahide айкашы ”Адем” деп которулат. Эгер ошондой болсо Аллах ачык эле ”Адемди жана андан жубайын жаратты” дей алмак. Ал эми бул жерде эч кандай ысым колдонулган эмес. Жана мындай кабылдоонун пайда болушуна тоскоол болгон. Адем кандай жаратылса, жубайы да ошондой эле жаратылган. Экөөнүн тең жаратылган булагы бир.