Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранга ылайык уурунун колу кесилеби?

Маида сүрөсү 38-аят уурунун колунун кесилишин буйруйт деп айтылат. Бул аятка карап көрөлү. Чын эле ошондойбу? Аятты изилдөөнү аягынан баштайбыз.

وَالسَّارِقُ وَالسَّارِقَةُ فَاقْطَعُواْ أَيْدِيَهُمَا جَزَاء بِمَا كَسَبَا نَكَالاً مِّنَ اللّهِ وَاللّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

جَزَاء
cezaen; төлөм дегенди билдирет.

بِمَا كَسَبَا
Bima keseba; кылгандары үчүн.

نَكَالاً
Nekalen; тыюу катары.

مِّنَ اللّهِ
Min Allahi; Аллахтан дегенди билдирет.

Андай болсо аяттын бул бөлүгүнө мындай маани бере алабыз:

”(Бул,) кылгандарына төлөм катары Аллах алдын ала белгилеген тыюу ыкмасы.” Анда бул жаза эмне жана ким үчүн?

Аяттын башына карап көрөлү;

وَالسَّارِقُ
Ve es sariku; эркек ууру.

وَالسَّارِقَةُ
Ve es sarikatu; аял ууру.

فَاقْطَعُواْ
Fe ikteu; кескиле.
Чындыгында бул сөз үстүндө сүйлөшүшүбүз керек, бирок муну кийинчерээк жасайбыз.

أَيْدِيَهُمَا
Eydiye Huma, мына негизги чекит. Аятта кездешкен Huma ‘ал экөөнүн’ дегенди билдирет жана эркек ууру менен аял уурунун ал экөөнүн eydин кескиле дегенди билдирет. Анда eyd деген эмне?

Eyd араб тилинде омоним сөз. Бир мааниси ”күч, кубат”, башка мааниси болсо ”колдор”. Андай болсо эки ыктымалды тең ойлоп аятты түшүнүүгө аракет кылалы. Бул сөз eyidi этишинен жекелик масдар атооч болушу мүмкүн. Жекелик экени жана eyidi этишинен келгени кабыл алынса кубат күч маанисин берет.
Куранда мындай колдонулушуна байланыштуу мына бул мисалдар бар.

ٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱذْكُرْ عَبْدَنَا دَاوُۥدَ ذَا ٱلْأَيْدِ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ

” Сен алардын айткандарына сабыр кыл жана Биздин EYD ээси пендебиз Даудду эсте.” (Сад сүрөсү, 17)

Бул жерде EYD сөзү күч, кубат маанисинде колдонулган.

وَٱذْكُرْ عِبَٰدَنَآ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْحَٰقَ وَيَعْقُوبَ أُو۟لِى ٱلْأَيْدِى وَٱلْأَبْصَٰرِ

“EYD жана басират ээси болгон пенделерибиз Ибрахимди, Исхакты жана Якубду да эсте.” ( Сад сүрөсү, 45)

Бул жерде да EYD күч, кубат маанисинде колдонулган.

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيْنَٰهَا بِأَيْي۟دٍ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ

“Албетте Биз асманды EYD менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.” (Зарият сүрөсү, 47)

Бул үч аятта тең EYD күч маанисинде колдонулган. Андай болсо аятка эркек уурунун жана аял уурунун күчүн, кылгандарына төлөм катары кескиле түрүндө маани беришибиз мүмкүн.

Бирок биз EYD үстүндө дароо чечим чыгарбайлы, бул сөздүн экинчи маанисине башкача айтканда КОЛДОР маанисине да карап көрөлү. Адегенде бул маалыматты берели. Араб тилинде жекелик жана көптүккө кошумча эки нерсе үчүн өзүнчө форма да бар. Муну tesniye дешет.

YED; Бир кол.
YEDA; Эки кол.
EYD; Колдор, үч жана андан көп кол дегенди билдирет.

Бир адамда үч кол болбогондуктан сөз колдор маанисинде колдонулган деп кабыл алсак да, муну мажаз катары алышыбыз керек. Грамматика жагынан чоо-жайын карайбыз, бирок адегенде муну тактап алалы.
EYD колдор дегенди билдирсе мажаз катары алышыбыз керек дедик. Анда Куранда кол такыр мажаз маанисинде колдонулганбы?

Куранда кол жекелик, эки жана көптүк формасы менен 110 аятта 120 жолу кездешет. Жана алардын 30 гана чыныгы, физикалык кол маанисинде. Калгандары мажаз. Дароо кол кесүү аяты кездешкен сүрөлөрдөгү эки мисалга карап көрөлү.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ هَمَّ قَوْمٌ أَن يَبْسُطُوٓا۟ إِلَيْكُمْ أَيْدِيَهُمْ فَكَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنكُمْ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ

”Эй ыйман келтиргендер! Аллахтын силерге нематын эстегиле: Бир топ силерге колдорун созууга ниеттенген эле да, алардын колдорун силерден тарткан эле. Аллахты уккула. Ишенгендер Аллахка таянышсын. (Маида сүрөсү, 11)

Бул аятта eyd, колдор сөзү мажаз катары колдонулганы ачык.

وَقَالَتِ ٱلْيَهُودُ يَدُ ٱللَّهِ مَغْلُولَةٌ غُلَّتْ أَيْدِيهِمْ وَلُعِنُوا۟ بِمَا قَالُوا۟ بَلْ يَدَاهُ مَبْسُوطَتَانِ يُنفِقُ كَيْفَ يَشَآءُ وَلَيَزِيدَنَّ كَثِيرًا مِّنْهُم مَّآ أُنزِلَ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ طُغْيَٰنًا وَكُفْرًا وَأَلْقَيْنَا بَيْنَهُمُ ٱلْعَدَٰوَةَ وَٱلْبَغْضَآءَ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ كُلَّمَآ أَوْقَدُوا۟ نَارًا لِّلْحَرْبِ أَطْفَأَهَا ٱللَّهُ وَيَسْعَوْنَ فِى ٱلْأَرْضِ فَسَادًا وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلْمُفْسِدِينَ

”Жөөттөр ”Аллахтын колу байланган” дешти. Чындыгында колдору байланган өздөрү. Болбосо Анын эки колу тең ачык болуп, каалагандай сарптап жатат. (Маида сүрөсү, 64)

Бул жерде да yed; кол, жана yeda; эки кол сөзү мажаз маанисинде колдонулган.

Кайталайлы. Eyd күч же колдор дегенди билдирет. Аятта eyd менен айтылган нерсе күч эмес колдор болсо, бул сөз эң аз үч колду билдиргендиктен, бир адамдын үч колу болбогондуктан, каалаган нерсе мажаз. Бул жерде уурунун күчүнүн кесилиши талап кылынууда. Бул жерде мындай каршы пикир айтылышы мүмкүн:

‘Жакшы, бирок аятта бир ууру жөнүндө айтылбайт, эгер уурунун колдорун кескиле деген болсо болмок. Бирок ал экөөнүн колдорун кескиле деп айтылууда. Эки кишинин да төрт колу болгондуктан чыныгы кол кесүү баяндалып жаткан болушу мүмкүн.’

Бул доомат туура эмес. Мындайча ‘Huma’ ат атооч. Эки кишиге ишарат кылат. Бул эки киши аяттын башында кездешкен эркек ууру менен аял ууру. Экөөнүн тең колдорун кескиле дегенди билдирет. Huma сөзгө ушул маанини берет. Колдор араб тилинде үчтөн башталгандыктан бул колдорду биологиялык кол деп түшүнүү мүмкүн эмес. Сөзсүз мажаз түшүнүлөт. Ушул жерге чейин eyd сөзүнүн үстүндө жетиштүү токтолдук. Эми да жок дегенде ушул түшүнүк сыяктуу маанилүү болгон башка сөзгө ‘кесүү’ этишине карап көрөлү:

Аятта кездешкен жана түркчөгө ‘kesmek’ деп которулган сөз ‘KataA ( قطع )’. Бул сөз кесүү маанисин берсе да Куранда көбүнчө физикалык кесүү маанисинде колдонулбайт. KataA Куранда бул аяттан тышкары 18 жерде дагы кездешет. Жана 16 жерде сөзсүз физикалык кесүү маанисинде колдонулбаганы белгилүү. Башка эки жердеги колдонулушу болсо чечмелөөгө ачык. Мажаздык кесүүдө колдонулган болушу мүмкүн, физикалык кесүүдө да. Эми бул аяттарга карап көрөлү.

1- وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَن يُوصَلَ
Аллах бириктирүүнү буйругандарын кесишет. ( Бакара сүрөсү, 27)

2-لِيَقْطَعَ طَرَفًا مِّنَ الَّذِينَ كَفَرُواْ
Четке кагуучулардын бир бөлүгүн кесет. ( Али Имран сүрөсү, 127)

3- فَقُطِعَ دَابِرُ الْقَوْمِ الَّذِينَ ظَلَمُواْ
Зулум кылган коомдун арты ушинтип кесилет. ( Анам сүрөсү, 45)

4- وَقَطَعْنَا دَابِرَ الَّذِينَ
Ал кишилердин артын кестик. ( Араф сүрөсү, 72)

5- وَيَقْطَعَ دَابِرَ الْكَافِرِينَ
Жана каапырлардын аркасын кесип жатат. ( Анфал сүрөсү, 7)

6-وَلاَ يَقْطَعُونَ وَادِيًا
Алар кескен (ашып өткөн) ар бир өрөөн ( Тавба сүрөсү, 121)

7-وُجُوهُهُمْ قِطَعًا مِّنَ اللَّيْلِ مُظْلِمًا
Жүздөрү түндөн бир кесим (сыяктуу) караңгы.. (Юнус сүрөсү, 27)

8-بِقِطْعٍ مِّنَ اللَّيْلِ
Түндүн бир кесиминде. ( Худ сүрөсү, 81)

9-وَفِي الأَرْضِ قِطَعٌ
Жер кесимдери ( бөлүктөрү) (Рад сүрөсү, 4)

10-وَيَقْطَعُونَ مَآ أَمَرَ اللّهُ بِهِ أَن يُوصَلَ
Аллах биригүүсүн буйругандарын кесишет. ( Рад сүрөсү, 25)

11-بِقِطْعٍ مِّنَ اللَّيْلِ
Түндүн бир кесиминде. ( Хижр сүрөсү, 65)

12-مَقْطُوعٌ مُّصْبِحِينَ
Таңга чыккандардын (тукуму) кесилет. (Хижр сүрөсү, 66)

13- بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاء ثُمَّ لِيَقْطَعْ
Асманга созгон себепти кессин. ( Хаж сүрөсү, 15)

14- قَاطِعَةً أَمْرًا
Буйрукту кесүү. ( Намл сүрөсү, 32)

15- وَتَقْطَعُونَ السَّبِيلَ
Жолдорду кесип жатат. ( Анкабут сүрөсү, 29)

16-لَّا مَقْطُوعَةٍ
(Бейиш нематтары) кесилбейт. ( Вакиа сүрөсү, 33)

Мына бул 16 аятта kataAнын физикалык кесүү маанисинде колдонулбаганы ачык.

17-ثُمَّ لَقَطَعْنَا مِنْهُ الْوَتِينَ
Андан кийин Андан вахийди кесмекпиз. ( Хакка сүрөсү, 46)

18-مَا قَطَعْتُم مِّن لِّينَةٍ
Курма дарагынан кестиңер. ( Хашр сүрөсү, 5)

Бирок ‘Андан кийин Андан вахийди кесмекпиз жана ‘курма дарагынан кестиңер аяттарында kataA физикалык кесүү катары түшүнүлүшү мүмкүн.

Куранда kataA көбүрөөк физикалык эмес кесүүнү баяндагандыктан, жөн гана бул сөздүн колдонулушу да аятты кол кесүү эмес, күчтү кесүү деп түшүнүшүбүз туурараак экенин көрсөтүүдө. Анткени куранда физикалык кесүү катары сөздүн шеддели формасы болгон QaTTaA колдонулган. Өзгөчө кол кесүү жөнүндө айткан аяттар QaTTaA сөзү менен келген. Буларга карап көрөлү.

فَلَمَّا سَمِعَتْ بِمَكْرِهِنَّ أَرْسَلَتْ إِلَيْهِنَّ وَأَعْتَدَتْ لَهُنَّ مُتَّكَـًٔا وَءَاتَتْ كُلَّ وَٰحِدَةٍ مِّنْهُنَّ سِكِّينًا وَقَالَتِ ٱخْرُجْ عَلَيْهِنَّ فَلَمَّا رَأَيْنَهُۥٓ أَكْبَرْنَهُۥ وَقَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ وَقُلْنَ حَٰشَ لِلَّهِ مَا هَٰذَا بَشَرًا إِنْ هَٰذَآ إِلَّا مَلَكٌ كَرِيمٌ

(Аял) Алардын айла-амалдарын угуп, аларга (чакыруучу) жиберди, отуруп жөлөнө турган жерлерди даярдады жана ар биринин колуна (алдындагы жемиштерди аарчуу үчүн) бычак берди. (Юсуфка да:) “Чык, аларга (көрүн)” деди. Ошентип алар аны (өзгөчө сулуулукта) көргөндө (адамдан жогору жандык сыяктуу көздөрүндө) чоңойтушту, (таң калгандан) колдорун кесип алышты жана: “Аллахты пак деп билебиз; бул адам эмес. Бул, болгону артыкчылыктуу периште” дешти. (Юсуф сүрөсү, 31)

Юсуф сүрөсү 31-аятта Юсуф пайгамбардын сулуулугуна суктанып толкунданган аялдардын жемиш бычагы менен колдорун кескени баяндалат. Бул жерде колдорун кесүү үчүн колдонулган этиш QaTTaA. Андан тышкары аялдар колдорун кесип үзүп салбаганы да белгилүү.

لأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُم مِّنْ خِلاَفٍ ثُمَّ لأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ
(Фираун) “Колдоруңарды жана буттарыңарды кайчылаш кесем, андан соң баарыңарды асам.” (Араф сүрөсү, 124)

Бул аятта болсо Фираундун өзүнөн уруксатсыз ыйман келтирген сыйкырчыларга жасаган коркутуусу бар. Бул жерде колдордун кесилип үзүлүшү жөнүндө сөз болот жана колдонулган сөз QaTTaA. Андай болсо аятта кездешкен сөздүн мажаздык түшүнүктөрдү кесүү үчүн колдонулган kataA болушу, колду чийүү жана кесип үзүү маанисинен колдонулган QaTTaA болбошу кесилиши керек болгондун физикалык кол эмес күч болушу керектигин дагы бир жолу далилдейт.

Аяттын маанисин берип, мынчалык так маани ушул убакка чейин кантип көрүнбөгөнүнө жана аят кантип жана эмне үчүн чыныгы маанисинде кол кесүү деп түшүнүлгөнүнө карап көрөлү.

Чындыгында бул аят кантип уурунун колун чыныгы маанисинде кесүү түрүндө түшүнүлгөнүн узун-узак айтуунун кереги жок. Туура эмес түшүнүүнүн жалгыз себеби, пайгамбарыбыздын атынан ойлоп табылган риваяттар. (Аллах эң туурасын билет)