Шарр (жамандык) Аллахтан келеби?
Бул маселеде сын айтууга аракет кылынган нерсе Ан-Ниса сүрөсүндөгү эки аят. Адегенде ушул аяттарды карап көрөлү:
Кайда болбогула, өлүм силерди табат; бийикчерээк жерлерде чыңдалган сепилдерде болсоңор да. Аларга бир жакшылык тийсе: “Бул Аллахтан” дешет; аларга бир жамандык тийсе: “Бул сенден” дешет. Айт: “Баары Аллахтан.” Бирок бул коомго эмне болгон, эч бир сөздү түшүнүүгө аракет кылышпайт? Сага жакшылыктан эмне келсе Аллахтан, жамандыктан да сага эмне келсе, ал да өзүңдөн. Биз сени адамдарга бир элчи кылып жибердик; күбө катары Аллах жетиштүү. (4 Ан-Ниса сүрөсү, 78-79)
- аятта ”баары Аллахтын алдынан” деп айтылганда, 79. аятка болсо жамандыктар өзүнөн экени билдирилет. Бул эки котормодо мааниси бирдей сыяктуу көрүнгөнү менен, арабча түп нускасында бири-биринен айырмаланып кездешкен бир сөз бар. 78. аятта ”баары Аллахтан” деп айтылганда, бул жерде арабча indi (тарабынан) деген сөз кездешет. Бирок жогоруда котормосун берген 79. аятта бул сөз кездешпейт. Бул сөз маанилүү маани айырмасын келип чыгарат. Баары Аллах тарабынан (indi Allah –indillah-). Бул аяттардын ордуна туура котормолору берилген сөздөрдү койгонубузда, бар сыяктуу көрүнгөн карама-каршылык жок болору көрүнөт.
Баары акыры Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен болот. Баштарга келген жамандыктар болсо өз колдору менен табылганынын натыйжасында болот. Мисалы, бир адам колун отко салса, колу күйөт. Колунун күйүшү Аллах жараткан мыйзамдардын талабы боюнча болот. Бирок колун күйгүзгөн буга колун салган адам. Жоопкерчилик колун салган адамдан; бирок анын колун күйгүзгөн бул жаратылыш мыйзамдарын жараткан Аллах.