“Шапаатка байланыштуу аяттарда карама-каршылык бар” деген дооматка жооптор
Шапаат темасындагы аяттарда карама-каршылык бар деп ырастаган бир катар атеист адамдардын бул ойлоруна себеп болгон салттуу мектеп, шапаат темасындагы аяттарды маани жагынан бурмалашкан. Текст катары бурмалай албаган Китепти риваяттар менен, кээ бирлери да атайын арам ниеттүү ойлору себептүү аяттардын үстүндө маани бурмалоолорун жасашкан.
Бул макалабыз шапаатты уруксатка жана өзгөчөлүккө байлаган аяттар жөнүндө болуп, бул аяттар кээ бир маани-котормолордо кантип бурмаланып туура эмес түшүнүүгө себеп болгону, уруксат жана өзгөчөлүк камтыган шапаат аяттары чындыгында кантип түшүнүлүшү керектиги тууралуу болот.
Биринчиден теманын алда канча жакшы түшүнүлүшү үчүн кыскача техникалык маалымат беребиз. Өзгөчөлүк камтыган шапаат аяттарында колдонулган “İLLA” бөлүкчөсүн кыскача түшүндүрөбүз. “İLLA” бөлүкчөсүнүн милдети эмне жана кандай учурларда колдонулат? Бул бөлүкчө курама” сөз. “ İN” жана “L” сөздөрүнүн биригишинен турган бул бөлүкчө убакыттын өтүшү менен “N” тамгасынын “L” менен кошулуп кетишинин натыйжасында “İLL” га айланган.“İN”, түрк тилиндеги “эгер, болсо,” -LÂ- болсо терс маани берүүчү бөлүкчө жана “ЭМЕС, ЖОК, ЖОК” дегенди билдирет! Андай болсо бул эки сөздүн биригиши болгон “İLL” “эгер андай болбосо, тескерисинче, антпесе” маанилерин билдирет. Андан кийин бул бөлүкчө өзгөчөлүк бөлүкчөсүнө айланып, араб тилинин грамматикасынын негизги элементине айланган!
Албетте араб тилинде башка өзгөчөлүк бөлүкчөлөрү да бар мисалы “gayri, maada, siva” сыяктуу бирок биздин темабыз “İLLA” үстүндө топтолот. Бул бөлүкчө сүйлөмдүн маанисин чектейт жана өзүнөн мурунку сүйлөмдү же ырастап, же тануу менен так кылат, өзүнөн кийинки сүйлөмдү болсо мурункудан бөлүп, айтууга туура келсе, мурунку сүйлөм менен байланышты үзөт.
Аср сүрөсүндөгү “İLLA” өзгөчөлүк бөлүкчөсү менен жасалган котормого карап көрөлү: “Асрга ант болсун, адамдар зыянда БИРОК ыйман келтирип, салих амал кылып, акыйкатты жана сабырды насаат кылгандар мындан тышкары” Эми İLLA’га “Эгер андай болбосо, же …болсо ал башка” маанисин берип которолу: “Асрга ант болсун, ЭГЕР ыйман келтирип, салих амал кылып, акыйкатты жана сабырды насаат кылбаса адамдар зыянда” Бул жердеги “эгер” шарт бөлүкчөсүнүн көрүнүшүн бергендиктен туурага жакын эң жакшы котормо: “Асрга ант болсун, адамдар зыянда, Ыйман келтирсе, салих амал кылса, акыйкатты жана сабырды насаат кылышса, мына АЛ БАШКА”
Эми бул түшүндүрмөлөрдүн жарыгында шапаатка байланыштуу кээ бир аяттардагы баш аламандыкка себеп болгон, тагыраагы түркчө маани-котормого которулганда көйгөйлүү котормо жасалган бир мисалга карап көрөлү:
Нажм сүрөсү,26-аят: “Асмандарда канчалаган периштелер бар, алардын шапааты эч нерсеге пайда бербейт, бирок Аллах каалаган жана ыраазы болгон кишилер үчүн уруксат бергенден кийин болсо АЛ БАШКА”
Аллах шапаатка периштелер да кааласа да жете албасын, жетүү шарты болсо Аллахтын уруксатына гана байланыштуу экенин айтууда. Бул жерде периштелердин шапаат кылуу укугу жок экенин баса белгилегенине карабастан, тилекке каршы Ислам тарыхы бою кээ бир типтер “Демек Аллах уруксат берет, ошондуктан мындай өзгөчөлүк менен айтып жатат” дешкен.
Юнус сүрөсү 18-аяты: “Алар, Аллахты таштап, өздөрүнө пайда да, зыян да бере албаган буттарга сыйынышат: «Булар, Аллахтын алдында биздин шапаатчыларыбыз» дешет. Айт: «Асмандарда жана жерде, Аллах билбеген нерсени Ага кабарлап жатасыңарбы?» Аллах, алардын шерик кошкондорунан пак жана бийик.”
Шапаат темасы Курандын эч бир аятында салттуу шапаат ишениминде күчүндө болгон; “күнөөкөр мусулмандардын башка бир адамдын ортомчулугу менен Аллахтан күнөөлөрүнүн кечирилишин суроосу” түрүндө эмес. Тескерисинче бул мушрик ишеними экенине басым жасоо жана бул ишенимди четке кагуу үстүндө болгонуна карабастан салттуу шапаат ишеними муну кабыл алган жана анын үстүнө өзүнчө дин курулган. Шапаатты толугу менен четке каккан аяттардын үстүндө эч кандай бузууга бара албаган салттуу ишеним уруксат жана өзгөчөлүк темасындагы аяттарды көрүп “карачы уруксат берилгендер бар экен, демек алар шапаат кылышат экен” деп, билип же билбей (Кудай сактасын) Куранды карама-каршылыктуу китеп жана башка аяттардын үстүн жапкан логика менен окуу жолуна барышкан. Эми маани бурмалоосуна дуушар болгон бул аяттарды карап көрөлү;
Юнус сүрөсү 3-аяты: …. уруксаты болбосо эч ким шапаат кыла албайт…
Бакара с 255-аяты: Анын уруксаты болбосо Анын алдында шапаат кыла турган ким?
Бул аяттагы “анын уруксаты болбосо шапаат кыла турган ким?” сүйлөмү алдын ала кабыл алуу менен окууда ” уруксат берсе кимдир бирөөлөр шапаат кылат” түрүндө маани бурмалоосуна дуушар болгон. Чындыгында ” бул тема жөнүндө Куран эмне дейт” логикасы менен Куран окулган болсо, шапаат ойунун Курандагы чыныгы мааниси түшүнүлмөк, мушриктер Аллахтан башка сыйынган жалган кудайларына жүктөгөн ал ишеним четке кагылып жана ал мушриктер Аллахтан башка күткөн шапаатчылары жаратылган экени ” Алардын кылгандарын жана кыла тургандарын билет,” деген маанидеги сүйлөмдөн түшүнүлүшү керектиги, шапаат кылуу ыйгарым укугу жараткандарынын бардыгын билген Аллахтан башкага таандык болбосу эскертилүүдө. Юнус сүрөсү 3-аятындагы уруксат маселесинде Бакара сүрөсү 255-аяты менен ошол эле түрдө түшүнүлүшү керек.
Мариям сүрөсү 87-аяты: Рахмандын алдында убада алган кишиден башкалар шапаатка ээ боло алышпайт.
Бул аят маани-котормо менен да, контексттен ажыратылган окуу менен да маани бурмалоосуна дуушар кылынган аяттардын бири. Контексттен ажыратылган окуу менен маани бурмалоосу болсо бул аятты кыпчуур ыкмасы менен окуунун натыйжасы чындыгында 77-аяттан баштап тема бүтүндүгүндө окулган учурда убаданы ким алганы жана ал четке кагуучуларга мындай убада берилбегени, убада берилгендер такыбалар экени жана алар да Аллах тарабынан куткарылгандары Мариям сүрөсү 72-аятында баяндалат. Аяттардын контекстине караганыбызда четке каккан бирөөгө акыретте мал жана балдар менен шапаат кылынат деген ишеним четке кагылууда, шапаатка ээ боло тургандар ыйман жана салих амалдардын төлөмү катары гана шапаат убадасын аларын, мындан башкаларга мындай сөз берилбегенин, тескерисинче алар тозок менен жазаланарын билдирүүдө. Көңүл бурула турган болсо Аллахтан башка эч кимге шапаат кылуу ыйгарым укугу деген нерсе сөз болбойт.
Таха сүрөсү,109-аят: Ал күнү, Рахман уруксат берген жана сөзүнө ыраазы болгондон башкасына шапаат пайда бербейт.
Таха сүрөсү 109-аяты маани-котормо катары бурмалоого дуушар кылынган аяттардын бири. Көп маани-котормолордо туура эмес шапаат ишениминин чагылышы катары Аллахтан башка бирөө шапаат кылат деген ишенимге ылайык “Ал күнү Рахман уруксат берген жана сөзүнө ыраазы болгон кишиден башкасынын шапааты пайда бербейт.” деп мааниси берилген. Туура эмес болгон сөз ” башкасынын” түрүндө которулушу болуп, туура котормо ” башкасына” түрүндө болушу керек.
Анбия сүрөсү 26-аят: Рахман (болгон Аллах, периштелерди) бала кылып алды, дешти. Кудай сактасын! Ал, мындан пак. Тескерисинче (периштелер), жакшылыкка жана ихсанга татыган пенделер.
- Андан (буйрук алардан) мурун сүйлөшпөйт; алар, Анын буйругу менен гана аракет кылышат.
- Аллах, алардын алдындагысын да, артындагысын да (кылгандарын да, кыла тургандарын да) билет. Аллахтын ыраазылыгына жеткендерден башкасына шапаат кылышпайт. Алар, Аллахтан коркуудан титиреп турушат!
Анбия сүрөсүндөгү бул аяттарда мушриктердин периштелер тууралуу туура эмес ишенимин четке кагууда жана алардын Аллахтын алдындагы орду жөн гана урматка ээ пенделер экени баяндалууда. Шапаат кыла турган кишилерине караганыбызда “Аллахтын ыраазылыгына жеткен кишиден башкасына” эмес экени билдирилүүдө. Эми туура эмес шапаат ишенимин коргогондордон мындай сурайбыз, Аллахтын ыраазылыгына жеткен кишинин башка бирөөдөн жардамга муктаждыгы болушу мүмкүнбү? Жооп албетте жок,..
Саба сүрөсү 23-аяты: Анын алдында Ал уруксат бергенден башкасына шапаат пайда бербейт. Акыры жүрөктөрүнөн коркуу кеткенде айтышат: Раббиңер эмне буюрду? Айтышат: Акыйкатты. Ал абдан бийик жана абдан улуу.
Бул аятта дагы туура эмес шапаат ишенимине ылайык көп маани-котормолордо “Анын алдында, өзүнө уруксат бергенден башкасы шапаат кыла албайт. Акыры жүрөктөрүндөгү коркуу кеткенде: Раббиңер эмне деди? дешти. Акыйкатты, дешти. Жана Ал, Алий, Кебир” түрүндө которулуп, Аллахтан башкага шапаат укугу бердирүүгө аракет кылынган. Көңүл бурула турган болсо эсептер бүткөндөн кийин төлөмдөр “акыйкат” катары берилгени “maliki yevmiddin” аятына ылайык ошол күнү ыйгарым укук өзүнө гана таандык экенине басым жасалууда.
Зухруф сүрөсү 86-аяты: Андан башкага дуба кылгандар шапаатка ээ боло алышпайт. Билип туруп акыйкатка күбө болгондор гана шапааттан үлүш алышат.
Бул жана ушул сыяктуу аяттарды дагы Зумар сүрөсү 44-аятынын алкагында түшүнгөнүбүздө Курандын шапаат жөнүндөгү кабары түшүнүлгөн болот.
Зумар сүрөсү 44-аяты: Айт: «Бардык шапаат Аллахка таандык. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. Андан соң баарыңар кайтарылып Ага алып барыласыңар!»
Жыйынтыгында, карама-каршылыксыз китеп болгон Куранда бир бөлүк аят “Шапаат Аллахка гана таандык” десин, бир бөлүк аят болсо Кудай сактасын “Аллахтан башкага шапаат уруксаты берилет” десин; бул мүмкүн эмес. Раббибиз бизди Өзүнүн шапаатына ээ кылсын иншаАллах.