Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куран боюнча күбөлүктө бир эркекке эки аял болушу эмне үчүн?

Куранда карыз маселесинде жасалган күбөлүктө бир эркекке каршы эки аял болушу кээ бир атеист достор тарабынан Исламда аял баркы жок деп чечмеленүүдө. Бирок түшүнүлгөндүн тескерисинче, тиешелүү аятка аялдын тынчтыгы жана ыңгайы эске алынууда. Эми аятты карап чыгалы…

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا تَدَايَنتُم بِدَيْنٍ إِلَىٰٓ أَجَلٍ مُّسَمًّى فَٱكْتُبُوهُ وَلْيَكْتُب بَّيْنَكُمْ كَاتِبٌۢ بِٱلْعَدْلِ وَلَا يَأْبَ كَاتِبٌ أَن يَكْتُبَ كَمَا عَلَّمَهُ ٱللَّهُ فَلْيَكْتُبْ وَلْيُمْلِلِ ٱلَّذِى عَلَيْهِ ٱلْحَقُّ وَلْيَتَّقِ ٱللَّهَ رَبَّهُۥ وَلَا يَبْخَسْ مِنْهُ شَيْـًٔا فَإِن كَانَ ٱلَّذِى عَلَيْهِ ٱلْحَقُّ سَفِيهًا أَوْ ضَعِيفًا أَوْ لَا يَسْتَطِيعُ أَن يُمِلَّ هُوَ فَلْيُمْلِلْ وَلِيُّهُۥ بِٱلْعَدْلِ وَٱسْتَشْهِدُوا۟ شَهِيدَيْنِ مِن رِّجَالِكُمْ فَإِن لَّمْ يَكُونَا رَجُلَيْنِ فَرَجُلٌ وَٱمْرَأَتَانِ مِمَّن تَرْضَوْنَ مِنَ ٱلشُّهَدَآءِ أَن تَضِلَّ إِحْدَىٰهُمَا فَتُذَكِّرَ إِحْدَىٰهُمَا ٱلْأُخْرَىٰ وَلَا يَأْبَ ٱلشُّهَدَآءُ إِذَا مَا دُعُوا۟ وَلَا تَسْـَٔمُوٓا۟ أَن تَكْتُبُوهُ صَغِيرًا أَوْ كَبِيرًا إِلَىٰٓ أَجَلِهِۦ ذَٰلِكُمْ أَقْسَطُ عِندَ ٱللَّهِ وَأَقْوَمُ لِلشَّهَٰدَةِ وَأَدْنَىٰٓ أَلَّا تَرْتَابُوٓا۟ إِلَّآ أَن تَكُونَ تِجَٰرَةً حَاضِرَةً تُدِيرُونَهَا بَيْنَكُمْ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَلَّا تَكْتُبُوهَا وَأَشْهِدُوٓا۟ إِذَا تَبَايَعْتُمْ وَلَا يُضَآرَّ كَاتِبٌ وَلَا شَهِيدٌ وَإِن تَفْعَلُوا۟ فَإِنَّهُۥ فُسُوقٌۢ بِكُمْ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمُ ٱللَّهُ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ

Эй ыйман келтиргендер, белгилүү бир мөөнөткө карыз болгон кезде аны жазгыла. Араңардан бир катчы туура жазсын, катчы Аллах ага үйрөткөндөй жазуудан качпасын, жазсын. Мойнунда акы бар болгон (карыздар) да жаздырсын жана Раббиси Аллахтан корксун, андан эч нерсени кемитпесин. Эгер мойнунда акы бар болгон (карыздар) акылы төмөн же za’f ээси болсо, же өзү жазууга күчү жетпесе, камкорчусу туура жаздырсын. Эркектериңерден да эки күбө кармагыла; эгер эки эркек жок болсо, күбөлөрдөн ыраазы боло турган бир эркек жана бири адашканда экинчиси ага эскерте турган эки аял (да болот)… (Аль-Бакара сүрөсү, 282)

Аяттын биринчи бөлүгүндө белгилүү бир мөөнөткө карыз болгонуңарда, башкача айтканда мөөнөттүү карыз алганыңарда бул карызды жазгыла, каттоого алгыла дейт. Эгер карыз ээси болгон адам акылы төмөн же za’f ээси болсо, карызды камкорчусу каттасын дейт. Жана бул абалга эки эркек күбө болсун дейт. Банктан насыя алып жатканда бир жакыныңардын карызыңарга күбө жана кепил болгону сыяктуу. Эгер эки эркек жок болсо, анда бир эркек менен эки аялды күбө кармагыла дейт. Эми аяттын экинчи бөлүгүнө карайлы;

… Күбөлөр чакырылган кезде качпасын… (Аль-Бакара сүрөсү, 282)

Аллах карыз төлөнбөгөндө жана тараптардын ортосунда көйгөй пайда болгондо, абалды чечүү үчүн күбөлөр чакырылган кезде качпасын, милдеттерин аткарсын дейт. Аяттын акыркы бөлүгүнө карайлы;

… Жазган адамга да, күбөгө да зыян келтирилбесин. (Тескерисин) Жасасаңар, ал өзүңөр үчүн fısk (зулум жана күнөө)… (Аль-Бакара сүрөсү, 282)

Карызды жазган адамга жана күбөлүк кылгандарга зыян келтирилбесин делет. Аятты бүтүн алганыбызда, башкача жыйынтык келип чыгат. Акыркы бөлүктөн түшүнөбүз, күбөлүк кылгандар үчүн тобокелдүү, зыян көрүшү мүмкүн болгон абал жөнүндө сөз болууда. Мисалы, банкта кепил болгон адамыңар карызын төлөбөсө, силер бул карызга жооптуу болосуңар. Же болбосо карыз маселесинде тараптардын ортосунда чыңалуу пайда болсо, күбө катары басымга алынып, коркутулушуңар да мүмкүн. Аллах тобокелдүү абал үчүн жоопкерчиликти алгачкы этапта толугу менен эркекке берген. Бирок эки эркек жок болгон учурда бир эркек менен эки аялга бул жоопкерчиликти бөлүштүрүп, аялдардын үстүндө пайда боло турган басымды жана чыңалууну да азайткан. Мисалы, адамдар бир окуяга күбө болсо, полиция” күбөлүк бересиңерби” дегенде көп адамдар буга көнбөйт. Мындай абалда эч ким кызынын, энесинин же аялынын күбөлүк кылышын да каалабайт. Анткени күбөлүк күч талап кылган жана тобокели бар иш. Ушул тема аркылуу да эмпатия кыла аласыңар.

Бир процессти талап кылган жана ошол процессте зыян көрүү тобокели да бар болгон карыз маселесиндеги күбөлүктө, ачык эле аялдын тынчтыгы эске алынган Куранда. Жана күбөлүктүн алып келген чыңалуусу менен жоопкерчилиги эки аялга бөлүштүрүлгөн. Атеист достор Куранда орун алган күбөлүктү талап кылган бардык маселелерде бир эркекке каршы эки аялдын күбөлүгү бар деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул жалаң карыз маселеси үчүн жарактуу абал. Мисалы, бузуктук кылынганы тууралуу 4 күбө алып келгиле деп делет аятта. Бул жерде жынысы көрсөтүлбөйт. Эгер аялдын акылы жарым деп көрүлсө же экинчи планда болсо, 4 эркекке каршы 8 аял болушу керек деп айтылмак. Бирок мындай бөлүү жок. Жынысы кандай болсо да жалаң 4 күбө делет.

Дагы бир аятта эркек жубайын зына маселесинде айыптаганда, жубайынын бул ишти кылганы тууралуу 4 жолу ант берет. ”Бешинчи (анты) болсо, эгер жалган айткандардан болсо, Аллахтын наалаты сөзсүз өзүнүн үстүнө болушу(н кабыл алышы).” (Ан-Нур сүрөсү, 7)

Бирок ”Анын (аялдын) да төрт жолу Аллахтын атынан (ант менен) анын (күйөөсүнүн) эч шек жок жалган айткандардан экенине күбөлүк бериши өзүнөн жазаны алыстатат.” (Ан-Нур сүрөсү, 8) Көрүнүп тургандай, эркектин 4 антына каршы аял да 4 жолу ант берет. Бирок бул аятта аялдын анты эркектен артык көрүлөт.

Жыйынтыгында Куранда эркек менен аял амал жагынан толук тең. Куранда аялдар гүлгө окшотулган. Ошол гүлдү соолута турган, чарчата турган ар бир деталь жок кылынган. Аял колдун үстүндө кармалган, күч талап кылган оор иштер эркекке жүктөлгөн. Бул да Аллахтын аялдарга болгон ырайымынын бир белгиси.