Куранда Күн Суунун Ичине Батты Деген Ырастоого Жооп: Куранга Ылайык Дүйнө Жалпакпы?

Аль-Кахф сүрөсүнүн 86-аятындагы “аны кара ылайлуу булакта батып жатканын (Mağrib) (مغرب) тапты,” деген сөздөн улам Куранда күн суунун ичине батат деп айтылган деп ырасталууда. Дагы эле бул аяттардагы сөздөн дүйнө жалпак деген жыйынтык чыгарышат. Чынында башкалары сыяктуу булар да туура эмес ырастоолор. Бул сындардагы эң чоң ката сөздөрдүн маанисин түшүнө албоо жана түшүнүктүн жетишсиздиги. Аль-Кахф сүрөсүнүн 86-аятында кездешкен түрк тилине “batmak” деп которулган эки сөз бар. Буларды карап чыкканда абал оңой түшүнүлөт:
Акыры күн баткан (mağrib) (مغرب) жерге чейин жетти жана аны кара ылайлуу булакта батып жатканын (Garabe) (غرب) тапты, жанынан бир элди көрдү. (18 Аль-Кахф сүрөсү, 86)
Жогорудагы аятта күн суунун ичине батып жаткандай сөз бар деп ырасталганы менен абал андай эмес. “Күндүн батышы” менен “бир нерсенин сууга батышы” түрк тилинде бир эле сөз болушу мүмкүн, бирок бул сөздөр араб тилинде өзүнчө сөздөр.
Бул айырманын билинбеши же башаламандыктан пайдалангысы келиши, бул өтө жаңылыш ырастоонун айтылышына себеп болгон.
Күндүн батышы “Garebe” этиши менен туюнтулат. Ал тургай бул уңгудан жаралган сөздөр түрк тилине да өткөн. Мисалы “garb” (غرب)же “mağrib” (مغرب) бир эле уңгудан жаралган сөздөр, “батыш” (тарап) маанисин билдирет.
Бир нерсенин сууга батышы болсо “gareke” (غرق) этиши жана “garabe” (غرب) ден башка этиш. Бул сөз да чынында түрк тилине өткөн. Suya gark oldu дегенде бул этишти колдонобуз. Куранда, да бир нерсенин суунун ичине батышы маанисинде бул сөз колдонулат, мисалы Аль-Кахф сүрөсүндө:
…. “Ичиндегилерин батыруу (garake) (غرق) үчүн аны тешкениңби?…..” (18 Аль-Кахф сүрөсү – 71) деп айтылат
Эми күндүн батышы менен бир нерсенин сууга батышы түрк тилинде бир эле сөз менен туюнтулганы, араб тилинде болсо ар башка сөздөр экени ачык. Демек, жогорудагы аятта да күндүн суунун ичинде бир нерсе сыяктуу батышы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бул жерде баяндалып жаткан нерсе күндүн батышы.
Чынында batmak этишинин араб тилиндеги маанилери билинбесе да, жогорудагы сындарды айткан адамдар түшүнгөндөй түшүнүү жаман ниеттин натыйжасы. Мисалы, бирөө “Мен кечээ деңиз жээгинде бардым жана күндүн деңизде батышын тамашаладым.” десе, мындан күн суунун ичине батты деп түшүнүлөбү? Же болбосо “güneş her sabah doğuyor” дегенде күндүн энеси бар, бул эне ар күнү эртең менен төрөп, күндү төрөйт деген жыйынтыкка келинеби? Анын үстүнө сөздөрдүн араб тилиндеги маанилерине караганда тема абдан ачык экени түшүнүлөт.
Аятта күн баткан жер катары кездешкен сөздүн түпкү нускасы “mağrib” (مغرب) сөзү. Бул сөз батыштагы бир жер маанисин билдирет. Бул сөз батышта бара турган эң алыскы жерди билдирет. Мисалы, Түндүк Африка өлкөсү Мароккону арабдар “Mağrip” дешет. Анткени батыш тарапка барган жери болгондуктан ушундай аташкан. Мындан да дүйнө жалпак деген маани такыр чыкпайт. Мисалы, азыркы күндө да түрк тилинде же башка тилдерде окшош сөздөр колдонулат.
Жапония бир алыскы чыгыш өлкөсү. (Англис тилинде да түрк тилиндегидей эле мааниге ээ “Far East” сөзү бар). Чыгышта бара турган эң алыскы өлкө Жапония. Жапонияга дүйнөнүн эң чыгышындагы өлкө дегендик дүйнөнүн жалпак экенин көрсөтпөйт.
Мындан тышкары бул аятта иш-аракетти кылган Зулкарнайн. Аят аятты сындоого аракет кылгандардын ойлогусу келгенинин тескерисинче, бул окуяларды Зулкарнайндын көргөн жана кабыл алган абалын сүрөттөйт, болбосо, Кудай сактасын, Аллахтын баяны менен эмес.
Бул аятта vajada этиши колдонулган. Бул этиштин Классикалык араб сөздүктөрүндөгү мааниси;
“(бир нерсени) табуу/ачуу, табылуу, таасир калтыруу, жолугуу/кезигүү, күбө болуу, кабылдоо, башынан өткөрүү (тажрыйба катары)”[1]
Ошондуктан бул аят жалгыз гана Зулкарнайдын көргөнү, кабыл алганы жөнүндө айтат. Башкача айтканда, Кудай “Зулкарнай, күндү баткакка батып жаткан абалда тапты” дегенде Зулкарнайдын таасирин, кабыл алган нерсесин айтып жатат.
Аятта эгерде “Күндүн баткакка (физикалык жактан) батканын” баяндаса, taghrubu сөзү колдонулмак эмес. Анткени бул сөз физикалык батууну билдирген этиш эмес.[2]
Жыйынтыктап айтканда, бул аят, ”дүйнөнүн жалпактыгы” менен байланыштуу сөз жок. Жалгыз гана Атеисттердин бурмалоосунан башка эч нерсе эмес. Бул аятта жалгыз гана Зулкарнайдын көргөнү/кабыл алганы/башынан өткөргөнү жөнүндө сөз болгон. Кудайдын көргөнү эмес!!
Шилтемелер:
[1]= Кара. The Hans Wehr Dictionary of Modern Written Arabic, түзгөн: J. M. Cowan, 4. edition, 1976, page 1231.
[2]= Кара. Edward William, Arabic-English Lexicon, Volume 1, London, 1863, page 2241.