Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда Араб географиясына таандык болбогон жаныбарлардын жана мөмөлөрдүн аттары эмне үчүн кездешпейт?

Аллахтын сөзү Куранда карама-каршылык издеген адамдардын эң жөнөкөй темаларда да ак ниет эмес айрым дооматтарды айтышына мисал боло турган дагы бир доомат… “Куран чындап эле түшкөн Араб географиясында гана болгон жаныбарлар жана ошол география да гана өскөн өсүмдүктөр жана мөмөлөр тууралуу гана сөз кылат.”.

Куран-ы Керимде аты аталган жаныбарлардын айрымдары (чочко сыяктуу) харамдарды баяндоо үчүн айтылган, айрымдары адам баласынын кээ бир жаман жүрүм-турумдарын сыпаттоо үчүн колдонулган (Эшек, ит жана карга сыяктуу), айрымдары да (Төө, чымын, чиркей жана жөргөмүш сыяктуу) Аллахтын аяттарын ой жүгүртүү үчүн баяндалган жана айрымы да (ат сыяктуу) жаныбарларды мактоо үчүн айтылган.

Курандын айрым сүрөлөрүнүн аты жаныбардын атын алып жүрөт:

Бакара (уй) сүрөсү,

Нахл (аары) сүрөсү,

Анкабут (жөргөмүш) сүрөсү,

Намл (кумурска) сүрөсү,

Фил сүрөсү.

Бул сүрөлөр аттарын камтыган темаларынан улам алышкан. Мисалы Бакара сүрөсү атын, Израил уулдары союп кеткен уйдан улам алган. Анам сүрөсүндөгү Анам болсо; кой, эчки, төө, бодо мал жана буйвол түрлөрүн бирге билдирген сөз.

Анжир, жүзүм, анар, курма, зайтун, бал, пияз, сарымсак, кыяр ж.б. сыяктуу Арабия географиясында белгилүү тамак-аштар да Курандын ар түрдүү аяттарында, ар түрдүү темаларда мисал жана сүрөттөө үчүн колдонулган….

Анда, Куранда карама-каршылык издеген адамдардын суроосу эмне?…

Эмне үчүн ансыз да арабдар жашаган географияда белгилүү жаныбарлардын жана тамак-аштардын аттары Куранда кездешет да, мисалы ошол географияда белгисиз коон, дарбыз ж.б. сыяктуу мөмөлөр же кит же пингвин сыяктуу жаныбарлардын аттары кездешпейт?

Бул суроонун жообу болсо…

Бул чындап эле таптакыр акылга сыярлык жана ак ниет суроо эмес. Мухаммед пайгамбардын заманында анын өзү кербендер менен Меккеден тышкары соода максатында тез-тез чыгып, ар түрдүү географияларга сапар тартканы белгилүү. Эгер Куранда Араб географиясында белгисиз жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аттары кездешсе, бул абал Пайгамбар ошол жерлерде көргөн же башка соодагерлерден уккан бул аттарды Куранга Кудай сактасын жазды, ушундайча арабдардын арасында бул маалыматтардан өзү үчүн артыкчылыктуу орун алды деген жалаага дуушар болмок. Бул маалыматтар алгачкы баскычта жеткирген арабдардын арасында да башаламандыкка себеп болору ачык…

Куранда Араб географиясында жок жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аттары кездешпегени эмес, алардын жазылганы карама-каршылык жана акылга сыярлык суроонун темасы болмок. Ошондуктан бул суроо болгону башаламандыкка алып келүүгө багытталган, негизден алыс жана логикасыз суроо. Аллах вахий кылган Китепте эч качан карама-каршылык болбойт.

Эгер Куранда тескерисинче болсо, ак ниеттиктен алыс бул суроону берген адамдар 1400 жыл мурун Арабияда адамдар коон, дарбыз сыяктуу тамак-аштарды, кит же пингвин сыяктуу жаныбарларды кайдан билсин. Куранда ошол доордо да, кийинки доорлордо да бардык адамдарга белгилүү боло турган жаныбарлар мисал катары келтирилиши керек эмес беле? деп сурашарына ишенсеңер болот.

Куран кудайдан келген вахий жана Куранда кездешкен жандыктардын баары ошол доордо да, кыяматка чейин да бардык адамдар биле турган жана түрлөрүнүн да түгөнүү ыктымалы дээрлик жок жандыктар. Акылга сыярлыгы ушул…