Куран боюнча аял эч качан сабалбайт
“Аларды чыгаргыла” же “ажырашкыла” деген сөздү көпчүлүк котормочулар “сабагыла” деп которушкан. Тилибизге “сабагыла” деп которушкан “darabe” сөзү Куранда 58 жерде кездешет жана контекстине жараша ар башка маанилерди билдирет.
Сапар тартуу, сыртка чыгаруу: (Аль-Бакара сүрөсү, 273; Али Имран сүрөсү, 156; Ан-Ниса сүрөсү, 101)
Уруу: (Аль-Бакара сүрөсү, 60 жана 73; Аль-Араф сүрөсү, 160; Аль-Анфал сүрөсү, 12; Таха сүрөсү, 77; Ас-Саффат сүрөсү, 93)
Сабоо: (Аль-Анфал сүрөсү, 50; Мухаммед сүрөсү, 27)
Мисал келтирүү: (Ибрахим сүрөсү, 24 жана 45; Ан-Нахл сүрөсү, 75, 76 жана 112; Аль-Кахф сүрөсү, 32 жана 45)
Алыс кармоо/Бөлүү: (Аз-Зухруф сүрөсү, 5)
Соттолуу: (Аль-Бакара сүрөсү, 61)
Жабуу, Уруу: (Аль-Анфал сүрөсү, 12; Аль-Кахф сүрөсү, 11)
Жабуу: (Ан-Нур сүрөсү, 31)
Түшүндүрүү: (Ар-Рад сүрөсү, 17)
сыяктуу көптөгөн маанилердин баары Курандагы “darabe” сөзүнө жүктөлгөн.
Мурдагы котормочулардын дээрлик баары “ал аялдарды сабагыла” деп которгон аяттагы “darabe” сөзүн кээ бирлери жумшартып “азыраак сабагыла” , “оорутпай сабагыла” деп которушуп, Курандан тышкары булактардан негиздерди келтиришкен. Бирок Курандын арабчасында “оорутпай сабагыла” деген маани жок. Эгер “darabe” сөзү “оорутпай азыраак сабагыла” дегенди билдирсе, ошол эле “darabe” сөзү, ошол эле формада, Аль-Анфал сүрөсүнүн 12-аятында “Такыр оорутпай манжаларын туурагыла” же “Такыр оорутпай моюндарын чапкыла” дегенди билдирсин. Ооба, аятта “ал аялдарды darb кылгыла” делет. Бирок бул ал аялдарды сабагылабы, жаткыргылабы, жибергилеби, ажырашкылабы, узаткылабы, туурагылабы, жапкылабы же үлгү кылгылабы дегенди билдиреби?
Арабчада китепти darb кылуу китепти басып чыгаруу дегенди билдирет. Арабчада “Darb-ül evvel” деген сөз айкашы алгачкы жаратылгандар дегенди билдирет. Арабчада эки адамдын darblaşma кылышы урушуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бири-бири менен шерик болуп, ишкана түзүү дегенди билдирет. Биринин өз акчасын darb кылган, экинчисинин болсо жалаң эмгегин darb кылган шериктиктери арабчада darblaşma (Mudaraba) деп аталат. Андай болсо, Курандын бул аятында кездешкен “ал аялдарды darb кылгыла” деген сүйлөм кантип “сабагыла” дегенди билдириши мүмкүн? Арабчада китепти darb кылуу китепти тепкилөө, сабоо дегенби, анан аялды darb кылуу “ал аялды сабагыла” дегенди билдирсе? Арабчада чатырды darb кылуу чатыр тигүү дегенди билдирет, чатырды сабоо эмес. (Тил илимчи Cengiz Özakıncı’нин Dünden Bugüne Türklerde, Din ve Dil, деген чыгармасы маселелерди илимий жактан карайт. Otopsi Yay.)
Андан тышкары кээ бир атеисттер тарабынан көп айтылган темалардын бири да, “darabe” этинин уруу маанисинен башка колдонулушу үчүн анын жанына harf-i cer алышы керек дегендик. Бирок Куранда көптөгөн мисалдар бар, darabe эти harf-i cer албай колдонулган жана бул колдонуулар сабоо маанисин билдирбейт. Куранда 14:24-45, 16:75-76, 16:112, 13:17 жана дагы көптөгөн аяттарда harf-i cer жок колдонулган “darabe” сөзү негизинен “мисал келтирүү” маанисинде колдонулат. Эгер биз 13:17 аятын да, -бир топтун ырастагандай- harf-i cer жок болгондуктан “сабоо” деп алсак, аяттын мааниси “Аллах акыйкатты жана жалганды ушинтип сабайт” болуп калат. Жыйынтыгында darabe эти harf-i cer албай да сабоо маанисинен башка колдонулушу мүмкүн. 4:34 аятындагы колдонулушу да ушундай. Андан тышкары аятта баш ийүү катары кездешкен бөлүк طوع чын жүрөктөн каалап баш ийүү дегенди билдирет. Таяктын күчү менен болгон баш ийүү чын жүрөктөн келген баш ийүү боло албайт
Иштин эң ачуу жана кызык жери да, Куран аятын “сабагыла” деп которгондор дароо астына эскертүү жазып, “Пайгамбарыбыз жубайларынын бирин да сабаган эмес, үммөтүнө да сабабоону сунуштайт” деп Аллах менен Пайгамбардын ортосун бөлгүсү келишкен. “Аллах менен пайгамбарлардын ортосун бөлгүсү келгендерге оор азап даярдалган.” (кар. Ан-Ниса сүрөсү, 150-151) Имиш, Аллах аялды “сабагыла” дейт, Пайгамбар да “сабабагыла” дейт. Анын үстүнө мындай дегендер сабатсыз же бүдөмүк адамдар эмес, аты-жөнү белгилүү аалымдарыбыз. Ушунчалык коркунучтуу жана карама-каршы жолду тандаган котормочулардын абалын Аллахка тапшыруудан башка кыла турган эч нерсе жок. Аллах кечирсин. Аятта “аялдарды сабагыла” деген маани эмес, “аялдарды чыгаргыла” деген сөз бар.