Куран боюнча “Cizye” салык эмес ”Согуш компенсациясы”
Куран ырааттуулугун сынап көрүүгө боло тургандай иштелип чыккан китеп. Бир түшүнүк же сүйлөм дал ошондой башка аяттарда да орун алышы мүмкүн. Ушундайча Аллах өтө аз сөз колдонуп түзгөн сүйлөм комбинациялары менен укмуштуу китеп жараткан. Ошол эле учурда бул өзгөчөлүк Куранга маани берүүдө окшош сүйлөмдөрдү да эске алууну милдеттүү кылат. Болбосо бурмалоолорго же туура эмес маани берүүлөр өзүн ашкерелейт. Бүгүнкү күндө да Куран котормолорунда көп туура эмес маани берүүлөр орун алган. Бирок Куран, Аллах тарабынан корголушу жана өзү өзүн тафсир кылуу өзгөчөлүгү менен бул бурмаланган ой жүгүртүүгө эң туура жоопту берет.
Кылымдар бою мааниси эң көп бурмаланган маселелердин бири да “Cizye”. Салттуу мектеп боюнча cizye; Ислам өлкөлөрүндө мусулман эместерден алынуучу салыктын бир түрү. Анын булагы катары Ат-Тооба сүрөсүнүн 29. аяты көрсөтүлөт. Анда чындыгында абал кылымдар бою колдонулуп келгендей эле бекен? Же болбосо Ат-Тооба сүрөсүнүн 29. аятында жогорку адеп-ахлак, универсалдуу жарандык мыйзам жөнүндө сөз болуп жатабы?
Өздөрүнө китеп берилгендерден Аллахка жана акырет күнүнө ишенбеген, Аллах жана Анын элчиси тыюу салган нерсени арам деп эсептебеген жана акыйкат динди дин кылып албагандар менен, баш ийип өз колдору менен cizye бере турган убакка чейин согушкула. Ат-Тооба сүрөсү 29
Ооба, жогоруда да айтып өткөндөй, биринчиден Курандан бир маселени түшүнүүнүн же бир көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу, абалды Куранга сунуштоо. Cizye Ceza уңгусунан келип чыгат. (Сүрөт 1де түшүндүрмө катары баяндалган.) Согушка атайын төлөнүүчү компенсация, башкача айтканда, согуштарда агрессор мамлекеттердин, жеңген мамлекеттерге келтирген зыяны үчүн төлөөгө милдеттүү болгон компенсациясы аталат. Тарыхта cizyeге мисал төлөмдөр бар. Мындан тышкары cizye, жарандык укукта да бар жаза. Жакынкы тарыхыбызга карасак, II Дүйнөлүк согуштан кийин агрессор Германия төлөгөн согуш компенсациясы да cizye. Дагы жакынкы тарыхыбызда Греция Куткаруу согушунда Батыш Анадолуга келтирген зыяны үчүн согуш компенсациясы катары Түркияга Эдирненин Караагач районун берген.
Сүрөт:1
Исламда согуш жалаң гана коргонуу максатында жана согуш, жалаң гана согушка катышкан тарапка багытталган. Исламда душманды
өлтүрүүдөн көрө адамды кайтарып алуу негизги нерсе. Согушка киришкенде, мусулмандар адилеттүү согуш принциптери боюнча кадам таштоого милдеттүү. Бул принциптерди мурда сайтыбызда жарыялаган https://kurandaceliskiolmaz.net/kuranda-inkarcilarla-sava… тиешелүү шилтемедеги жазуудан да окуй аласыз.
Жыйынтыгында cizye, “Мусулман эместерден алынуучу салыктын бир түрү” эмес “согуштарда агрессор мамлекеттердин, жеңген мамлекеттерге келтирген зыяны үчүн төлөөгө милдеттүү болгон компенсациясы.”