“Куран жана башка ыйык китептер эмне үчүн дайыма Жакынкы Чыгыш географиясына жиберилген” деген дооматка жооп:
Жакынкы Чыгыш географиясында бүгүнкү адамдардын ишенимдерине булак боло турган диндер жиберилип, элчилер дайындалган; бирок дүйнөнүн башка аймактарында жана географияларында мындай жеткирүү болгон эмес деген доомат, чынында балким эң көп жасалган туура эмес баалоолордун бири. Аллах улуу китебинде, ар бир коом үчүн таухид дининин кабарын өз элине жайышы үчүн элчилерди тандаганын айтат:
Ар бир коомдун ичинде, ‘АЛЛАХКА кулдук кылгыла жана бутпарастыктан сактангыла,’ деген элчи жибердик. Алардын кээ бирине АЛЛАХ жол көрсөттү, кээ бири адашууда калууга өкүм кылынды. Жер жүзүн кыдырып, жалганга чыгаргандардын акыбети кандай болгонуна көңүл бургула.
Нахл сүрөсү 36.Аят
Бул аятка ылайык, демек Жакынкы Чыгышка гана эмес, башка аймактарга да элчилер дайындалган жана дин баяндалган. Бирок өзгөчө цивилизация башталган, өнүккөн жана дүйнө калкы жыш жашаган ушул аймакка көбүрөөк элчи жиберилиши социологиялык зарылчылык. Бул абал башка аймактарга такыр жеткирүү барбаган дегенди билдирбейт. Куранда аты аталган болжол менен 25 пайгамбар, чындап эле ушул аймакта жана анын айланасында кызмат кылган. Бирок Куранда аты аталбаган элчилер бар экенин дагы Курандын өзү бизге түшүндүрөт.
Айрым пайгамбарларды мурда сага баяндадык; айрымын болсо сага баяндаган жокпуз.
Ниса сүрөсү 164.Аят
Демек, Куранда аты аталбаган дагы көптөгөн элчи Аллах тарабынан дайындалган. Жана бул элчилердин жашаган жерлери жана таандык болгон элдери белгисиз. Бул элчилер Жакынкы Чыгыштан тышкары да жашашы мүмкүн эле. Куранда белгиленбеген бул маалыматка биз, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жана акыл жүгүртүп гана жете алабыз.
Көптөгөн изилдөөчүлөр, Жакынкы Чыгыштан тышкаркы географияларда азыркы учурда бар ишеним жана ой мектептеринин тегинде таухид дини турат деп далилдешет. Өзгөчө буддизм башында таухид дини болгону жана Будда өлгөндөн кийин дегенерацияга учурап, хак дин өзгөчөлүгүн жоготкону айтылат. Бул пикирлерине да дагы Аллахтын сөзүнөн бир ишарат катары да төмөнкү аят көрсөтүлүшү мүмкүн.
Ант болсун анжирге жана зайтунга,
Ант болсун Синай тоосуна,
Жана ант болсун бул ишенимдүү шаарга (Меккеге) ки;
ТИН сүрөсү 1,2,3. аяттар
Бул аятта, зайтун Иса пайгамбарды, Синай тоосу Муса пайгамбарды, коопсуз шаар Мухаммед пайгамбарды символдоштурганда. Анжир болсо, анжир дарагынын түбүндө чындыкка жеткени буддисттик жазууларда кездешкен Будданы символдоштурат. Ушул эле сыяктуу коргогон пикирлерин жана жашаган коомунда жасаган өзгөрүүлөрүн эске алып Сократты жана ацтек падышасы Кукулканды да Аллахтын таухид динин жаюуга милдеттүү элчилер экени тууралуу ойлор бар. (Эң тууранысын Аллах билет).
Бирок мындай болбосо да Аллах китебинин көп жеринде, жеткирүү жетпеген жерлерде эч кимге азап берилбесин айтат.
Раббиң, коомдордун борборуна, аларга аяттарыбызды окуган элчи жибербей туруп аларды жок кылбайт. Биз, эли залым болбогон коомдорду эч качан жок кылбайбыз.
КАСАС сүрөсү 59. аят
Биз элчи жибербей туруп эч кимди жазалабайбыз
ИСРА сүрөсү 15.Аят