Куран жалаң гана Араб жарым аралына түшкөнбү? Же жалпы адамзаттыкпы?
Аллахтын сөзү Куран жалаң гана Араб жарым аралына арналып түшүрүлгөн жана ошондуктан жалаң гана арабдарга тиешелүү жана жалаң гана аларды жоопкерчиликке алган Китеп экени жөнүндө айрым дооматтар бар…
Логикалык байланышынан жана жакшы ниеттен куру бул дооматтын ээлери , өзгөчө Аш-Шура сүрөсүнүн 7.аятын жана Аль-Анам сүрөсүнүн 92-аятын далил катары көрсөтүшөт. Бул аяттардын салтчыл логика менен жасалган маани котормолорунда чындап эле Куран жалаң гана Меккеге жана анын айланасына түшүрүлгөндөй туура эмес маанилер берилет жана бул абдан оор катага себеп болот. Бул эки аяттын арабча түп нускасынан сөз талдоолорун жасаганыбызда көрөбүз, текстте таптакыр жок болсо да Мекке шаары маани котормосуна киргизилип, жалпы адамзаттык китеп болгон Куран тар географияга камалууга аракет кылынган..
1).Адегенде Аш-Шура 7ге карайлы…
Ve kezâlike evhaynâ ileyke kur’ânen arabiyyen li tunzire ummel kurâ ve men havlehâ ve tunzire yevmel cem’i lâ reybe fîh(fîhi), ferîkun fîl cenneti ve ferîkun fîs saîr(saîri).
- ve kezâlike : жана мына ушундай, ошентип
- evhaynâ : биз вахий кылдык
- ileyke : сага
- kur’ânen : Куран
- arabiyyen : арабча
- li tunzire : эскертишиң үчүн
- umme el kurâ : шаарлардын энеси эмес…..
Ummul Kura = шаарлардын баары
Так төмөнкү мисалдардагыдай,
Ummul nucum = Саманчынын жолу (жылдыздардын баары)
Ummul Kuran = Курандын бүтүнү
Ummul şer = дүйнөдөгү бардык жамандыктар
Ummul heyr = дүйнөдөгү бардык жакшылыктар
- ve men : жана ким(дер)
- havle-hâ : анын айланасында
- ve tunzire : жана эскертесиң
- yevme el cem’i : чогулуу күнү
- lâ reybe : шек жок
- fî-hi : ал жөнүндө
- ferîkun : бир бөлүгү, бир топ
- fî el cenneti : бейиште
- ve ferîkun : жана бир бөлүгү, бир топ
- fî es saîri : жалындуу оттун ичинде, тозокто
Классикалык салтчыл мектептин маани котормолорунда аятта кездешкен umme el kurâ сөзүнө абдан туура эмес түрдө Мекке шаары жана анын айланасы деген маани берилген, ошентип аяттын мааниси төмөнкү түрдө тарытылган. Бул туура эмес маани котормолорунда жалпысынан мындай делет…
ar: وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَآ إِلَيْكَ قُرْءَانًا عَرَبِيًّا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَتُنذِرَ يَوْمَ ٱلْجَمْعِ لَا رَيْبَ فِيهِ فَرِيقٌ فِى ٱلْجَنَّةِ وَفَرِيقٌ فِى ٱلسَّعِيرِ Diyanet Vakfı :Шаарлардын энеси (болгон Меккеде) жана анын айланасында тургандарды эскертишиң жана эч шек жок чогулуу күнү менен аларды коркутушуң үчүн сага ушундай арабча Куран вахий кылдык. (Адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү да жаалдуу жалындуу тозокто.
Diyanet Vakfı
Бирок түп нускасында жок Мекке сөзү аятка киргизилбеген маани котормолорунда болсо мааниси мындай…
Мына ушундай! Биз сага арабча Куран вахий кылдык, бардык шаарларды жана айланасындагыларды эскертишиң үчүн. Жана чогултуу күнү тууралуу да эскертүү беришиң үчүн. Ал күндө эч шек жок. Бир топ бейиште, бир топ отто.
- Эми Аль-Анам сүрөсүнүн 92-аятына карайлы…
Ve hâzâ kitâbun enzelnâhu mubârakun musaddıkullezî beyne yedeyhi ve li tunzire ummel kurâ ve men havlehâ, vellezîne yu’minûne bil âhirati yu’minûne bihî ve hum alâ salâtihim yuhâfizûn(yuhâfizûne).
- ve hâzâ : жана бул
- kitâbun : бир китеп
- enzelnâ-hu : аны түшүрдүк
- mubârakun : ыйык, мубарек
- musaddıku ellezî : аларды ырастоочу, тастыктоочу
- beyne : ортосунда
- yedey-hi (beyne yedey-hi) : анын эки колу: (колдорунун ортосунда (алдында))
- ve li tunzire : жана эскертишиң үчүн
- umme el kurâ : шаарлардын энеси эмес..
Ummul Kura = шаарлардын баары
Так төмөнкү мисалдардагыдай,
Ummul nucum = Саманчынын жолу (жылдыздардын баары)
Ummul Kuran = Курандын бүтүнү
Ummul şer = дүйнөдөгү бардык жамандыктар
Ummul heyr = дүйнөдөгү бардык жакшылыктар
- ve men havle-hâ : жана анын айланасындагылар
- ve ellezîne : жана алар
- yu’minûne : ыйман келтиришет
- bi el âhırati : акыретке
- yu’minûne : ыйман келтиришет
- bi-hi : ага
- ve hum : жана алар
- alâ salâti-him : намаздарын
- yuhâfizûne : сакташат
Абдан так көрүнүп тургандай, дагы мурунку аятта да кездешкен umme el kurâ сөзүнө Мекке деген маани берилсе, ошол эле ката кайталанат жана маани котормосу төмөнкү абалга келет…
ar: وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلْنَٰهُ مُبَارَكٌ مُّصَدِّقُ ٱلَّذِى بَيْنَ يَدَيْهِ وَلِتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَهُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ Diyanet İşleri (eski) : Бул биз түшүргөн, өзүнөн мурункуларды ырастаган, меккеликтерди жана айланасындагыларды эскерткен мубарек Китеп. Акыретке ишенгендер буга ишенишет, намаздарын да улантышат.
Diyanet İşleri (eski)
Дагы аяттын түп нускасында жок Мекке сөзү аятка киргизилбеген маани котормолорунда болсо мааниси мындай…
Бул да биздин, шаарлардын/цивилизациялардын баарын эскертишиң үчүн түшүргөн Китебибиз. Ыйык-берекелүү, өзүнөн мурункуну ырастоочу. Акыретке ишенгендер ага да ишенишет жана алар намаздарын улантышат.
Аллахтын сөзү болгон Куран бардык доорлорго карап турган жана бүт адамзатка жиберилген шыпаа булагы экени Курандын өзүнүн абдан ачык дооматы болуп турганда, мынчалык тар жана туура эмес жоруктарды жасап, аны жалаң гана араб коомуна жиберилгендей ойлоо чындап эле абдан оор ката. Мындан тышкары Саба сүрөсүнүн 28-аятында “биз сени БАРДЫК АДАМДАРГА эскертүүчү жана сүйүнчүлүү кабар берүүчү катары гана жибердик” деп билдирилет.
Аль-Анам сүрөсүнүн 19-аяты эле өзүнчө Куран жеткен бүт адамзатты эскерткен китеп экенинин далили. Куран ага жеткен ар бир адамды этникалык тегине, түсүнө, тилине, жынысына карабастан Кудайлык чындыкка жеткирген жана эки дүйнөсүндө чыныгы бакытта жашашын камсыз кыла турган эрежелерди жана чындыктарды камтыйт.
Аль-Анам сүрөсүнүн 19.аяты…
ar: قُلْ أَىُّ شَىْءٍ أَكْبَرُ شَهَٰدَةً قُلِ ٱللَّهُ شَهِيدٌۢ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ وَأُوحِىَ إِلَىَّ هَٰذَا ٱلْقُرْءَانُ لِأُنذِرَكُم بِهِۦ وَمَنۢ بَلَغَ أَئِنَّكُمْ لَتَشْهَدُونَ أَنَّ مَعَ ٱللَّهِ ءَالِهَةً أُخْرَىٰ قُل لَّآ أَشْهَدُ قُلْ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ وَإِنَّنِى بَرِىٓءٌ مِّمَّا تُشْرِكُونَ Yaşar Nuri Öztürk : Сура: “Күбөлүк жагынан кайсы нерсе чоңураак?” Айт: “Мени менен силердин ортоңордо Аллах күбө. Бул Куран мага вахий кылынды, аны менен СИЛЕРДИ жана ЖЕТКЕН АР БИР АДАМДЫ эскертейин деп. Силер чындап эле Аллахтын жанында башка илахтар бар экенине күбөлүк бересиңерби?” Айт: “Мен буга күбөлүк бербейм.” Айт: “Ал жалгыз гана кудай! Жана мен силер шерик кылган нерселерден алысмын!”
Yaşar Nuri Öztürk
Сөз болуп жаткан сөз үчүн булактар…
- “-b8- And it signifies also The source, origin, foundation, or basis, (S, M, Msb, K,) of a thing, (S, Msb, [in the former of which, this is the first of the meanings assigned to the word,]) or of anything; (M, K) its stay, support, or efficient cause of subsistence. (M, K.) ― -b9- Anything to which other things are collected together, or adjoined: (IDrd, M, K:) anything to which the other things that are next thereto are collected together, or adjoined: (Lth, T:) the main, or chief, part of a thing; the main body thereof: and that which is a compriser, or comprehender, of [other] things: (Ham p. 44:) the place of collection, comprisal, or comprehension, of a thing; the place of combination thereof. (En-Nadr, T.) ― -b10- And hence, (IDrd, M,) The head, or chief, of a people, or company of men; (IDrd, S, M, K;) because others collect themselves together to him: “
An Arabic-English Lexicon. London. Williams and Norgate. 1863.
- elif mim mim тамырынан umm жана анын туундулары
http://corpus.quran.com/qurandictionary.jsp?q=Amm#(42:8:5)
a community – The Quranic Arabic Corpus – Quran Dictionary
The translations below are brief glosses intended as a guide to meaning. An Arabic word may have a range of meanings depending on context. Click on a word for more linguistic information, or to suggestion a correction.
CORPUS.QURAN.COM