Ибилис(шайтан) жинби же периштеби ?
Ыйык текст Куранда карама-каршылык бар деп доомат кылган айрым адамдар, Бакара сүрөсү 34 аятты дооматтарына далил катары көрсөтүшөт. Дооматка ылайык; “Куран адам жазган текст жана шайтан периште бекен же жин бекен деген маселеде карама-каршылык бар!” (Куранды мындан аруу тутабыз)
Бакара сүрөсү 34-аятта мындай деп жазылган;
”Эсиңерде болсун, биз ПЕРИШТЕЛЕРГЕ: Адамга сажда кылгыла, деген элек. Ибилистен башкасынын баары сажда кылышты. Ал жүз бурду жана чоңдук кылды, ошентип капырлардан болду.”
Куранда карама-каршылык бар деп доомат кылган адамдар, аятта гана
Периштелерге кайрылганын алга тартып, демек Ибилис (Шайтан) периште гана болушу мүмкүн экенин жана Кахф сүрөсү, 50-аятка ылайык Ибилис “ ЖИН” деп жазылганын карама-каршылык катары сыпатташат. Эми абалды Куранга сунуп, дооматтын ак ниеттиктен алыс жана негизсиз экенин көрсөтөлү.
Бакара сүрөсүнүн 34-аяты түркчө котормодо туура эмес түшүнүлгөндүктөн аяттарда карама-каршылык бар деп ойлонулат. Бул аятта арап тилинде “tağlib өнөрү” деп белгилүү бир тил колдонуу бар. Tağlib өнөрү боюнча көпчүлүккө кайрылат. Tağlib сөзү арап тилинде үстөм кылуу, артык кылуу маанилерин билдирет. Tağlib өнөрү: tağlib жасала турган эки нерсенин биринин экинчисинен артык көрүлүшү жана алардан артык көрүлгөн нерсенин сөзүнүн экөө үчүн тең колдонулушу.
Бул маалыматтан кийин периштелердин Куранда баяндалган сыпаттарын карайлы. Нахл сүрөсү 49-50 жана Тахрим сүрөсү 6 аяттарында; Периштелер Аллахка каршы чоңдук кылбаганы, Раббилеринен келген бардык буйруктарды аткарганы билдирилет.
“Асмандарда жана жерде болгон ар бир жандык жана ПЕРИШТЕЛЕР ЧОҢДУК КЫЛБАСТАН АЛЛАХКА САЖДА КЫЛЫШАТ. Үстүлөрүндөгү Раббилеринен коркушат ЖАНА БУЙРУЛГАН НЕРСЕЛЕРДИ КЫЛЫШАТ (Нахл сүрөсү, 49-50)
Эй ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана жакындарыңарды оттон сактагыла, анын отуну адамдар жана таштар; анын үстүндө абдан катуу, күчтүү ПЕРИШТЕЛЕР бар. АЛЛАХ АЛАРГА ЭМНЕНИ БУЙРУСА АГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ жана БУЙРУЛГАНДАРЫН АТКАРЫШАТ (Тахрим сүрөсү, 6)
Мындан тышкары Аъраф сүрөсү 11 жана 12-аяттарынан да ибилис периште боло албасы оңой түшүнүлөт.
”Ант болсун силерди жараттык, андан соң силерге кебете бердик, андан соң периштелерге, Адамга сажда кылгыла! деп буйрудук. Ибилистен башкалары сажда кылышты. Ал сажда кылгандардан болгон жок.”
”Аллах айтты: Мен сага буйруп турганда сени сажда кылуудан токтоткон эмне? (Ибилис): Мен андан артыкмын. Анткени мени оттон жараттың, аны ылайдан жараттың, деди.”
Карагылачы, биринчи аятта периштелерге кайрылуунун арасында ибилис дагы бар. Дароо кийинки аятта бул темада улантып жатканда ибилис периштелерден башка экени түшүнүлөт. Башкача айтканда Аллах периштелерге кайрылганда ибилис периште эмес экенин билип турганы ачык-айкын көрүнүп турат. Мындан тышкары кийинки аят болсо да 11-аятта сүйлөм бүтпөгөнүнө да көңүл бургула. Анткени 12-аят түз эле “Аллах айтты” (Kâle) деп башталат.
Ибилис периште эмес экенине дагы бир далил Кахф сүрөсү 50. Аят. Аятта ибилис ачык жин экени жазылган.
“Эсиңерде болсун, периштелерге: ‘Адамга сажда кылгыла’ деген элек; Ибилистен башкасы (калгандары) сажда кылышкан. Ал ЖИНДЕРДЕН ЭЛЕ, ошентип Раббинин буйругунан чыгып кеткен.
Жыйынтык
Бакара сүрөсүнүн 34-аятында ”периштелерге” деп кайрылганда, бул кайрылган адамдардын арасында ибилис болгонунан ибилис да периште деген жыйынтыкка келүүгө болбойт, анткени арап тилиндеги tağlib аттуу өнөргө ылайык азчылыкты белгилөөнүн кереги жок. Ошондуктан бул аяттан ибилис периште деп түшүнүлбөйт. Демек бул аят башка аяттарга карама-каршы келбейт.