Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Юнус пайгамбар ачык жерге ыргытылдыбы, ыргытылбадыбы?

Атеисттин логикасыздыгына туш болбогон күн өтпөйт. Азыркы дооматтары болсо төмөнкүдөй;

Ас-Саффат сүрөсүнүн 143.-144.жана 145, аяттарында: “Эгер ал Аллахка тасбих айтып, Аны улуктагандардан болбосо, сөзсүз адамдар тирилтиле турган күнгө чейин балыктын курсагында калмак. Анан биз аны оорулуу абалда жээкке ЫРГЫТТЫК .” (Диянет котормосу) дейт.

Бирок Аль-Калам сүрөсүнүн 49-аятында болсо: “Эгер ага Раббисинен нээмат жетпеген болсо, ал сөзсүз жазгарылган абалда ээн жерге ЫРГЫТЫЛМАК.” (Диянет котормосу) дейт.

Бир аятта “жээкке ыргыттык делсе, башка бир аятта болсо ыргытылмак” деп кездешет. Башкача айтканда бул жерде карама-каршылык жокпу?

Атеист достордун бул жана ушул сыяктуу көптөгөн жаңылыштарынын себептеринин бири да аяттарды Курандын бүтүнүнөн көз карандысыз кароосу. Сайтыбызда мурда жарыяланган көптөгөн макалаларыбызда айткандай, Куран бүтүн жана Куранга тиешелүү сын, көйгөй дагы эле Курандын бүтүнүнө салыштыруу менен чечилет жана жыйынтыкка келет. https://kurandaceliskiolmaz.net/kuran-anlasilmasi-zor-bir… Эми сөз болуп жаткан аяттарды бирге карап чыгалы жана доомат кылынгандай карама-каршылык бар же жок экенин изилдейли.

Темага алгач Юнус пайгамбардын башынан өткөн окуяны билүү менен баштайлы;

وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَٰضِبًا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَىٰ فِى ٱلظُّلُمَٰتِ أَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبْحَٰنَكَ إِنِّى كُنتُ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Балык ээсин (Юнусту да) эсте; ал ачууланган абалда кеткен эле, ушундан улам өзүн кыйынчылыкка салбайбыз деп ойлогон эле….. (Аль-Анбия сүрөсү 87 ).

Аль-Анбия сүрөсүндөгү бул аятта Юнус пайгамбардын коомун таштап кетишине себеп катары ачуулануусу көрсөтүлөт. Бул жерде көңүл буруубуз керек болгон абал/деталь бар. Ал – Юнус пайгамбардын ачуусу Аллахка эмес, коомуна каршы. Аят боюнча коомуна ачууланган Юнус пайгамбар Аллахтан буйрук болбогонуна карабастан коомун таштап кеткен. Бирок Куранда,Элчилердин өз коомдорунан ажырашуусу дайыма Аллахтын уруксаты менен болгонун көрөбүз . (Кар.; Аш-Шуара сүрөсү 52, Худ сүрөсү 36-37, Аш-Шуара, 169-171 ). Демек, Юнус пайгамбардын, коомунун тагдыры жөнүндө Аллахтын буйругун күтпөстөн, туура эмес чечим менен Аллах өзүн кыйынчылыкка салбайт деп да ойлоп коомун таштап кетиши Аллахтын мыйзамына каршы келген. Ошентип Юнус пайгамбар үчүн белгиленген сыноо башталган.

Юнус пайгамбар коомун таштап кеткенден кийинки окуялар мындайча өнүгөт:

إِذْ أَبَقَ إِلَى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلْمُدْحَضِينَ فَلَوْلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلْمُسَبِّحِينَ لَلَبِثَ فِى بَطْنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ فَنَبَذْنَٰهُ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٌ وَأَنۢبَتْنَا عَلَيْهِ شَجَرَةً مِّن يَقْطِينٍ وَأَرْسَلْنَٰهُ إِلَىٰ مِا۟ئَةِ أَلْفٍ أَوْ يَزِيدُونَ
  1. Ал толгон кемеге качкан эле.
  2. Ошентип чүчүкулакка катышкан да, утулгандардан болгон.
  3. Эгер (Аллахка көп) тасбих айткандардан болбосо,
  4. Анын курсагында (адамдар) тирилип-турузула турган күнгө чейин калып калган эле.
  5. Акыры ал оорулуу абалда турганда жылаңач жерге (жээкке) ЫРГЫТТЫК.
  6. Жана үстүнө, калың-кең жалбырактуу (ашкабакка окшош) түрдөгү дарак өстүрдүк.
  7. Аны жүз миң же (саны) андан да көп (коомго) (пайгамбар кылып) жөнөттүк.

(Ас-Саффат сүрөсү, 140-147)

Жасаган туура эмес ижтихадынын натыйжасында Аллах Юнус пайгамбарды кыйынчылыкка салат. Ошондо Юнус пайгамбар Аллахка тасбих айтат жана дуба кылат.

(Балыктын курсагындагы) Караңгылыктар ичинде: ‘Сенден башка кудай жок, сен улуусуң, чындыгында мен зулум кылгандардан болдум’ деп чакырган эле. (Аль-Анбия сүрөсү,87)

“Биз да дубасын кабыл кылып, өзүн кайгыдан куткарган элек. Мына биз ишенгендерди ушинтип куткарабыз.” (Аль-Анбия сүрөсү 88 )

Ас-Саффат сүрөсүнүн 143-аятында да көрсөтүлгөндөй “Эгер (Аллахка көп) тасбих айткандардан болбосо,” эгер тообо кылбаса жана Аллахка сыйынбаса, Аль-Калам сүрөсүнүн 49-аятында сөз болгондой, жазгарылган абалда ачык жерге/жээкке таштала, ыргытыла турган эле.

فَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ ٱلْحُوتِ إِذْ نَادَىٰ وَهُوَ مَكْظُومٌ لَّوْلَآ أَن تَدَٰرَكَهُۥ نِعْمَةٌ مِّن رَّبِّهِۦ لَنُبِذَ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ مَذْمُومٌ فَٱجْتَبَٰهُ رَبُّهُۥ فَجَعَلَهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл, балык ээсиндей болбо. Ал ачууга тунчугуп чакырган эле. Раббисинен нээмат жеткен болбосо, албетте жазгарыла турган абалда ээн жерге ЫРГЫТЫЛМАК. Бирок Раббиси аны тандап, жакшылардан кылды. (Аль-Калам сүрөсү, 48-49-50)

Жыйынтыгында, бул эки аятты, башкача айтканда Ас-Саффат сүрөсүнүн 145 жана Аль-Калам сүрөсүнүн 49 аяттарын ушундайча түшүнүү керек. Чынында бул эки аяттын ортосунда маани жана логика карама-каршылыгы жок.