Аллах жазалоодо шашпоочубу, же эсепти тез көрүүчүбү ?
Дүйнөдө жасалган зулумга жана адилетсиздиктерге Аллах эмне үчүн кийлигишпейт, Аллах жазалоодо шашпоочубу, же Эсепти тез көрүүчүбү? Аяттардын ортосунда карама-каршылык барбы?
Аль-Анам сүрөсүнүн 165-аятында баяндалган Аллахтын жазалоодо шашканы тууралуу сөзү менен, Ан-Ниса сүрөсүнүн 12-аятындагы Аллахтын “HALİM” сыпатынын ортосунда карама-каршылык бар деп доомат кылган кээ бир атеист жазмалардын ар кандай жазмаларына өзгөчө виртуалдык талкуу чөйрөлөрүндө кездешүүгө болот.
Атеисттердин оюнча, Аллахтын Halim сыпатынын мазмуну менен башка аяттын ортосунда ырааттуулук жок. Анткени Halim сыпатынын маанилеринин арасында ‘’ жазалоодо шашпаган, тообо үчүн мөөнөт берген ‘’сыяктуу маанилер бар. Аллахтын сөзү Куранда эч качан карама-каршылык болбогондуктан, бул эки аяттын туура мааниси кандай, эми ага карайлы…
Аль-Анам сүрөсүнүн 165-аяты;
Ve huvellezî cealekum halâifel ardı ve rafea ba’dakum fevka ba’dın deracâtin li yebluvekum fî mâ âtâkum, inne rabbeke serîul ikâbi ve innehu le gafûrun rahîm(rahîmun).
1. ve huve ellezî : жана Ал, ошол Ал
2. ceale-kum : силерди кылды, жасады
3. halâife el ardı : арздын, жер бетинин халифалары
4. ve rafea : жана көтөрдү
5. ba’da-kum : кээ бириңерди, бир бөлүгүңөрдү
6. fevka : үстүндө, үстүнө
7. ba’dın : кээ бири, бир бөлүгү
8. deracâtin : даражалар
9. li yebluve-kum : силерди сыноо үчүн
10. fî mâ : нерселер менен, нерселер жөнүндө (маселесинде)
11. âtâ-kum, : силерге берди
12. inne : албетте
13. rabbe-ke : сенин Раббиң
14. serîu : тез, ылдам болгон
15. el ikâbi : ikâb, жаза
16. ve inne-hu : жана албетте Ал
17. le gafûrun : сөзсүз кечирүүчү
18. rahîmun : ырайым нурун жөнөтүүчү
Котормосу :Силерди жер бетинде мурункуларга орун басар кылган Ал. Берген нээматтары менен силерди сыноо үчүн кимиңерди кимиңердин үстүнөн даражалар менен көтөргөн. Раббиң жаза бергенде абдан тез берет. Бирок Ал чындыгында абдан кечирүүчү, абдан ырайымдуу.
—————————————————————–
Ан-Ниса сүрөсүнүн 12-аятынын тиешелүү бөлүгү…
75. min allâhi : Аллахтан, Аллах тарабынан
76. ve allâhu : жана Аллах
77. alîmun : alim, эң жакшы билүүчү
78. halîmun : halîm
Тиешелүү бөлүктүн котормосу :……. Бул Аллахтан бир сунуш. Аллах Alîm, Halîm.
——————————————————————-
Halim ысымы менен Аллах тообону кабыл алат жана күнөөлөрдүн бир бөлүгүн кечириши мүмкүн, урмат көрсөтүүнү билбегендердин орой мамилеси жана козголоңчулардын чектен чыгуулары Аны ачуулантпайт, шашылууга түртпөйт, абдан сабырдуу, күнөөкөрлөргө каарын төгүшү Аны тынчсыздандырбаган, ар бир ишти керектүү өлчөмдө аткаруучу дегенди билдирет. Аллахтын halîm болушу сабатсыздар тарабынан болуп жаткан нерселерден кабарсыздык, көз жумулгандар тарабынан да көрбөстүк деп чечмеленет. Бирок Halim сыпаты жалаң ушул дүйнөдө көрүнүп турат.
Аль-Анам сүрөсүнүн 165-аятында болсо эми акырет өлчөмү жөнүндө айтылат жана ал жерде Аллах эсепти тез көрүүчү жана жазалоочу.Аллахтын Halim сыпатын тийиштүү түрдө түшүнө албаган кээ бир адамдардын, дүйнөдө ушунча зулум, адилетсиздик, кыйноо ж.б. болуп турганда эмне үчүн кийлигишпейт, эмне үчүн тоскоол болбойт деген орунсуз сындарынын жообу да ушул абалды түшүнүүдөн өтөт.
Аллах дүйнөдө болгон ар бир абалдын ТОЛУК жообун акырет өлчөмүндө берет. Анткени Аллах Adil. Адилеттик түшүнүгүнүн жаратуучусу да Ал…Демек, биринчи аятта Аллахтын акыретте жазалоосу абдан тез экени баяндалган. Ан-Ниса сүрөсүнүн 12.аятында да баяндалган Halim сыпаты болсо ушул дүйнөгө багытталган. Эки аяттын ортосунда да карама-каршылык жок. Чынында Фатыр сүрөсүнүн 45-аятында баяндалган да дал ушул…
АЛЛАХ адамдарды кылгандары үчүн жазаласа, жер бетинде эч бир жандыкты калтырмак эмес. Бирок, аларды белгилүү бир мөөнөткө чейин кечиктирет. Качан гана мөөнөттөрү бүтсө, мына ошондо АЛЛАХ пенделеринин (эсебин) көрөт. …. (Фатыр сүрөсү, 45)