Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Аллахтын алдында бир күн дүйнөдөгү канча күнгө барабар?

Бул дооматта Курандагы эки аятта айтылган убакытка көңүл бурулган. Аятта айтылган мөөнөттөр ар башка болгондуктан, карама-каршылык бар деп ырастоого аракет кылынган. Аяттар төмөнкүдөй:

وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِٱلْعَذَابِ وَلَن يُخْلِفَ ٱللَّهُ وَعْدَهُۥ وَإِنَّ يَوْمًا عِندَ رَبِّكَ كَأَلْفِ سَنَةٍ مِّمَّا تَعُدُّونَ

Чындыгында, сенин Раббиңдин алдында бир күн, силер эсептеп жүргөндөрүңөрдөн миң жылдай. (22 Аль-Хаж сүрөсү – 47)

Бул жерде Аллахтын алдында бир күн адамдар эсептеп жүргөн миң жылдай экени билдирилүүдө. Экинчи аят мындай:

يُدَبِّرُ ٱلْأَمْرَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ إِلَى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ يَعْرُجُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُۥٓ أَلْفَ سَنَةٍ مِّمَّا تَعُدُّونَ

Асмандан жерге ар бир ишти Ал башкарып, тартипке салат. Андан кийин (иштер,) силер эсептеп жүргөн миң жыл мөөнөттүү бир күндө кайрадан Ага көтөрүлөт. (32 Ас-Сажда сүрөсү, 5)

Бул жерде билдирилгени болсо, иштер биз эсептеп жүргөн миң жыл мөөнөттүү бир күндө Аллахка көтөрүлөөрү. Бул жерде көңүл бура турган нерсе, окуяга тиешелүү нерсе “иш”тер экени. Башкача айтканда, көтөрүлдү деп айтылганы “иш”тер. Үчүнчү аят болсо мындай:

تَعْرُجُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيْهِ فِى يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُۥ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ

Периштелер жана Рух (Жебирейил), ага, мөөнөтү элүү миң жыл болгон бир күндө чыга алат. (70 Аль-Маариж сүрөсү, 4)

Бул жерде болсо “периштелер менен рух” ага элүү миң жыл мөөнөттүү бир күндө чыга алаары билдирилүүдө. Эми мурунку аятка көңүл бурсаңыз, көтөрүлгөн нерсе “иш”тер. Булар миң жыл болгон бир күндө чыгышат. Акыркы аятта сөз болгону болсо, көтөрүлүү ишин жасагандар болсо “периштелер жана рух”. Башкача айтканда, эки башка мөөнөт жөнүндө сөз болушу эки башка нерседен келип чыгат. Биринчисинде көтөрүлгөн нерсе “иш”тер. Экинчисинде болсо “периштелер” жана “рух”. Бул жерде мындай деп сурай аласыз, биз үчүн бир күн кантип иштер үчүн миң жыл жана периштелер үчүн 50 миң жыл созулат? Бул жерде да убакыттын салыштырмалуу экени менен байланышкан бир чындык катылган.

Салыштырмалуулук теориясы бизге убакыттын да салыштырмалуу экенин айтат.

Бир нерсенин ылдамдыгы өскөн сайын ал үчүн убакыт жайлайт. Бул теориялык жана эксперименттик жактан да далилденген чындык. Мына ушул жердеги аяттарда силер үчүн 50 миң жыл болгон бир күндө чыгат деген сөз менен убакыттын салыштырмалуулугу баяндайт. Адамдар үчүн өткөн мөөнөт 50 миң жыл болгондо, башка абалда, мисалы, өтө жогорку ылдамдыкта кыймылдаган бирөө үчүн бул бир эле күн болот. Периштелер 50 миң жыл болгон бир күндө чыгышса, иштер болсо миң жыл мөөнөттүү бир күндө чыгаары аяттарда билдирилүүдө.

Аллахтын алдында бир күн биз эсептеген миң жылдай. Бирок периштелерге тиешелүү аятта болсо башка нерсе баяндалууда. Жогорку ылдамдыкта кыймылдалат деп ойлосок, убакыт дүйнөгө салыштырмалуу тезирээк болоору ачык. Башкача айтканда, эки аятта эки башка нерсе баяндалууда.

Бул жерде баса белгилегибиз келген нерсе, убакыттын салыштырмалуу экенин көрсөтүү жана кыймылдаган нерсеге карата убакыт жер бетиндеги убакытка караганда башкача өтөөрү. Болбосо периштелер белгилүү бир багытта жана 3 өлчөмдүү ааламда кыймылдайт деген доомат жок. Алар башка өлчөмдө жана багытта да кыймылдап жаткан болушу мүмкүн. Дагы бул жерде периштелер дайыма Аллахтын алдына чыгып турабы деп суралышы мүмкүн. Буга да Аль-Кадр сүрөсүндөгү аяттар жооп берет.

لَيْلَةُ ٱلْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ تَنَزَّلُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمْرٍ

Кадыр түнү миң айдан жакшыраак. Периштелер менен рух, анда Раббилеринин уруксаты менен ар бир иш үчүн түшүшөт. (97 Аль-Кадр сүрөсү, 3-4)

Бул аяттан түшүнүлгөндөй, периштелер менен рух бардык иштер үчүн Кадыр түнү деп аталган бир түндө түшүшкөн. Дайыма кетип-келип туруу жөнүндө сөз жок.