Тооратта Үзейр Ысымы Кездешпейби?
Тооратта ҮЗЕЙИР деген бирөө жокпу жана Жөөттөр Эч Кимге Аллахтын Уулу Дешпейби? “Жөөттөр: ‘Үзейр Аллахтын уулу; дешти. Христиандар да: Масих Аллахтын уулу’, Бул алардын ооздорунда чайнаган сөздөрү. Сөздөрүн мурда каапыр болгон адамдардын сөздөрүнө окшоштурушат. Аллах аларды кыйратсын! Кантип эле буруп кетирилип жатышат! Жөөттөр Аллахты таштап, окумуштууларын, раввиндерин; Христиандар да кечилдерин жана Мариямдын уулу Масихти раббилер кылып алышты. Чынында аларга жалгыз гана бир илахка кулчулук кылуу буйрулган. Андан башка кудай жок. Ал булардын шерик кошкон нерселеринен алыс. (Ат-Тавба, 9/30, 31)
Ат-Тавба сүрөсүнүн 30-аятында кездешкен “Жөөттөр: ‘Үзейр Аллахтын уулу; деген сөздөн улам кээ бир адамдар тооратта Үзейир деген ысым жок экенин жана жөөттөр бул адамга Аллахтын уулу дебегенин айтып, Кудай сактасын, Куран ката кетирди деп ырасташат.
Чынында болсо чындыктар таптакыр башкача жана Куранды тастыктап турат. Тооратта Үзейир деген элчи жөнүндө сөз болот, албетте. Бул адам тоораттын тили менен ЭЗРА ‘дыр. Жана тарыхый маалыматтар бул адамга өзгөчө 10.кылымга чейин Муса жолдоочуларынын ”Аллахтын уулу” дешкенин далилдейт.
Үзейирди Аллахтын уулу катары кабыл алышынын себеби, Анын жоголгон Тооратты кайра жазганы эле. Тооратта “Катчы Эзра” (Ezra ha-Sofer) деп эскерилген Үзейир, Бухтуннасрдын Кудусту талап-тоношу менен өрттөлгөн, жок кылынган, ал тургай толук унутулган Тооратты кайра түзгөн ,жазган адам.
Жөөт ишенимине ылайык, Аллах Үзейирге жанына катчыларды алып, обочолонууну буйруган, эртеси күнү өзүнө сунулган табактагы сууну ичкенден кийин кырк күн бою Тооратты жаздырган. Жөөттөр Тооратты ушундай жол менен кайра жазгандыгы үчүн Үзейирди “Экинчи Муса” деп аташкан; Муса пайгамбар келбегенде Тоорат Эзрага берилмек деп кабыл алышкан.
Эзранын (Үзейир) жок болгон Тооратты жатка кайра жазышы, бул Тоорат кийин кары бир аял сактап, чыгарып берген Тоорат менен да бирдей экени көрүнгөндөн кийин, жөөттөрдүн ага болгон суктануусун арттырганы жана мунун натыйжасында аны “Аллахтын уулу” деп сыпаттаганы белгилүү. Кохен (Харун тукуму) үй-бүлөсүнө таандык Үзейирди ( Катчы Эзра) Пайгамбар заманындагы жөөттөрдүн “Аллахтын уулу” деп кабыл алышы, дагы эле кохен үй-бүлөсүнө таандык ошол мезгилде Мадинанын тегерегинде болгон Надир жана Курайза жөөттөрү тарабынан Харун тукуму болгондугу үчүн ушундай кабыл алышканын айтууга болот.
Жөөт тарыхында Сулайман Ибадатканасынын кыйрашы менен кохендердин өз милдеттерин жоготушу жана жөөттөрдө саясий жана диний башкаруунун кохен тукумуна таандык эмес адамдарга өтүшү, Эзрага берилген баалуулукту убакыттын өтүшү менен унуттурган. Экинчи жагынан, пайгамбарлары (Иса Масих) “Аллахтын уулу” экенин ырастаган жаңы бир топко (Христиандар) сын айткан бир диндин (жөөттүктүн) өзүндөгү мындай ырастоону да токтотуп койгону түшүнүлөт. Болгондо да, 9. жана 10. кылымдарда Үзейирди дагы эле “Аллахтын уулу” деп кабыл алган жөөттөр жөнүндө тарыхчылар сөз кылышат.
Эл Жахиз (ө. 869) кээ бир жөөттөрдүн, Макдиси (ө. 966) болсо өз заманында Палестина жөөттөрүнүн бир бөлүгүнүн Үзейирди даңктоо үчүн ага Аллахтын Уулу (İbnüllah) дешкенин риваят кылышат.
Мындан тышкары, Христиан жана Жөөттөрдүн дагы эле динде улуу деп эсептеген адамдарына Аллахтын уулу дешинен тышкары, өздөрүн да Аль-Маида 18 аятында кездешкен ‘‘Жөөт жана Христиандар биз Аллахтын балдарыбыз жана сүйүктүүлөрүбүз.” түрүндө сыпаттаганы белгилүү.
Ат-Тавба сүрөсүнүн 30 аятында кездешкен маанилүү бир жагдай болсо, Үзейир менен Иса Масихтин жөөттөр жана христиандар тарабынан Аллахтын уулу катары кабыл алынышындагы жасалган жаңылыштыктын тарыхта дайыма уланып келген жаңылыш ишеним экенинин белгилениши. Аяттын уландысында ”Алар мындан мурунку четке кагуучулардын сөздөрүн тууроодо.” деген сөз тарыхта политеист ишеними бар элдердин башкаруучуларынын же болбосо жетекчилеринин Кудайдын уулу экенине ишенгендери түрүндө.
Булардан Вавилон, Шумер, Аккад, Мисир,Рим падышалары,Скандинавдарда,Кельттердеги ж.б.Кудайдын Инкарнация/ Tecessüd/Hulul кубулушу, жалгыз Жаратуучу Кудайдын рухий күчүнүн адам-кудайга айланганы жана буга Кудайдын уулу деп сыпатталганы белгилүү. Бүгүнкү күндө да бул ишеним дагы эле бар,Инди мифологиясындагы тримуртисинде кудайдын 3 мүнөзү бар.Дагы эле Буддизмде Будда Кудайдын уулу катары буддисттер тарабынан кабыл алынат.
Мындан тышкары Тооратта, “Кудайдын Уулу” сөз айкашы жалгыз эле Үзейир үчүн эмес, көптөгөн адамдар үчүн да колдонулган. Бир нече мисал үзүндү мындай;
(Жаратылыш, 1-4) 1- Жер бетинде адамдар көбөйө баштады, кыздар төрөлдү. 2-Son of God/Кудайдын уулу адам кыздарынын сулуулугун көргөндө жактыргандары менен үйлөнүштү. 3- РАББ, “Рухум адамда түбөлүк калбайт, анткени ал өлүмдүү” деди, “Адамдын өмүрү жүз жыйырма жыл болот.” 4- Кудайлык жандыктар адам кыздары менен үйлөнүп, балалуу болгон күндөрдө жана андан кийин да жер бетинде Нефилдер бар эле. Булар байыркы заман баатырлары, атактуу адамдар эле.
(1. Жылнаамалар 28) “РАББ мага мындай деди: ‘Ибадатканамды жана короолорумду кура турган уулуң Сулайман. Аны өзүмө уул кылып тандадым. Мен да ага ата болом.”
(Забур, 89)
“Мен дагы аны тун уулум,
Дүйнөдөгү падышалардын эң улуусу кылам.”