Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Пайгамбар Курайзада 400/900 жөөттү өлтүрүүгө буйрук берген беле?

Риваятка ылайык, жөөт урууларынан болгон Бени Курайза Исламды жок кылуу үчүн Мединага ийгиликсиз чабуул жасаган курайштыктардын жана алардын союздаштарынын тарабында турган. Исламга каршы жасалган бул эң олуттуу чабуул ийгиликсиз аяктаган жана андан кийин Бени Курайза Пайгамбар тарабынан курчоого алынган. Бени Надир сыяктуу, Бени Курайза багынып бергенде, Бени Надирден айырмаланып, өз союздаштарынан Авс уруусунун мүчөсү болгон Са‘д б. Му‘аздын калыстыгына кайрылышкан. Са‘д бойго жеткен эркектерди өлтүрүү, аялдарды жана балдарды кул катары алуу чечимин чыгарган. Мунун натыйжасында Мединанын базарында аңдар казылып, Курайзанын адамдары топ-топ болуп алып келинип, моюндары чабылган. Өлтүрүлгөн адамдардын саны тууралуу риваяттар 400дөн 900гө чейин өзгөрүп турат.

Бул риваят изилденгенде, риваяттын деталдары каршы пикирлерге негиз бере турган мүнөздө экени көрүнөт. Биринчиден, 600, 800 же 900гө жакын бени-курайзалык ырайымсыз кырылган деген дооматтын чындыгы жок. Бул кийин ортого чыгарылган доомат жана анын негизги булагын жөөт риваяттары түзөт.

Бул маселе боюнча эң толук маалыматты камтыган эң байыркы булак Ибн Исхактын Сирасы. Бул чыгарма ошондой эле эң кеңири жана эң көп цитата алынган чыгарма.

Бирок, бул кеч мезгилдеги жана так эмес булактардын ордуна окуялар менен бир мезгилдеги жана толугу менен сахих булак болгон Куран турушу керек. Ахзаб сүрөсүнүн 26-аятында айтылган окуяга абдан кыска шилтеме бар:

وَأَنزَلَ ٱلَّذِينَ ظَٰهَرُوهُم مِّنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ مِن صَيَاصِيهِمْ وَقَذَفَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعْبَ فَرِيقًا تَقْتُلُونَ وَتَأْسِرُونَ فَرِيقًا

“Аллах китеп ээлеринен болуп мушриктерге жардам бергендерди чептеринен түшүрдү жана жүрөктөрүнө чоң коркунуч салды. Силер алардын бир бөлүгүн [ferîqan] өлтүрүп жатчусуңар, бир бөлүгүн да туткунга алып жатчусуңар.”

Аятта көрүнүп тургандай, өлтүрүлгөндөрдүн саны жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Курандагы аят иш жүзүндө согушка катышкандар жөнүндө сөз кылат. Бул согушка байланыштуу билдирүү. Бул билдирүүдө согушкан адамдар сөз болгон. (Согуштун табигый натыйжасы катары) алардын айрымдары өлтүрүлгөн, айрымдары туткунга алынган.

Адам мындай ойлобой коё албайт: Бул окуяга байланыштуу эгерде 600 же 900 адам өлтүрүлгөн болсо, бул окуянын мааниси абдан чоң болмок. Куранда бул маселеге байланыштуу ачык түшүндүрмөлөр, сабактар жана үйрөнүлө турган таалимдер болушу керек эле. Эгер жөн гана күнөөлүү (согушкан) лидерлер өлтүрүлгөн болсо, анын натыйжасы Куранда кыскача түшүндүрмө менен орун алышы керек эле.

Булактар жөнүндө айтыла турган акыркы сөз; алар кызыгууга да, ишенимге да татыксыз. Аныктоолор абдан кеч бир мезгилдерге таандык. Ошондуктан риваятты четке кагуу үчүн негиздерди төмөнкүчө санаса болот:

1- Жогоруда белгиленгендей, Куранда аталган риваяттарга жасалган шилтемелер абдан кыска болуп, көп сандаган адамдарды өлтүрүү жөнүндө эч кандай сөз жок. Согуш сөз болгондо шилтеме иш жүзүндө согушкандарга багытталган. Куран тарыхчылар эч кандай шексиз кабыл ала турган жалгыз булак. Ал окуя менен бир мезгилдеги текст болуп, көп ынанымдуу себептерден улам, окуянын бизде бар эң сахих версиясы.

2- Ислам өкүмдөрүнө ылайык, чыккынчылыкка жооптуу адамдар гана жазаланат.

”Бирок мушриктерден өздөрү менен келишимге кол койгонуңардан (келишимден) эч нерсени кемитпегендер жана силерге каршы эч кимге жардам бербегендер башка; эми алардын келишимин мөөнөтү бүткөнгө чейин аткаргыла. Шексиз, Аллах такыбаларды сүйөт.” (Тавба сүрөсү,4) Аяттан түшүнүлгөндөй, келишимге баш ийгендер же өз тарабындагылар менен биригип мусулмандарга каршы аларга жардам бербегендер өзүнчө кармалган.

3- Мынча көп адамды өлтүрүү Исламдын адилеттүүлүк түшүнүгүнө жана Куранда кездешкен “Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөөсүнүн жоопкерчилигин көтөрбөйт” (Фатыр сүрөсү, 18) негизги принцибине түптөн карама-каршы.
Исламда ”Аллах силер менен дин маселесинде согушпаган, силерди мекениңерден сүрүп чыгарбагандарга жакшылык кылууңардан жана аларга адилеттүү мамиле кылууңардан силерди тыйбайт. Анткени Аллах адилеттик кылгандарды сүйөт.” [Мумтахина сүрөсү, 8] деп буюрат. Мусулмандар менен согушпаган жана аларды мекенинен сүрбөгөндөргө жакшылык жана адилеттик менен мамиле кылуу негиз болуп саналат Куранда.

4- Бул риваят ошондой эле согуш туткундарына байланыштуу Курандагы өкүмдөргө каршы келет. Куран өкүмүнө ылайык, туткундар же түздөн-түз бошотулушу же кун төлөмүнүн ордуна коё берилиши керек.

فَإِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فَضَرْبَ ٱلرِّقَابِ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَثْخَنتُمُوهُمْ فَشُدُّوا۟ ٱلْوَثَاقَ فَإِمَّا مَنًّۢا بَعْدُ وَإِمَّا فِدَآءً حَتَّىٰ تَضَعَ ٱلْحَرْبُ أَوْزَارَهَا ذَٰلِكَ وَلَوْ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَٱنتَصَرَ مِنْهُمْ وَلَٰكِن لِّيَبْلُوَا۟ بَعْضَكُم بِبَعْضٍ وَٱلَّذِينَ قُتِلُوا۟ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعْمَٰلَهُمْ

… Акыры аларды ‘толук жеңилүүгө учуратып, жеңишке жеткенде’ эми (туткундар үчүн) байлоону бекем кармагыла. Мындан кийин же ырайым катары (аларды коё бергиле) же кун (ордуна бошоткула). Согуш жүгүн таштаганга (аяктаганга) чейин… (Мухаммед сүрөсү, 4)

5- Эгерде жүздөгөн адам базарда өлтүрүлгөн жана бул үчүн аңдар казылган болсо, буга байланыштуу эч кандай издин болбошу, аталган жерге ишарат кылган эч кандай шилтеменин же жазуунун болбошу абдан кызык.

6- Курайза риваятында, активдүү душмандык кылган адамдар катары аныкталган айрым адамдар өлтүрүлгөнү айтылган. Алардын чыккынчылыкка себеп болгону үчүн жазаланышы акылга сыярлык натыйжа. Мындан бүт уруу жазаланган деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Анткени жогоруда белгилегенибиздей, бул аяттардын өкүмүнө каршы абал болот.

Аллах, ”Өздөрүнө зулум кылынгандыгы себептүү, аларга каршы согуш ачылгандарга (ыймандууларга, согушууга) уруксат берилди…” (Хаж сүрөсү, 39) дейт. Башка бир аятта Аллах; ”Силер менен согушкандарга каршы Аллахтын жолунда согушкула, (бирок) ашыкча кетпегиле. Албетте, Аллах ашыкча кеткендерди сүйбөйт.” (Бакара сүрөсү, 190) деп буюрат. Эки аяттан да түшүнүлгөндөй, согуш мал-мүлк жана жан коопсуздугуна коркунуч туудура тургандай чабуул болгондо гана акыйкат болот. Бирок ашыкча кетүүгө уруксат жок.

7- Курайзанын тукумдары өз ата-бабаларын даңазалагысы келгени сыяктуу, окуяга байланыштуу болгон мединалыктардын тукумдары да ошондой эле иш кылышкан. Бул чындык, ата-бабаларын даңазалоо же башында Исламга каршы болгондорду актоо максатында кийинки муундар тарабынан көптөгөн окуялар ойлонуп чыгарылган, бул риваяттардын көбү да Ибн Исхак тарабынан риваят кылынган.

8- Башка деталдарды да кабыл алуу кыйын. Жүздөгөн адамдын Бени Нажжарлык бир аялга таандык жалгыз үйдө камалганы кантип мүмкүн болот.

Риваяттын булактары өтө шектүү болуп, кабардын деталдары Исламдын рухуна жана Курандагы аяттарга түптөн карама-каршы. Ишенимдүү булактардын жетишсиздиги бар, ал эми айланадагы далилдер риваяттарды колдобойт. Мунун мааниси, риваят шектүү болуудан да ашкан мүнөздө.

Исламда кысас жана согуш абалынан башка учурда күнөөсүз жанды алуу бардык адамдарды өлтүрүүгө теңештирилген. Бир жандын тирилишине себеп болуу да бардык адамдарды тирилткендей деп айтылган. Курайза маселесине Куран өкүмдөрүнүн жарыгында караганда чындыкка дал келбеген баян экени оңой түшүнүлөт.

مِنْ أَجْلِ ذَٰلِكَ كَتَبْنَا عَلَىٰ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ أَنَّهُۥ مَن قَتَلَ نَفْسًۢا بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِى ٱلْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ ٱلنَّاسَ جَمِيعًا وَمَنْ أَحْيَاهَا فَكَأَنَّمَآ أَحْيَا ٱلنَّاسَ جَمِيعًا وَلَقَدْ جَآءَتْهُمْ رُسُلُنَا بِٱلْبَيِّنَٰتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيرًا مِّنْهُم بَعْدَ ذَٰلِكَ فِى ٱلْأَرْضِ لَمُسْرِفُونَ

”Ким бир жанды, башка бир жанга же жер бетиндеги бир бузукулукка каршылык болбостон (негизсиз) өлтүрсө, бүт адамдарды өлтүргөндөй болот. Ким аны (өлтүрүлүшүнө тоскоол болуп) тирилтсе, бүт адамдарды тирилткендей болот…” (Маида сүрөсү, 32)