Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Куранда Айтылган Масжид-и Акса Кудустагы Мечитпи?

Кээ бир атеист форумдарда жана талкуу топторунда туура эмес маалыматтан келип чыккан бир доомат менен анда-санда кездешүүгө туура келет. .Бул доомат боюнча Куранда Исра сүрөсүнүн 1-аятында айтылган Масжиди Акса мечити Куран вахий кылынган мезгилден кийин курулган ибадат жайы. Ошондуктан алар Куран Мухаммед пайгамбар дүйнөдөн кайткандан көп кийин жазылган текст деп ырасташат.

Чыныгы абал кандай болду экен?.. Эми ошону карап көрөлү.

Сөз болуп жаткан аяттын сөздүк чечмелөөсүн карасак:

Subhânellezî esrâ bi abdihî leylen minel mescidil harâmi ilel mescidil aksallezî bâreknâ havlehu li nuriyehu min âyâtinâ, innehu huves semîul basîr(basîru).

  1. subhâne: ал субхан, бардык кемчиликтерден таза
  2. ellezî: ал
  3. esrâ bi: түндө жүргүздү
  4. abdi-hî: кулун
  5. leylen: түн ичинде
  6. min el mescidi el harâmi: Масжид-и Харамдан
  7. ilâ el mescidi el aksa: Масжид-и Аксага/ эң алыскы сажда жерине
  8. ellezî: ал, аны
  9. bâreknâ: кайырлуу, ыйык жана берекелүү кылдык
  10. havle-hu: анын тегерегин, айланасын
  11. li nuriye-hu: ага көрсөтүшүбүз үчүн
  12. min âyâti-nâ: аяттарыбыздан
  13. inne-hu: сөзсүз ал
  14. huve es semîu el basîru: ал эң жакшы угуучу, эң жакшы көрүүчү

Исра сүрөсүнүн 1-аятынын котормосу

Эдип Йүкселдин котормосу

Кээ бир аяттарыбызды ага көрсөтүү үчүн кулун түн ичинде (Меккедеги) Ыйык Мечиттен, тегерегин ыйык кылган эң алыскы мечитке (сажда жерине) алып барган өтө Улук. Ал шексиз Угуучу, Көрүүчү
Мустафа Сағдын котормосу

Улуу күчкө ээ Улуктардын Улугу Аллах, кыялдан тышкары күчүнүн далили болгон аяттарын көрсөтүү үчүн, бир түнү кулун/Мухаммедди, Ыйык мечит Кабанын жанындагы үйүнөн, тегерегин ыйык кылган Масжиди Аксага/Эң алыс сажда кылынган чекитке алып барды.Шексиз Аллах, баарын Угат жана Көрөт.
Аятта Масжид-и Акса деп айтылган сөздөгү маанисин “Эң Алыскы Сажда Жери / Эң Алыскы Мечит” деп албастан, чындап эле Масжиди Акса мечити же Масжиди Акса аймагы деп алган, Курандан тышкары булактардын таасири менен жазылган котормолор да бар.

Бул котормолор аятта кездешкен бул сөздү мааниси боюнча эмес, ысым катары алышкан. бирок бул абдан туура эмес ыкма. Арабча ‘AKSA’ сөзү алыс деген мааниде. Дал Рум сүрөсүнүн 3-аятында ‘EDNA’ сөзүнө кандайча “ЖАКЫН” мааниси берилсе, бул аятта сөз болуп жаткан аят сыяктуу ошол аймак жөнүндө айтылат. Бул сөз да ысым катары эмес, сөздүк мааниси боюнча бааланышы керек.

Бир аятта ошол эле аймак үчүн жакын деп туруп, башка аятта ошол аймактагы бир жер үчүн алыскы мечит деп айтылбай тургандыктан, демек аят Кудус жана Масжид-и Акса мечити турган аймак жөнүндө айтпайт.

Ушундай которулган котормолор өз ыкмалары жагынан да катага кол коюшат дегенди билдирет. Жакын аймакта алыскы мечит болбойт.

Демек, Исра сүрөсүнүн 1-аятында сүрөттөлгөн жер Масжидиакса (Кудус) эмес.

Исрага б.а. түнкү жүрүшкө чыгарылган Элчи, Кудуска алып барылбаган материалдык же руханий түрдө Курандын айтуусу боюнча эң алыскы сажда ордуна барып, ал жерде кээ бир кереметтерге күбө болгон. Нажм сүрөсүнүн 17 жана 18-аяттарында баяндалган да ушул.

Нажм сүрөсү 17 жана 18

مَا زَاغَ ٱلْبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ لَقَدْ رَأَىٰ مِنْ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلْكُبْرَىٰٓ

Көз тайган жок, чектен да ашкан жок.
Раббисинин улуу аяттарын көрдү.

Демек, Куранга каршы чыккан кээ бирөөлөр ырастагандай, Куранда бул жагынан эч качан карама-каршылык же тарыхый ката жок…

Кыскача тарыхый маалымат;

Куранда Масжид-и Акса сөзүнүн маанисин көрдүк. Анда азыр Кудуста турган Масжид-и Акса мечитинин тарыхы кандай? Жана кандай максатта бул жерде мечит курулуп, анын атына да Куранда айтылган бул сөз коюлган?

Бул суроонун жообу чындыгында атеисттик доомандардагы логиканы түшүнүшүбүзгө да жардам берет. Хижрий 90-жылдарда ( милодий 709-714 ) Мединада халифа болгон Абдулла бин Зубайрга каршы Омейя тектүү Абдулмалик бин Марван альтернатива катары өз халифалыгын жарыялаган. Өз жактоочулары ажылыкка барып, бул мувахид адамдын таасирине кабылбашы үчүн, жашаган Кудусунда мурда да муаллак ташы катары белгилүү болгон ташты да ичине камтыган көрктүү мечит курдурган. Атүгүл кол астындагы адамдарга ажылык үчүн Мекке менен Мединага барууга тыюу салып, толугу менен Масжид-и Акса деп атай ала турган бул аймактагы Куббат ас-Сахраны альтернативдүү Кабадай кылып жайгаштырган жана аны тегеренип тавап кылууга буйрук берген.
Башкача айтканда, Кудуста Масжиди Акса деген аталыштагы мечиттин курулушу Курандын өкүмүнө каршы бир түшүнүктүн альтернатива издөөсү болуп саналат. Ошондуктан Мухаммед пайгамбар дүйнөдөн кайткандан көп кийин курулган имараттан Куранда карама-каршылык табууга аракет кылуу башынан эле туура эмес…

Куранда айтылган сөз Масжид-и Акса, азыр ал жерде бар мечит эмес, мурунку түрүндө ошол аймакта болгон бир мечит катары да каралышы мүмкүн. Бул альтернативаны да көңүлдөн чыгара албайбыз. Анткени ыйлоо дубалына жакын бир жерде мурда да Масжид-и Акса мечити болгондугу тууралуу археологиялык маалыматтар да бар.

Бирок эки маанисинде тең, Куранда карама-каршылык же тарыхый ката жок экени абдан ачык.

Эң тууранын Аллах билет…