Куранда кездешкен ”Элчинин сөзү” туюнтмасы карама-каршылык эмес
Куранда ката издөөгө аракет кылгандардын ышкыбоздук демагогияларынын бири да Курандагы “элчинин сөзү” деген туюнтманын бурмаланышы. Тиешелүү аят төмөнкүдөй;
Эч шексиз ал (Куран) ардактуу бир элчинин так сөзү. [Аль-Хакка сүрөсү (69/40)]
Чындыгында, аяттын өзүнөн гана Куран бир “элчи” тарабынан жеткирилген сөз экен деген жыйынтык чыгат. Бирок аяттын уландысын карап көрөлү.
Ал бир акындын сөзү эмес. Кандай аз ишенесиңер? Бир көзү ачыктын да сөзү эмес. Кандай аз насаат алып ойлоносуңар. Ааламдардын Раббинен бир түшүрүлгөн нерсе. [Аль-Хакка сүрөсү (69, 41-42-43)]
Аяттын уландысы да изилденгенде Аллах басым жасаган маселенин мааниси ачыкка чыгат. 40,41 жана 42. Аяттарда Куранды адамдарга билдирген адам акын же көзү ачык эмес, ардактуу элчи экени жана Анын сөздөрү менен адамдарга жеткирилгени, 43. Аятта болсо ал сөздөрдүн булагы Аллах экени баяндалат. Башкача айтканда, аяттарды сөздөрү менен жеткирген адам элчи, акын же көзү ачык эмес. Сөздөрдүн булагы болсо Аллах.
Атеист достордун күнү-түнү колдонгон аргументтеринин мынчалык чирик негиздерге таянышы да, чындыгында, алар үчүн жаман абал. Чынында, мунун себеби мындай. Инжил менен Тооратка адамдардын көптөгөн кошумчалары киргизилген жана чет өлкөлөрдөгү атеисттер бул адам кошумчаларын аныктап, эки китепти тең абдан логикалуу түрдө сынай алышат. Бирок мусулман өлкөлөрүндөгү атеисттер Куранда сынай турган эч нерсе таба албагандыктан, бул “каалоолорун” аяттарды бурмалап же өзүнчө баалап аткарышат. Албетте, бул дооматтардын эч кандай күчү жок.