Мухаммед пайгамбар күч жана бийлик алуу үчүн согуш аяттарын жазган деген дооматка жооп
Пайгамбар, өз коомуна элчи экенин билдирип, аяттарды даават кыла баштаганда, коомдун алдыңкылары аны ”адашуу, жолдон чыгуу, акыл жетишсиздиги” ичинде көрүшкөн; ага ээрчигендерди да акылы төмөн деп айтышкан. Пайгамбарга ээрчүүдөн баш тартышкан жана себеп катары, ата-бабаларынан үйрөнгөн салттарга берилгендигин алга сүрүшкөн. Ата-бабаларынын дини аларга эмнени буюрган жана Мухаммед пайгамбар аларды эмнеден тыйган?
Мушрик системасында көп аял алуу мыйзамдуу болгон. Ал эми Мухаммед пайгамбар, никелерге чек коюп, бир аял алууну сунуштаган. Мушрик системасында кыз балдар тирүүлөй көмүлгөн. Ал эми Мухаммед пайгамбар, кыз балдарды көмүүгө тыюу салган. Мушриктердин кулдары болгон. Ал эми Мухаммед пайгамбар, исламды тандаган адам башкасы менен тең экенин, артыкчылык расага же тегине карата эмес, такыбалыкка карата экенин айткан. Жана мушриктердин колундагы кулдар, ээлерине акысын берип азат кылынышын даават кылган. Кул менен кожоюн исламда бирдей статуста экенин билдирген…
Албетте Мухаммед пайгамбар даават кылган дин, мушриктердин системасын астын-үстүн кылып жаткан. Ошондуктан пайгамбарга жана жанындагыларга материалдык жана моралдык кысым көрсөтүлө баштады. Ошондуктан ыймандуулар хижрат кылууга аргасыз болушту. Бирок чабуулдар уланды жана жандары менен мал-мүлктөрү коркунуч астында калып, каршы тарап согуш ачканда, коргонуу максатында согушуу акыйкат болду.
Өздөрүнө зулум кылынгандыгы үчүн, аларга каршы согуш ачылгандарга (ыймандууларга, согушууга) уруксат берилди. (Аль-Хаж сүрөсү, 39)
Атеисттер ырастагандай Мухаммед пайгамбар, күч жана бийлик алуу же исламды күч менен кабыл алдыруу үчүн согушкан эмес. Ою үчүн өзүнө көрсөтүлгөн кысымдарга каршы жанын жана малын коргоо үчүн согушууга аргасыз болгон. Мисалы, атеисттер көп күн тартибине алып чыккан Ат-Тооба сүрөсүнүн 5. аятында, келишимди бузуп ыймандууларды өлтүргөн мушриктерди, арам айлар чыкканда силер да өлтүрө аласыңар делет. Бирок аман тилешсе, аман бергиле жана бара турган жерине коопсуз өткөрүп койгула делет. Эгер Куранды Мухаммед пайгамбар жазган болсо, жаңы эле өзүнүн жана сахабалардын жанына, малына, намысына кол салган мушрик кечирим сураса, кечиргиле жана аны үйүнө чейин коопсуз жеткирип койгула дейт беле? Бул буйрук, напсиге оор тийип, козголоңго себеп болбос беле?
Мындан тышкары Ан-Ниса сүрөсүнүн 101 жана 102. аятында Аллах, согуш учурунда намазды жарымына түшүргүлө, кезек менен окугула дейт. Максаты күч алуу болгон адам эгер Куранды өзү жазган болсо, согуш учурунда намазды кийинкиге калтырган аят билдирбес беле? Эмне үчүн өзүнүн жана жанындагы ыймандуулардын жанын коркунучка салсын?