Жетекчиге кайтуу
AZTRENDEFRESNLRUITSQBSROKYDA

Бир мусулман канча адамга тете? Аль-Анфал сүрөсүнүн 65 жана 66-аяттарындагы карама-каршылык дооматына жооп

Аль-Анфал сүрөсүндөгү эки башка аятта сабыр кылган адамдар каапырлардын ар түрдүү сандагы адамдарын жеңе алары айтылууда. Эки аятта ар башка үлүштөр айтылганынан улам бул эки аяттын ортосунда карама-каршылык бар деп ырасталууда. Бирок аяттар кунт коюп окулса, эки аяттын ортосундагы кээ бир айырмачылыктан улам бул ар башка үлүштөр айтылганы түшүнүктүү болот. Бул маселедеги дооматтарга далил катары колдонулган эки аят мындай:

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ حَرِّضِ ٱلْمُؤْمِنِينَ عَلَى ٱلْقِتَالِ إِن يَكُن مِّنكُمْ عِشْرُونَ صَٰبِرُونَ يَغْلِبُوا۟ مِا۟ئَتَيْنِ وَإِن يَكُن مِّنكُم مِّا۟ئَةٌ يَغْلِبُوٓا۟ أَلْفًا مِّنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَفْقَهُونَ

Эй, Пайгамбар, ыймандууларды согушка каршы даярдап-шыктандыр. Эгер араңарда сабыр кылган жыйырма (адам) болсо, эки жүз (адамды) жеңе алышат. Жана эгер араңардан жүз (сабырдуу адам) болсо, каапырлардан миңин жеңет. Анткени алар (чындыкты) түшүнбөгөн коом. (8 Аль-Анфал сүрөсү – 65)

ٱلْـَٰٔنَ خَفَّفَ ٱللَّهُ عَنكُمْ وَعَلِمَ أَنَّ فِيكُمْ ضَعْفًا فَإِن يَكُن مِّنكُم مِّا۟ئَةٌ صَابِرَةٌ يَغْلِبُوا۟ مِا۟ئَتَيْنِ وَإِن يَكُن مِّنكُمْ أَلْفٌ يَغْلِبُوٓا۟ أَلْفَيْنِ بِإِذْنِ ٱللَّهِ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ

Эми Аллах силерден (жүгүңөрдү) жеңилдетти жана силерде алсыздык бар экенин билди. Силерден жүз сабырдуу (адам) болсо, (алардын) эки жүзүн талкалайт; эгер силерден миң (адам) болсо, Аллахтын уруксаты менен (алардын) эки миңин жеңет. Аллах сабыр кылгандар менен бирге. (8 Аль-Анфал сүрөсү – 66)

Эки аят кунт коюп окулганда эки башка абал жөнүндө айтылганы түшүнүктүү болот. 65.аятта бир мусулман адам четке кагуучу 10 адамга тете экени билдирилет. Бул адамдар алсыздыгы жок болгон учурда бул үлүш күчүндө. Бул ошол эле учурда бекем ишенимдин жеңишке тийгизген таасиринин көрүнүшү. Бирок 66. аятта болсо алсыздык абалындагылар үчүн башка абал билдирилет. Алсыздык абалындагы жүз адам эки жүз адамды жеңери билдирилет. Эки аяттын ортосунда карама-каршылык же бири экинчисинин өкүмүн жокко чыгарышы деген нерсе болушу мүмкүн эмес. Алсыздык жок болгон учурда 65. аяттагы өкүмдөр күчүндө болсо, алсыздык учурунда 66. аяттагы өкүмдөр күчүндө.
Бул жерде көңүл бура турган дагы бир жагдай, 66. аятта айтылган “билди” деген сөз түркчөдө колдонулгандай убакыт өтүп үйрөнүп билди деген мааниде эмес. Аллах үчүн мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Аллах биринчи учурдан тартып баарын билет, кандайдыр бир процесстин натыйжасында үйрөнбөйт. Аллах адамдар биринчи жаратылган учурда эле баарын билген. Биринчи аятта кадимки учурда алсыздыгы жоктордун абалын түшүндүрүп жатып, кийин алсыздыкка кабылуу абалын билгендиктен, алар үчүн да өзүнчө үлүш билдирген.