Баланы эмчектен чыгаруу отуз айбы же эки жылбы?
Ахкаф сүрөсүнүн 15-аятында адамдын эне курсагында көтөрүлүшү жана эмчектен чыгарылышы мөөнөтү бардыгы болуп отуз ай экени белгиленсе , Локман сүрөсүнүн 14-аятында болсо эмчектен ажыратуу мөөнөтү эки жылдын ичинде экени айтылат. Адегенде аяттарды жазалы……
Биз адамга, энесине жана атасына жакшылык кылууну насаат кылдык. Энеси аны кыйынчылык менен көтөрөт, кыйынчылык менен төрөйт. Эне курсагында көтөрүлүшү менен эмчектен чыгарылышы отуз айга созулат… (Ахкаф сүрөсү, 15)
Биз адамга ата-энесин насаат кылдык. Энеси аны чоң кыйынчылык менен көтөрөт. Эмчектен чыгарылышы эки AMEYN ( жыл ) ичинде болот. Мага жана ата-энеңе ыраазычылык билдиришиң керек. Кайтуу Мага. (Локман сүрөсү, 14)
Локман 14кө ылайык эмчектен чыгарылышы эки жылдын ичинде делгенине карабастан, Куранга каршылар муну эки толук жылдай бурмалап эсептеп, андан кийин эки жыл ( 24 ай) эмчектен чыгаруу мөөнөтү бар экен, эне курсагында өткөн мөөнөт менен муну кошсок 24 + 9 = 33 ай болушу керек. Бул Ахкаф 15те кездешкен эмчектен чыгаруу мөөнөтү болгон 30 айдан башка мөөнөт, демек Куранда карама-каршылык бар деп доомат айтып чыгышууда.
Анда бул дооматтарында алар акыйкатпы?… Албетте жок. Аллах вахий кылган текстте карама-каршылык болбосу ачык. Жасалган эсептин туура эмес экени мурунтан эле абдан ачык. Локман сүрөсүндө кездешкен ‘эки жылдын ичинде’ деген сөздү эки толук жыл деп алгандыктан эсеп таптакыр туура эмес болуп жатат…Чынында Куранда башка бир аят менен бул маалыматтарды бир убакта ойлогонубузда абдан кызыктуу Куран керемети менен туш болобуз.
Куранга каршылар Куранда карама-каршылык табууга аракет кылып жатып, бизге кереметтүү куран аяттарын табууга жана түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканынан кабары жок албетте..
Сөз болуп жаткан аят Бакара 233….мындай.
Энелер балдарын – эмизүүнү толуктагысы келгендер үчүн – толук эки HAVL (мезгил – жыл эмес) эмизишет. Энелердин тамак-ашын жана кийимин салтка ылайык даярдоо баланын атасына тиешелүү. Эч бир жан жаратылыш мүмкүнчүлүгүнөн тышкары нерсеге милдеттендирилбейт. Эне баласы үчүн, баланын атасы да өз баласы үчүн зыянга учуратылбасын. Мураскор үчүн да ушул эле принцип колдонулат. Эгер ата-эне өз ара макулдашуу жана кеңешүү натыйжасында баланы эмчектен чыгаргысы келсе, аларга күнөө жок. Балдарыңарды эмчек энеге эмизткиңер келсе, салтка ылайык белгилеген акыңарды жакшылап төлөө шарты менен, муну кылганыңарда күнөө жок. Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах кылып жаткан иштериңерди эң жакшы көрүп турат.
Бакара 233тө havl (мезгил) кездешсе, Локман 14 дө кездешкен, бирок бардык котормолордо ЖЫЛ деп которулганда көңүл бурулбаган бир абал пайда болууда.HAVL сөзү түрк тилинде мезгил дегенди билдирет. Жашылчалар үчүн мезгил, жашылчанын себилишинен түшүм бергенге чейин өткөн убакыт. Дарактар үчүн мезгил, гүл бергенинен мөмөсү бышканга чейин өткөн убакыт. Ай үчүн мезгил толгон айдан кийинки толгон айга чейин өткөн убакыт. Күн үчүн мезгил, жылдын эң узун күнүнөн кийинки жылдын эң узун күнүнө чейин өткөн убакыт башкача айтканда бир жыл… Адам үчүн мезгил (HAVL) аялдын кош бойлуу болгонунан төрөгөнгө чейин өткөн убакыт. Бул Күн календары боюнча орточо 9 ай 10 күн, ай календары боюнча 10 ай.
Эки havl = 10×2 = 20 ай (ай календары боюнча ай) = эмизүү мөөнөтү
Буга 10 ай (ай календары боюнча ай) болгон кош бойлуулук мөөнөтүн кошсок 30 ай болот.
Көңүл бурсаңар бакара 233тө “энелер балдарын ЭКИ ТОЛУК HAVL/ЭКИ МЕЗГИЛ эмизишет” десе, Локман 14тө “эмчектен чыгарылышы эки жылдын ичинде болот” дейт.
Атеист топторунда анда-санда кездешкен бул доомат да башкалары сыяктуу негизсиз жана ак ниеттен куру, жана Куран изилдөөчүлөрүнүн текстте Аллахтын жаратуу өнөрүн жана улуу акылын ачыгыраак көрүшүнө себеп болуу сыяктуу пайдалуу натыйжага алып келүүдөн башка таасири жок.