Тарик сүрөсүндө сөз болгон урукпу, адамбы?
Бул дооматка ылайык Тарик сүрөсүнүн 7-аятындагы сөздө уруктун кабырга менен бел омурткасынын ортосунан чыкканы, бирок бул илимге карама-каршы келери айтылат. Анткени илимий жактан уруктун тестистерде өндүрүлөрү белгилүү. Адегенде бул темага байланыштуу аяттарды карап, андан кийин аны талкуулайлы. Тарик сүрөсүндөгү аяттар мындай:
Адам бир карасын, кандай нерседен жаратылды. Төгүлүп атылган суудан жаратылды. Бел омурткасы менен кабыргалардын ортосунан чыгат. Шексиз (Аллах), аны кайра-кайтарууга күчү жетүүчү. (Тарик сүрөсү, 5-8)
5-аятта Аллах адамдын эмнеден жаратылганын сурайт. 6-аятта болсо анын төгүлүп атылган уруктан жаратылганын айтат. 7-аятта болсо анын бел омурткасы менен кабырганын ортосунан чыкканы билдирилет. 7-аятта чыккан нерсе урук деп айткандар болсо да, бул жерде айтылган нерсе адамдын чыгышы. Башкача айтканда бел омурткасы менен кабырганын ортосунда сүрөттөлгөн жер — баланын эне курсагында пайда болгон жери. Кийинки аятта “ал” ат атоочу адамга таандык экени ачык. Эгер 8-аятка кылдат каралса, “аны кайра кайтарууга күчү жетүүчү” деген сөз менен адамдын кайра өлгөндөн кийин жаратылары тууралуу сөз болгону көрүнөт. Башкача айтканда бул жердеги “ал” сөзү адам. 7-аятта да “чыккан” деп айтылганы адам экени түшүндүрүлгөн болот.
7-аяттагы сөздө чыккан нерсе урук деп ойлонулган жана ушундайча түшүндүрүүгө аракет кылынган.
Албетте бул да бүгүнкү илимий чындыктарга карама-каршы келгендей көрүнөт. Чынында аяттын келиши жана кетиши кылдат окулганда бул жерде кабырга жана бел омурткасы төмөн карай ортосунан чыккан нерсе адам экени түшүнүлөт. (Бул жерде сүрөттөлгөн аймакты жогорудан төмөн карай түшүлүшү керек. Кабырга турган жер менен бел омурткасы турган аймак ойлонулганда, сүрөттөлгөн жер бул экөөнүн ортосунда калган жогорудан төмөн карай ашказан жана курсак көңдөйү турган аймак болот) башкача айтканда эне курсагында бала пайда болгон аймак. Демек бул аяттын илимге карама-каршы келиши сөз болушу мүмкүн эмес.
Биздин көз карашыбыз жогоркудай. Бирок айрым муфассирлер, мисалы Куртуби Тарик сүрөсү 7-аяттагы “чыгат” этишиндеги жашыруун ат атооч сууга ишарат кыларын; бирок ат атоочтун адамга да ишарат кылышы мүмкүн экенин айтат. Тиешелүү текст мындай: فالضمير في {يخرج} للماء. ومن جعله من بين صلب الرجل وترائب المرأة، فالضمير للإنسان. “Yahrucu” дагы ат атооч суу үчүн. Ким аны эркектин сулбунан жана аялдын кабыргаларынан деп эсептесе, анда ат атооч адам үчүн.
Мындан тышкары аяттан “уруктун” чыгышын түшүнгөндөрдүн бир пикирин да келтирип, силер окурмандарыбыз менен бөлүшкүбүз келет: “Урук биз билгендей тестистерде пайда болот. Тестистер болсо Mesonephros’тон өнүгөт. Mesonephros’тор эне курсагында турганда баланын оң жана сол тарабында бел омурткасы менен кабырга сөөктөрүнүн ортосунда жайгашат. Бала төрөлөрдөн мурун Mesonephros’тор тестистерге айланып, ингвиналдык канал деп аталган канал аркылуу тестис баштыкчасына түшөт. Атүгүл сейрек учурларда айрым балдар тестистери төмөн түшпөй төрөлүшү мүмкүн. Кыскача айтканда, урукту өндүрүүчү тестистер, алгачкы баскычта бел омурткасы менен кабырганын ортосунда пайда болот, кийин төмөн түшөт.”