Нух топону жергиликтүү кырсык беле?
Нух топонунун болгонун четке кагуучулар бул дооматтарына далил катары дүйнө жүзүн каптаган топондун болушу мүмкүн эмес экенин айтышат. Мындан тышкары, мындай топон болгон эмес деген дооматты да четке кагууларына негиз болсун деген максатта алга сүрүшөт.
Чынында, Аллах түшүргөн жана бурмаланбаган жалгыз ыйык китеп болгон Куран Каримде Топон окуясы Тооратта жана ар кандай маданияттарда айтылган Топон уламыштарынан таптакыр башкача баяндалат. Байыркы Келишимдин алгачкы беш китебин түзгөн Бурмаланган Тоорат бул топон жалпы дүйнөлүк болгонун жана бүт дүйнөнү камтыганын айтат. Чынында Куранда мындай маалымат берилбейт, тескерисинче, тиешелүү аяттардан Топон аймактык болгону жана бүт дүйнө эмес, Нух пайгамбар тарабынан эскертилип-коркутулган Нух коому жазаланганы түшүнүлөт.
Тоораттын жана Курандын Топон баяндарына караганда бул айырманы оңой эле көрүүгө болот. Тарых ичинде ар кандай бурмалоолорго жана кошумчаларга дуушар болгон Тоорат Топондун башталышын мындайча түшүндүрөт:
Жана Теңир көрдү, жер жүзүндө адамдын жамандыгы көп экен, жана күн сайын жүрөгүнүн ойлору жана самоолору жаман гана экен. Жана Теңир жер жүзүндө адамды жасаганына өкүндү, жана жүрөгүндө ачуу сезди. Жана Теңир айтты: Мен жараткан адамды, жана жаныбарларды, сойлоочуларды жана асмандын канаттууларын жердин бетинен өчүрөм; анткени аларды жасаганыма өкүндүм. Бирок Нух Теңирдин көз алдында ырайым тапты. (Башталыш, 6:5-8)
Чынында Куранда бүт дүйнө эмес, Нух коому гана кыйратылганы билдирилет. Так Ад коомуна жиберилген Худ пайгамбар (Худ сүрөсү, 50) же Самуд коомуна жиберилген Салих пайгамбар (Худ сүрөсү, 61) жана башка пайгамбарлар сыяктуу, Нух пайгамбар да өз коомуна гана жиберилген жана Топон да Нухтун коомун жок кылган:
Ант болсун, Биз Нухту Коомуна жибердик. (Аларга) ‘Мен силер үчүн ачык-айкын эскертип- коркутуучумун гана. Аллахтан башкага кулчулук кылбагыла. Мен силерге (келе турган) азаптуу күндүн азабынан коркомун’ деди. (Худ сүрөсү, 25-26)
Кыйратылгандар Нух пайгамбардын дааватын укпаган жана козголоңдо туруктуу болгон коом. Бул темадагы аяттар так баян менен түшүндүрүлгөн:
Аны жалганга чыгарышты. Биз да аны жана кемеде аны менен бирге болгондорду куткардык, аяттарыбызды жалган дегендерди сууга-чөктүрдүк. Анткени алар сокур коом эле. (Аль-Араф сүрөсү, 64)
Ошентип аны жана аны менен бирге болгондорду Өзүбүздөн болгон ырайым менен куткардык. Аяттарыбызды жалган деп ишенбегендердин болсо тамырын кургаттык. (Аль-Араф сүрөсү, 72)
Мындан тышкары Куранда Аллах, кайсы бир коомго элчи жиберилмейинче, ал коом кыйратылбасын билдирет. Кыйратуу үчүн коомго эскертүүчү коркутуучу келген болушу жана бул эскертүүчү жалганга чыгарылган болушу керек. Аль-Касас сүрөсүндө Аллах мындай дейт:
Сенин Раббиң, ‘негизги конуш борборлоруна’ аларга аяттарыбызды окуган элчи жибермейинче шаарларды кыйратуучу эмес. Жана Биз, эли зулум кылган шаарлардан башкасын да кыйратуучу эмеспиз. (Аль-Касас сүрөсү, 59)
Өзүнө эскертүүчү жиберилбеген коом кыйратылбасы Куранда билдирилет. Эскертүүчү болгон Нух пайгамбар болсо өз коомуна гана жиберилген. Ушул себептен Аллах, эскертүүчү жиберилбеген коомдорду эмес, Нух пайгамбардын Коомун гана кыйраткан.
Куранда айтылган бул сөздөрдөн Нух топону бүт дүйнөнү каптаган эмес, аймактык кырсык болгону түшүнүлөт. Мындан тышкары Топон болгон деп эсептелген археологиялык аймакта жүргүзүлгөн -жана бир аздан кийин карай турган- казуулар да Топон бүт дүйнөнү каптаган жалпы окуя эмес, Месопотамиянын бир бөлүгүн камтыган абдан кенен кырсык болгонун көрсөтөт.
Куран Каримде топондон кийин кеме “Cudi”ге отурганы билдирилет. Берекелүү, түшүмдүү жер деген маанини берген бул сөз топонду изилдөөчүлөр үчүн абдан маанилүү, анткени топон аймактык болгонуна да, кеме токтогон жер Агры тоосу сыяктуу абдан бийик тоо эмес экенине да ишарат кылат. Cudi топондон кийин жашоого боло турган, дыйканчылыкка ылайыктуу, суу алаптары бар жана бардык конуш шарттарын камтыган жер болушу керек.
Кемеге бардык жаныбарлар алындыбы?
Ыйык Китепти чечмелөөчүлөр Нух пайгамбар жер жүзүндөгү бардык жаныбар түрлөрүн кемеге алганына жана жаныбарлардын тукуму Нух пайгамбардын аркасында жок болуудан кутулганына ишенишет. Бул ишеним боюнча жер жүзүндөгү бардык жаныбарлар чогултулуп, кемеге жайгаштырылган.
Бул дооматты коргогондор албетте көп жагынан абдан кыйын абалга түшүшөт. Кемеге алынган жаныбар түрлөрү кантип тамактанганы, кемеде кантип тизилгени, бири-биринен кантип бөлүнгөнү сыяктуу суроолорго жооп берүү албетте мүмкүн эмес. Андан тышкары, ар башка материктерге мүнөздүү жаныбарлар кантип чогултулганы да кызыктырат; уюлдардагы сүт эмүүчүлөр, Австралиядагы кенгурулар же Америкага мүнөздүү бизондор сыяктуу. Мындан тышкары адам үчүн өтө коркунучтуу болгон жылан, чаян сыяктуу уулуулар жана жапайы жаныбарлар кантип кармалганы, Топонго чейин булар өздөрүнүн табигый чөйрөсүнөн тышкары кантип жашатылганы сыяктуу суроолор да бири-бирин ээрчип жатат.
Бирок булар бурмаланган Тооратта орун алган жана түшүндүрүп бере алынбаган баяндар. Куранда болсо жер жүзүндөгү бардык жаныбар түрлөрү кемеге алынганы тууралуу түшүндүрмө жок. Мурда белгилегенибиздей Топон белгилүү бир аймакта болгон. Ошондуктан кемеге алынган жаныбарлар Нух коому турган аймакта жашагандар болушу керек.
Бирок ошол аймакта гана жашаган бардык жаныбар түрлөрүн да бир жерге чогултуу мүмкүн эмес экени ачык. Нух пайгамбар жана абдан аз болгону белгиленген ыймандуулар (Худ сүрөсү, 40) айланасындагы жүздөгөн жаныбар түрлөрүнөн жуптарды чогултканын ойлоо да кыйын. Алар жашаган аймактагы жаныбарлардан курт-кумурска түрлөрүн гана чогултуу да мүмкүн эмес; анын үстүнө эркек-ургаачысын ажыратып туруп! Ошондуктан чогултулган жаныбарлар оңой кармалып, карала турган жана өзгөчө адамдарга пайда келтире турган үй жаныбарлары болгон деп ойлоого болот. Буга ылайык Нух пайгамбар кыязы, уй, кой, ат, тоок, короз, төө жана ушул сыяктуу жаныбарларды кемеге алган болушу мүмкүн. Анткени Топон себебинен жандуулугун көп жагынан жоготкон аймакта жаңыдан курула турган жашоо үчүн керектүү негизги жаныбарлар ушулар.
Бул жерде маанилүү жагдай мындай: Аллах Нух пайгамбарга берген жаныбарларды чогултуу буйругундагы даанышмандыктардын бири, жаныбарлардын тукумун сактоодон көрө, Топондон кийин курула турган жаңы жашоого керектүү жаныбарларды чогултуу болушу мүмкүн. Анткени Топон жергиликтүү болгондуктан жаныбарлардын тукуму түгөнүшү сөз болушу мүмкүн эмес. Баары бир Топондон кийин убакыт өтүшү менен башка аймактардан жаныбарлар бул аймакка көчүп келип, аймакты мурдагы жандуулугуна келтиришет. Маанилүүсү Топондон кийин дароо аймакта курула турган жашоо жана чогултулган жаныбарлар негизинен ушул максатта чогултулган болушу керек.
Суулар канчалык көтөрүлдү?
Топон жөнүндөгү дагы бир талаш суулар тоолорду каптагандай көтөрүлдүбү же жокпу деген маселеде. Белгилүү болгондой Куранда кеме Топондон кийин “Cudi”ге отурганы билдирилет. “Cudi” сөзү кээде өзгөчө тоо аты катары алынат, чынында сөз араб тилинде “бийигирээк жер-дөбө” деген маанини берет. Демек Куранда “Cudi” өзгөчө тоо аты катары эмес, кеме бийигирээк жерге отурганын айтуу үчүн гана колдонулган болушу мүмкүн экенин көз жаздымда калтырбоо керек. Мындан тышкары cudi сөзүнүн бул маанисинен суулар белгилүү бир бийиктикке жеткени, бирок ошентсе да чоң тоолордун деңгээлине чейин көтөрүлбөгөнү да чыгарылышы мүмкүн. Башкача айтканда Топон Тооратта баяндалгандай бүт жер жүзүн жана жер жүзүндөгү бардык тоолорду жутпаган, белгилүү бир аймакты гана каптаган болушу керек.
CUDI СӨЗҮ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ
Айтылды: ‘Эй жер, сууңду жут жана эй асман, сен да токто.’ Суу тартылды, иш бүттү, (кеме да) Cudi үстүндө токтоду жана зулумдар коомуна да: ‘Алыс болсун’ деп айтылды. (Худ сүрөсү, 44)
Салттуу Куран тафсирчилери “Cudi” сөзү тоо аты болушу мүмкүн экенине токтолуп, Cudi деген тоону издешкен. Ушундан улам, Хижазда, Палестинада жана Түндүк Месопотамияда болушу мүмкүн экенин айтышкан. Көбүнчө жакынкы тарых тафсирчилери болсо бул сөз өзгөчө ат эмес экенин “кайсы бир тоо” деген маанидеги жалпы ат болушу мүмкүн деп ойлошкон.
Кеме отурган жерге ишарат кылган “Cudi” сөзү эгер өзгөчө ат эмес, сыпат деп кабыл алынса “берекелүү түшүмдүү жер” деген маанини берет. Сөздүн жер атынан көрө ушул мааниси менен түшүнүлүшү Курандагы баянга көбүрөөк ылайык, Нух пайгамбар (а.с.) кемеси отурушун каалаган жер жөнүндө мындай дуба кылат: “Жана айт: “Раббим, мени куттуу (берекелүү) конокко түшүр, сен конок кылуучулардын эң жакшысысың.” (Аль-Муминун сүрөсү 29)
Нух пайгамбар (а.с.) дубасында берекелүү жана куттуу жерге түшүүнү каалаган жана анын дубасын кабыл алган Аллах да аны Cudi’ге –башкача айтканда берекелүү жерге- түшүргөн. (Худ сүрөсү, 44)
Cudi сөзүнүн сөздүк мааниси CVD уңгусу “берекелүү, түшүмдүү, жакшы жер” маанисин берет. Cudi болсо CUD уңгусунан нисба сыпаты болот. Анда “берекелүү түшүмдүү, жакшы жер” мааниси бекемделет да, аяттагы “munzelen mübareken” дубасы менен бириктирилет. Эки аят бири-бирин толуктайт. Башкача айтканда Нух пайгамбардын (а.с.) кемеси топондон кийин дыйканчылык кылып, малдарын бага ала турган, берекелүү жана түшүмдүү жерге түшүрүлгөн. Бул эки аят бирге каралганда Cudi сөзү жер же тоонун өзгөчө аты эмес, нисба сыпаты экени түшүнүлөт.
Мындан кеме кургактыкка отурган жер Месопотамия түздүгүнүн түштүк бөлүгүндөгү ички түздүктө кайсы бир бийиктик болушу мүмкүн экени түшүнүлөт.
“Cudi” өзгөчө аты менен аталган тоолор жана бийиктиктер ондоп Месопотамияда, Иранда, Түркияда жана дагы көп жерлерде бар. Cudi аты менен тоо издегенден көрө “CVD” уңгусунан келип чыккан түрү менен, башкача айтканда “берекелүү, түшүмдүү жер, жакшы жер болгон бийиктик” издөө Курандагы жалпы баянга көбүрөөк ылайык.
Нух топонунун жери
Нух топону болгон жер катары Месопотамия түздүгү көрсөтүлөт. Бул аймакта тарыхта белгилүү эң байыркы жана эң өнүккөн цивилизациялар курулган. Мындан тышкары бул аймак Тигр жана Евфрат дарыяларынын ортосунда жайгашкандыктан, географиялык жактан чоң суу каптоого ылайыктуу негиз түзөт. Топондун таасирин күчөткөн себептердин бири, чоң ыктымал менен, бул эки дарыянын нугунан ташып, аймакты каптаганы.
Бул аймак Топон болгон жер катары кабыл алынышынын экинчи себеби тарыхый. Аймактагы көптөгөн цивилизациялардын жазууларында, бир эле мезгилде болгон Топонду баяндаган көп сандаган документтер табылган. Нух коомунун кыйратылышына күбө болгон бул цивилизациялар бул кырсыктын болуу түрүн жана натыйжаларын тарыхый жазууларга түшүрүү муктаждыгын сезген болушу керек. Топонду баяндаган уламыштардын көпчүлүгү Месопотамиядан чыкканы да белгилүү. Эң маанилүүсү археологиялык табылгалар. Булар бул аймакта чындап эле чоң суу каптоо болгонун көрсөтөт. Бул суу каптоо, кеңири карай тургандай, аймактагы цивилизациянын бир мезгилге токтоп калышына себеп болгон. Жүргүзүлгөн казууларда мындай чоң кырсыктын ачык издери жер астынан чыгарылган.
Месопотамия аймагында жүргүзүлгөн казуулардан түшүнүлгөнү боюнча, бул аймак тарых ичинде көп жолу селдер жана Тигр, Евфрат дарыяларынын ташышынан болгон кырсыктар менен бетме-бет келген. Мисалы, б.з.ч. 2000-жылдардын тегерегинде Месопотамиянын так түштүк бөлүгүндө жайгашкан чоң Ур шаарынын башкаруучусу болгон Иббистин убагындагы бир жыл “асман менен жердин ортосундагы чектерди жок кылган Топондон кийин”1 деп сыпатталат. Б.з.ч. 1700-жылдары бабылдык Хаммурапинин убагында бир жыл да “Эшнунна шаарынын сел менен кыйратылышы” окуясы менен сыпатталат.
Б.з.ч. 10-кылымда башкаруучу Набумукинапалдын убагында Бабыл шаарында суу каптоо болгон.2 Биздин замандын 7., 8., 10., 11. жана 12. кылымдарында да аймакта олуттуу суу каптоолор болгон. 20-кылымда 1925, 1930 жана 1954-жылдары да бул болгон.3 Түшүнүктүү болгону, аймак ар дайым сел кырсыгына ачык жана Куранда белгиленгендей чоң масштабдагы сел бүтүндөй коомду жок кылышы ачык эле мүмкүн.
НУХ (А.С.) КАЙДА ЖАШАГАН
Нух: “Раббим, чындыгында алар мага козголоң чыгарышты; малы жана балдары өзүнө зыяндан башка эч нерсени арттырбаган кишилерди ээрчишти. Жана чоң-чоң айлакер-амалдарды курушту. “Жана айтышты: Өз кудайларыңарды таштабагыла; таштабагыла Ваддды да, Суваны да, Ягусту да, Яукту да жана Насрды да. Ошентип алар, көп кишини адаштырып-азгырышты. Сен да ошол зулумдарга адашуудан башкасын арттырба.” (Нух сүрөсү, 21-24)
Вадд, Сува, Ягус, Яук жана Наср аттары месопотамиялык коомдордун жасалма кудайларын билдирип турганы жана бул аттар күндү, айды жана жылдыздарды символдоштуруп турганы түшүнүлгөндөн кийин Нух пайгамбар (а.с.) Месопотамияда жашаганы жана топон да ушул жерде болгону түшүнүлгөн. (Maria Höfner, “Die vorislamische Religionen Arabiens” Die Religionen Altsyriens, Altarabiens und der Mandaer, von Hartmut Gese, Maria Höfner, Kurt Rudolph, Stuttgart 1970)
Жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында да топон Месопотамияда болгону түшүнүлгөндө, жогоруда аттары аталган буттар жана аларга сыйынган бутпарас топтор да ушул жерде жашаганы такталды. Нух пайгамбар (а.с.) да бул бутпарас топторго эскертүүчү катары келгенде өмүрүнүн чоң бөлүгүн бул аймакта өткөргөнү жана топон да ушул жерде болгону түшүнүлөт.
Топондун археологиялык далилдери
Куранда кыйратылганы кабарланган коомдордун көбүнүн издери бүгүнкү күндө кездешиши абдан көңүл бурарлык. Археологиялык маалыматтардан түшүнүлөт, коомдун жок болушу канчалык күтүүсүз болсо, ага таандык табылга алуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук көп болот.
Цивилизация күтүүсүздөн жок болгон учурда -бул табигый кырсык, күтүүсүз көчүү же согуштун натыйжасында болушу мүмкүн- бул цивилизацияга таандык издер кыйла жакшы сакталат. Адамдар ичинде жашаган үйлөр жана күнүмдүк жашоодо колдонгон буюмдар, кыска убакыттын ичинде жер астына көмүлөт. Ошентип булар, бир топ убакыт адам колу тийбей сакталат жана күн жарыгына чыгарылышы менен өткөндөгү жашоо жөнүндө маанилүү белгилерди берет.
Мына Нух топонуна байланыштуу көп далилдердин бүгүнкү күндө табылышы ушунун аркасында болду. Б.з.ч. 3000-жылдардын тегерегинде болгон деп эсептелген Топон, бүтүндөй цивилизацияны бир заматта жок кылып, анын ордуна таптакыр жаңы цивилизация курулушуна шарт түзгөн. Ошентип Топондун ачык далилдери, биз сабак алышыбыз үчүн миңдеген жылдар бою сакталган.
Месопотамия түздүгүн каптаган Топонду изилдөө үчүн жүргүзүлгөн көп казуулар бар. Аймакта жүргүзүлгөн казууларда негизинен төрт шаарда чоң топондун натыйжасында болушу мүмкүн болгон сел кырсыгынын издери кездешкен. Бул шаарлар Месопотамия түздүгүнүн маанилүү шаарлары Ур, Урук, Киш жана Шуруппак. Бул шаарларда жүргүзүлгөн казуулар, алардын баары б.з.ч. 3000-жылдардын тегерегинде селге дуушар болгонун көрсөтөт. Алгач Ур шаарында жүргүзүлгөн казууларды карайлы.
Бүгүнкү күндө Тель-Эль Мухайер деп аталган Ур шаарында жүргүзүлгөн казууларда табылган цивилизация калдыктарынын эң байыркысы б.з.ч. 7000-жылдарга чейин барат. Адамдар биринчи цивилизация курган жерлердин бири болгон Ур шаары, тарых бою көп цивилизациялар биринин артынан бири келип-кеткен конуш болгон.
Ур шаарында жүргүзүлгөн казууларда табылган археологиялык табылгалар, бул жердеги цивилизация абдан чоң сел кырсыгынын аягында үзгүлтүккө учураганын, кийин убакыт өтүшү менен кайрадан жаңы цивилизациялар пайда боло баштаганын көрсөтөт. Бул аймакта биринчи казууну жүргүзгөн киши Британ музейинен Р. Х. Холл. Холлдон кийин казууну жүргүзүү милдетин колго алган Леонард Вулли, Британ музейи жана Пенсильвания университети тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн казуу ишине да жетекчилик кылган. Вулли жүргүзгөн жана дүйнө жүзү боюнча чоң дүрбөлөң жараткан казуу иштери 1922-жылдан 1934-жылга чейин уланган.
Сэр Вуллинин казуулары Багдад менен Басра булуңунун ортосундагы чөлдүн ортосунда болду. Ур шаарынын алгачкы негиздөөчүлөрү, Түндүк Месопотамиядан келген жана өздөрүн “Убайдиен” деп атаган эл болчу. Бул эл жөнүндө маалымат алуу үчүн кылдат казуулар башталды. Reader’s Digest журналында Вуллинин казуулары мындайча баяндалат:
Казуу жүргүзүлгөн аймакта, тереңдеген сайын абдан маанилүү табылга чыгарылган эле; бул Ур шаарынын падышалар көрүстөнү болчу. Изилдөөчүлөр шумер падышалары жана ак сөөктөр көмүлгөн бул көрүстөндө көп уламыштуу көркөм чыгармаларга кездешишти. Туулгалар, кылычтар, музыкалык аспаптар, алтындан жана кымбат таштардан жасалган көркөм чыгармалар. Булардан кыйла маанилүү болгон башка нерселер да бар эле; чопо таблеткаларга таң каларлык чеберчилик жана шыктуулук менен, жогорку техника менен пресстелген тарыхый жазуулар.
Изилдөөчүлөр, Урда падышалар тизмелериндеги ошол эле аттарды камтыган жазууларды табышкан, ал тургай булардын арасында Урдун биринчи падышалык үй-бүлөсүн негиздеген кишинин атына кездешкен. Вулли, көрүстөн Урдун биринчи династиясынан мурда башталган деген жыйынтыкка келди. Ошондуктан, өтө өнүккөн цивилизация биринчи династиядан мурда эле болгон деген жыйынтыкка келди.
Далилди кылдат изилдегенден кийин Вулли казууну мындан тереңге, мүрзөлөрдүн астына карай улантууну чечти. Жумушчулар ылайга айланган кирпичтердин ичинен бир метрдей тереңге кирип, идиш-аяктарды чыгара башташты. “Жана анан күтүүсүздөн баары токтоду.” Вулли ушундай деп жазган. “Эми идиш да, чыны да, күл да жок болчу, суу алып келген таза ылай гана.”
Вулли казууну улантты, эки жарым метрдей таза чопо катмарынан өтүп, тереңге кирилди жана анан күтүүсүздөн жумушчулар, тарыхчылар акыркы Таш доорунун маданияты деп атаган бул доордун адамдары жасаган кумайрык таштан шаймандарга жана идиш-аяк сыныктарына кездешти. Ылай жакшылап тазаланганда астында калган цивилизация чыкты. Бул абал, аймакта чоң суу каптоо болгонун көрсөтүп турган. Мындан тышкары микроскоптук анализ, таза чоподон турган калың катмар, байыркы шумер цивилизациясын жок кылгыдай чоң топон тарабынан бул жерге үйүлгөнүн көрсөтүп турган. Гильгамеш дастаны менен Нухтун окуясы, Месопотамия чөлүндө казылган кудукта жалпы булакта биригип калган.
Мындан тышкары Макс Маллоуэн казууну жүргүзгөн Леонард Вуллинин ойлорун мындайча келтирген:
Вулли, бир эле мезгилде пайда болгон мындай чоң чопо массасы абдан чоң сел кырсыгынын натыйжасы гана болушу мүмкүн экенин белгилеп; шумер Ур шаарын Аль-Убайддын боёлгон идиш-аяк колдонгон эли негиздеген шаардан бөлүп турган сел катмарын, уламыштуу Топондун калдыктары катары сыпаттады.
Бул маалыматтар, Топон таасир эткен жерлердин бири Ур шаары болгонун көрсөтүп турган. Немис археологу Вернер Келлер да аталган казуунун маанилүүлүгүн мындайча билдирген: “Месопотамияда жүргүзүлгөн археологиялык казууларда ылайлуу катмардын астынан шаар калдыктарынын чыгышы бул жерде сел болгонун далилдеди.”